Бири жарк этип, бири жылмайып. Хабиб менен Роналдунун кызыктуу видеосу

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүUFC уюмунун жеңилбес чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив
UFC уюмунун жеңилбес чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Дүйнөлүк деңгээлдеги спорт жылдыздарынын тамашалуу көз караштар таймашы интернетке жарыяланып, социалдык тармактардын колдонуучуларынын ичин жылытты.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. UFC уюмунун жеңилбес чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов футболдун жылдызы Криштиану Роналду менен кезикти.
Жолугушуу учурундагы сүрөт жана видеолорду Нурмагомедов өзүнүн Instagram аккаунтуна жарыялады.
Алар Англияда "Манчестер Юнайтед" (Роналду ойногон клуб — ред.) менен "Эвертондун" беттешинен кийин жолугушту. Спортчулар тамаша иретинде көз караштар таймашын өткөргөн.
"Сен дүйнөдөгү миллиондогон адамдарга дем бересиң", — деп жазды Нурмагомедов Криштиану Роналдуну белгилеп.
Эске салсак, сентябрь айынын башында Роналду Португалия курамасынын сабында эки гол киргизип, улуттук команда үчүн дүйнөлүк рекорд жараткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0