Facebook, Instagram жана WhatsAppтын логотиптери. Архив

Facebook кечээ эмнеге иштебей калганын инженерлери түшүндүрүп берди

207
(жаңыланган 15:44 06.10.2021)
Кечээ бир нече кызматтардын өчүп калышынан улам Марк Цукербергдин жети миллиард доллар жоготкону айтылды.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Facebook тармагынын иштебей калышы магистралдык маршрутизаторлордун конфигурациясынын иштебей калышынан улам болду. Бул тууралуу компаниялардагы инженерлердин командасы билдиргенин РИА Новости жазды.

"Келип түшкөн маалыматтарды иштеп чыккан борборлордун ортосундагы тармактык трафиктин ишинин жөнгө салышына жооп берген магистралдык маршрутизаторлордун конфигурациясынын өзгөрүшү байланышты үзүп, көйгөй жаратты. Тармактык трафиктин өчүп калуусу биринен бирине өтүп, маалыматтарды иштеп чыккан борборлордун ишинин жөндөмүнө таасир тийгизди. Ошентип биздин кызмат иштебей калды", — деп айтылган Facebook инженерлеринин билдирүүсүндө.

Муну менен катар эле Facebook кечээки учур Instagram жана WhatsApp кызматынын иштебей калышы колдонуучулардын маалыматтарынын ачыкталып кетишине шарт түзбөгөндүгүн айтты.

Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг интернет колдонуучулардан кечирим сураган.

"Facebook, Instagram, WhatsApp жана Messenger кайрадан иштеп баштады. Бүгүн алардын жеткиликсиз болуп калганы үчүн кечирим сурайм. Жакындар менен байланышта болушу үчүн биздин кызматты ишенип колдоно турганыңыздарды билем", — деп жазды Цукерберг өзүнүн Facebook баракчасына.

Компания ээлик кылган Facebook, Instagram, WhatsApp жана бир катар тиркемелер дүйшөмбү күнү, 4-октябрда, жети саатка чейин иштебей калды.

Downdetector сайтынын маалыматына караганда, Facebook тармагынын тарыхындагы көпкө чейин жана бардык кызматтары иштебей калган биринчи учур болду. Мунун фонунда социалдык тармактын акциялары беш пайызга чейин түшүп кетти. Ал эми анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг жети миллиард доллар жоготкону айтылды.

207
Белгилер:
Facebook, Instagram, WhatsApp, Марк Цукерберг, себеп, интернет, интернет
Тема боюнча
Интернеттин дүйнөлүк масштабда аксашы: Facebook эмне деди
Facebook эмнеден улам иштебей калышы мүмкүн. Эксперттин божомолу
Адамдын буту. Иллюстративдик сүрөт

Согончокту байка. Өпкө рагынын күтүүсүз белгиси аталды

8
Дарыгерлер согончок ооруганда эки жума байкап көрүүнү сунушташкан. Эгер ооруганы көпкө чейин басылбаса, анда дарыгерге көрүнүү зарыл.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Согончоктун тынбай оорушу өпкөдө шишик пайда болгонунан кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу Daily Express басылмасы Улуу Британиянын улуттук медициналык системасында иштеген дарыгерлердин айтымына таянып кабарлады.

Билдирмеге караганда, рактын көп түрү, анын ичинде өпкө рагы тромбдун өрчүү тобокелчилигин жогорулатат.

"Бейтаптар согончогу ооруп жатканын айтып кайрылган учурлар катталган. Текшере келгенде алардан тромб табылган. Бул — өпкө рагынан кабар берген жалгыз белги", — деп жазылат маалыматта.

Дарыгерлер согончок ооруганда эки жума байкап көрүүнү сунушташкан. Эгер ооруганы көпкө чейин басылбаса дарыгерге көрүнүү зарыл.

"Күнүмдүк жумуштарды жасап жатканда да катуу оорута турган болсо, бир ооруп, бир басылып ыңгайсыздык жаратса, согончоктун тушу эч нерсени сезбей калса, анда тез арада медиктерге кайрылуу керек" — деп жазылат билдирмеде.

Медиктер өпкө рагы олуттуу оору экенин айтып, башында дарт билинбей өрчүй бериши ыктымал экенин белгилешкен. Буга көбүнчө чылым чегүү себеп болору айтылды.

8
Белгилер:
өпкө, рак, белги, тромб, согончок
Тема боюнча
Буттун дароо шишип кетүүсү кандай оорудан кабар берет? Медиктин жообу
Кардиологго токтоосуз кайрылуу керектигинен кабар берген белгилер
Россиялык Су-25

Россиялык Су-25тер Тажикстанда: кол салгандын катыгын берүүгө даярдык

120
Афганистанга Ирак жана Сириядан келген террорчулардын топтолушу Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине, айрыкча Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч туудурат.

Мындай кырдаал афган чек араларынын түндүк жактагы аймактардын баарында атайын кызматтардын активдешүүсүн жана аскердик күчтөрдүн даярдыгын күчөтүүнү талап кылууда.

13-октябрда Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары менен жолугушууда РФ президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнө Афганистандан ирактык жана сириялык тажрыйбасы бар террорчулардын келиши, "түз экспансиянын башталышы" толук ыктымал экенин билдирди. Ошону менен катар биргелешкен атайын операцияларга күч түзүмдөрүнүн алдын ала камылгасынын маанисин баса белгиледи. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко алдыдагы атайын операциялардын даярдыгына токтолду.

Жолугушуу өткөн күнү эле россиялык чалгындоо кызматы Афганистандагы азыркы кырдаалды мурдатан болжогону да белгилүү болду. Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети афган территориясынан баңгизат, курал, ок-дарынын агымы күч алганын маалымдады. Бул жакшы жышаан эмес.

Андан мурун РФ тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко талибдер Афганистан провинциясын көзөмөлдөөгө чамасы келбей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна кепилдик бере албай турганын айткан эле. "Талибан"* кыймылынын айрым куралдуу топтору Тажикстанга басып кирүүгө да даяр. Ушундай кооптуулуктардан улам ЖККУ (Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун) күчтөрүнүн афган чек арасына жакын жерге белгиленген "Аскердик боордоштук – 2021" биргелешкен ыкчам-стратегиялык окуулары зарыл жана жетиштүүдөй көрүнөт.

Тажикстандагы Харб-Майдон жана Момирак полигондорунда 18–23-октябрь аралыгына белгиленген машыгууларга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандан 5 000дин тегерегинде аскер кызматкери катышмакчы.

Окуунун алкагындагы операцияларга курал жана аскердик техниканын 700 бирдиги, анын ичинде 40тан ашуун учак жана тик учак (Су-24МР, Су-25, Ми-8МТВ, Ми-24), ошондой эле ар кыл багыттагы 15 учкучсуз аппарат да бар. Эске салсак, "Аскердик боордоштук – 2021" машыгууларынын жүрүшүндө "Өз ара аракеттешүү", "Издөө", "Эшелон" атайын операциялары өткөрүлөт, бул тууралуу биз да кабарлаган элек.

ЖККУнун Бириккен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров кечээ аскердик күчтөрдүн биргелешкен тобунун күч жана каражаттары көбөйтүлгөнүн кабарлап, окууларда тажик-афган чек арасындагы окуялардын ар кыл нугун, абдан курчуп кеткен вариантына дейре эске аларын белгиледи.

Чабуулчулардын кезеги

ЖККУ боюнча союздаштар Афганистан менен чектешкен аймактарда атайын окууларга даярдыгын аяктап калды. Тажикстанга РФтин Борбордук аскердик округунун фронттук Су-24МР бомбалоочулары, Кыргызстанда жайгашкан "Кант" россиялык авиабазасынын Су-25 чабуулчулары да жеткирилген. Биргелешкен окуулар эң кызып калган убакта учкучтар шарттуу душманды издөө, анын объектилерин жок кылуу, мотоаткычтар бөлүгү жана танкисттердин чабуулуна көктөн ок атуу менен көмөк көрсөтүүгө машыгышат.

Чабуулчу Су-25 жердеги чакан көлөмдөгү кыймылдуу жана кыймылсыз объектилерин жок кылууга багытталган. Бул – буталар так көрүнгөн шарттарда же 30 метрден 5 чакырымга чейинки бийиктикте Кургактагы күчтөрдү күнү-түнү түздөн-түз колдоодо алмашкыс аскердик бирдик. Су-25тин бурулушунун чакан радиусу (500 метр) чабуул коюучу учкучтарына чабуулду майнаптуу уюштурууга, аскердик запасты (30 миллиметрлик замбирек снаряддары, тескелүүчү жана башкарылбаган ракеталар, түзөтүлчү жана кассеталык аба бомбалары, күчтүү көлөмдүү-жардыруучу аба бомбалары жана күйүүчү май аралашмасы толтурулган челектер) сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Су-25 чабуул коюучу учагынын максималдык аскердик жүгү – 4 тоннадан ашуун. Күчтүү жана универсалдык бул аба бирдиги Афганистанда 1980-жылдардын башында эле өзүн көрсөтө алган. Андан бери бир нече ирет заманга ылайыкташтырылганы да маалым.

Алдыдагы машыгууларга даярдык абдан кызуу жана олуттуу жүрүүдө. Россиялык Борбордук аскердик округунун командачысынын орун басары Алексей Лемякин сириялык тажрыйбаны эске алуу менен Тажикстанда ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүн материалдык-техникалык камсыздоо милдеттеринин кеңири түрлөрү аткарыларын айткан.

Айтмакчы, "Аскердик боордоштук – 2021" ыкчам-стратегиялык окууларында ЖККУга мүчө болбогон Өзбекстандын күчтөрү келбегени менен буга чейинки биргелешкен контртеррордук машыгууларга катышканын да белгилей кетели.

Ыкчам жагдай

Талибдердин бул айдагы тышкы саясий активдешүү аракеттери, Дохадагы бир катар маанилүү жолугушуулары, чет элдик гуманитардык жана каржылык жардам алууга, кыймылды эл аралык деңгээлде мыйзамдуу саясий күч катары таанытууга кадамдары деле өлкөнүн мындан аркы экономикалык жана ички саясий бүлгүнүн токтото албачудай. Коңшу мамлекеттер жана Бириккен Улуттар Уюму талибдер инклюзивдик өкмөт куруу жана аялдардын укугун коргоо боюнча убадаларын аткарбаганын белгилеп жатышат.

"Талибандын"* өз "атаандаштарына" каршы туруу далалаттарына карабастан Афганистандын ири шаарларында жана түндүк провинцияларындагы электр чубалгылар линияларын жардыруулар дале токтой элек.

Талибдер өлкө бийлигин кайрадан ээлегенден бери афган жалпыга маалымдоо каражаттарында 17 теракт тууралуу маалыматтар чыкты. Аларга таянсак, көпчүлүгүнүн артында "Ислам мамлекети"* уюму турат. Кабул, Нангархар, Парван, Кунар, Кундуздагы жардырууларда 600 киши жабыр тартты. Терактылардын баары эле коомго ачыктала калган жок.

Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясына караштуу Ханабад уездиндеги шииттердин мечитиндеги 8-октябрдагы теракт 120 кишинин өмүрүн алып, 160тан ашуун адамды жарадар кылды. 14-октябрда Кунар провинциясында талибдердин уезддик полициясынын начальниги олтурган автомобиль жардырылды. АКШ жана НАТОнун аскердик интервенциялары менен болгон күрөштө "Талибан"* жеңишке жетишкенден бери Афганистанга Ирак жана Сирияда согуштук аракеттерди жүргүзүүдө тажрыйба топтогон ИМ* террорчулары чогула баштады. Бул "баары баарына каршы" согушунун уланышынан коңгуроо кагат.

Калган көйгөйлөрү аз келгенсип, ушул тапта афган калкынын жүрөгүн өйүтүп турган нерсе – өлкөдө бийлик үчүн күрөшкө улам жаңы, мурдагылардан да радикалдуу топтордун жаралышы. Ошондой эле этникалык тажик – кенже Ахмат Масуддун жетекчилигиндеги Улуттук каршылык көрсөтүү фронту да талибдер менен "эзелки" партизандык күрөшүн улантууда.

ЖККУ Афганистандагы абалды эске алып Тажикстандагы аскердик окууларын, ал эми Россия Душанбеге россиялык аскердик жана аскердик-техникалык жардамын, жакынкы айларда тажик-афган чек арасын материалдык-техникалык жактан бекемдөөгө көмөктөшүүнү уланта берери ажеп эмес.

* – Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюмдар.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

120
Белгилер:
Тажикстан, Россия, Афганистан, Сирия, согушкер, 'Талибан' кыймылы, чек ара, машыгуу, курал
Тема боюнча
Иран менен Түркия согушка даярдыгын көрсөтүүдө: Азербайжандын эмне тиешеси бар?