Facebook социалдык тармагынын иштебей жаткан сайты

Facebook эмнеден улам иштебей калышы мүмкүн. Эксперттин божомолу

323
(жаңыланган 10:46 05.10.2021)
Бир катар сервистердин иштебей калганы боюнча маалымат Москва убактысы боюнча 18.34тө пайда болгон. Негизинен АКШ, Улуу Британия, Канада, Германия, Италия, Франция жана башка өлкөлөрдөн мындай маанайдагы билдирүүлөр келип түшүүдө.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. SafeNet НТИ инжинирингдик борборунун эксперти Игорь Бедеров Facebook тармагынын дүйнө жүзү боюнча иштебей калышына домендер боюнча маалымат алып турган компьютердик бөлүштүрүүчү системанын бузулушу себеп болушу мүмкүн деди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Буга DNS (Domain Name System) иштебей калышы себеп болушу мүмкүн (ал — домендер боюнча маалымат алып турган компьютердик бөлүштүрүүчү система). Ал сайттын IP-адресинин ордуна пайдалануучулар тексттик шилтеменин дарегин киргизиш үчүн колдонулат. Учурда IP боюнча кирүү процесси иштеп жатканы менен, домендик аттар боюнча иштеген жок", — деген эксперт РИА Новостиге.

Ал буга окшогон сервистер иштен чыккан кандай гана учур болбосун компаниянын рыноктогу баасына жана кардарларга кызмат көрсөтүүдө таасирин тийгизерин айткан.

"Бирок компаниялар бул сапаркы өчүп калуулардан көп чыгым келет деп деле күтпөшү керек", — деп эсептерин билдирген.

Downdetector сайтынын маалыматтарына караганда, ар кыл өлкөлөрдөгү, анын ичинен Россиядагы Facebook, Instagram жана WhatsApp колдонуучулары сервистердин иштебей жатканын айтып арызданып жатышат. Биринчи маалымат Москва убактысы боюнча 18.34тө пайда болгон. Негизинен АКШ, Улуу Британия, андан сырткары Канада, Германия, Италия, Франция жана башка бир катар өлкөлөрдөн мындай маанайдагы билдирүүлөр келип түшүүдө.

Facebook 2004-жылы америкалык Марк Цукерберг тарабынан түзүлгөн. 2012-жылы компания миллиард долларга Instagram социалдык тармагын, көп өтпөй 16 миллиард долларга WhatsApp сервисин сатып алган.

323
Белгилер:
WhatsApp, Facebook, Instagram, комментарий
Тема боюнча
Facebook, Instagram, WhatsApp дүйнөнүн көп өлкөсүндө, Кыргызстанда да иштебей калды
Талибан кыймылдын өкүлү Забиулла Муджахид

Тажикстан Афганистандын жаңы бийлигин тааныбай турганын айтты

94
(жаңыланган 19:15 28.10.2021)
Афганистанга коңшу мамлекеттердин министрлеринин жыйынына Кытай, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Пакистан жана Ирандын тышкы иштер министрлери катышкан.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Тажикстан бийлиги Афганистандын жаңы өкмөтүн тааныгысы келбейт. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин Афганистанга коңшу мамлекеттердин министрлеринин Тегеран шаарындагы жыйынында айтты.

Министрге шилтеме берип Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, жаңы бийлик Кабулду күч менен басып алып, өз элинин жана этникалык топтордун пикирин эске албастан өкмөттү ээлеп алды.

"Этникалык тажиктер афган элинин 46 пайызын түзгөндүктөн өкмөттөн орун алышы керек болчу", — деди Мухриддин.

Афганистанга коңшу мамлекеттердин министрлеринин жыйынына Кытайдын, Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Пакистандын жана Ирандын тышкы иштер министрлери катышкан.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен афган элине биринчилерден болуп Кыргызстан кол сунду. Сентябрь айынын соңунда КРдин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга барып, "Талибан"* өкмөтүнүн ТИМ башчысы Амир Хан Муттаки менен жолуккан. Президенттин маалымат кызматы Масадыков башында турган кыргыз делегациясы Кыргызстан элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткиргенин кабарлаган.

Афган бийлиги менен Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жарыялаган.

Кийин G20 мамлекеттери кезектеги жыйынында кааласа да, каалабаса да талибдер менен иштешип, ал тургай гуманитардык жардам берүүгө мажбур экенин билдиришкен.

Ал эми 20-октябрда Россиянын борборуна талибдердин делегациясы барып, Афганистан боюнча сүйлөшүүлөр "Москва форматы" боюнча жүргүзүлдү. Иш-чарага 10 мамлекеттин делегаттары катышты.

* — Кыргызстан жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм

94
Белгилер:
Афганистан, Тажикстан, өкмөт, бийлик
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Москва талибдерден афган элине либералдуу мамиле күтөрүн айтты
Талибан* жардам алууну кааласа көмөк көрсөтүшү керек. Россиянын позициясы

Чыгыштын сулуулары Египеттеги кинофестивалдын кызыл килеминде. 15 сүрөт

175
  • Кинофестивалга келген ливандык ырчы Майя Диаб
  • Саудиялык белгилүү теле алып баруучу Лоджайн Омран кызыл килемде бут кийимин чечип жатат
  • Египеттик модель Хеба Эль-Сиси кинофестивалдын алкагында тасма көрсөтүү учурунда
  • Кызыл килемде сүрөткө түшүп жаткан египеттик модель Энджи Кеван
  • Тунистик теле жылдыз Ильхем Шейер фотосессия учурунда
  • Кинофестивалдын жылдыздары ЖМК өкүлдөрү менен маектешип жатышат
  • Египеттик актриса Нагля Бадр
  • Египеттик актриса, фестивалдын негиздөөчүсү жана башкы директор Бушра Розза кызыл килемде
  • Сириялык актриса Несрин Тафеш кызыл килемде сүрөткө түшүп жатат
  • Иорданиялык актриса, теле алып баруучу жана ырчы Маис Хамдан
  • Египеттик актриса Энджи Киван фильмдин каарманындай кийинип келген
  • Египеттик актриса Маяр Эль Гити жана анын сиңдиси Мэй
  • Фатма Нассер. Тунистик актриса
  • Саудиялык теле алып баруучу Лоджайн Омран
  • Тунистик актриса Дорра Заррук кинофестивалдын кызыл килеминде
Октябрдын орто ченинде Египеттин Эль-Гуна курорттук шаарында бешинчи кинофестиваль өттү. Иш-чара сегиз күнгө созулду.

Кинофестивалдын программасында 50дөн ашык тасма көрсөтүлдү. Маалыматка ылайык, "Титаникти көргүсү келбеген сокур адам" ("Слепой, который не хотел смотреть "Титаник") аттуу фин тасмасы жеңүүчү деп табылган. Анын авторлору баш байге "Алтын жылдызга" жана 50 миң доллар акчалай сыйлыкка ээ болушкан.

Омар Эль Зохайринин "Перьям" тасмасы эң мыкты араб фильми деп табылды.

175
  • Кинофестивалга келген ливандык ырчы Майя Диаб
    © AFP 2021 / Ammar Abd Rabbo / El Gouna Film Festival

    Кинофестивалга келген ливандык ырчы Майя Диаб

  • Саудиялык белгилүү теле алып баруучу Лоджайн Омран кызыл килемде бут кийимин чечип жатат
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Саудиялык белгилүү теле алып баруучу Лоджайн Омран кызыл килемде бут кийимин чечип жатат

  • Египеттик модель Хеба Эль-Сиси кинофестивалдын алкагында тасма көрсөтүү учурунда
    © AFP 2021 / Ammar Abd Rabbo / El Gouna Film Festival

    Египеттик модель Хеба Эль-Сиси кинофестивалдын алкагында тасма көрсөтүү учурунда

  • Кызыл килемде сүрөткө түшүп жаткан египеттик модель Энджи Кеван
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Кызыл килемде сүрөткө түшүп жаткан египеттик модель Энджи Кеван

  • Тунистик теле жылдыз Ильхем Шейер фотосессия учурунда
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Тунистик теле жылдыз Ильхем Шейер фотосессия учурунда

  • Кинофестивалдын жылдыздары ЖМК өкүлдөрү менен маектешип жатышат
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Кинофестивалдын жылдыздары ЖМК өкүлдөрү менен маектешип жатышат

  • Египеттик актриса Нагля Бадр
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Египеттик актриса Нагля Бадр

  • Египеттик актриса, фестивалдын негиздөөчүсү жана башкы директор Бушра Розза кызыл килемде
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Египеттик актриса, фестивалдын негиздөөчүсү жана башкы директор Бушра Розза кызыл килемде

  • Сириялык актриса Несрин Тафеш кызыл килемде сүрөткө түшүп жатат
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Сириялык актриса Несрин Тафеш кызыл килемде сүрөткө түшүп жатат

  • Иорданиялык актриса, теле алып баруучу жана ырчы Маис Хамдан
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Иорданиялык актриса, теле алып баруучу жана ырчы Маис Хамдан

  • Египеттик актриса Энджи Киван фильмдин каарманындай кийинип келген
    © AFP 2021 / Ammar Abd Rabbo / El Gouna Film Festival

    Египеттик актриса Энджи Киван фильмдин каарманындай кийинип келген

  • Египеттик актриса Маяр Эль Гити жана анын сиңдиси Мэй
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Египеттик актриса Маяр Эль Гити жана анын сиңдиси Мэй

  • Фатма Нассер. Тунистик актриса
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Фатма Нассер. Тунистик актриса

  • Саудиялык теле алып баруучу Лоджайн Омран
    © AFP 2021 / Ammar Abd Rabbo / El Gouna Film Festival

    Саудиялык теле алып баруучу Лоджайн Омран

  • Тунистик актриса Дорра Заррук кинофестивалдын кызыл килеминде
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Тунистик актриса Дорра Заррук кинофестивалдын кызыл килеминде

Белгилер:
сүрөт, Египет, кинофестиваль
Тема боюнча
"Кыргызстан сулуусу" болом деген перилер. Сулуулук сынагынан 12 сүрөт
Сынынан кетпеген Моника Беллуччи 57 жашта. Актрисанын көз талдырган сүрөттөрү
Ааламдын эң узун аялдары. 12 сүрөт
Кол чатыр көтөрүп көчөдө бараткан кыз. Архив

Жумага карата аба ырайы

0
29-октябрга караган түнү өлкөнүн айрым райондорунда жаан, тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жума күнү эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жамгыр, кар жана тоолуу жерлерде кар жаайт. Таластын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +7...+12, Талас чөлкөмүндө +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +10...+15, Нарын жергесинде +9...+14 градус болот.

Бишкек менен Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +10...+12, Ошто +15...+17 градуска көтөрүлөт.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы