Трамптын кишини ыңгайсыз кылган тамашалары. Экс-катчысы китеп жазды

© AFP / SAUL LOEBАКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын менен мурдагы маалымат катчысы Стефани Гришэм. Архив
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын менен мурдагы маалымат катчысы Стефани Гришэм. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Стефани Гришэмдин "Мен азыр суроолоруңарга жооп берем: Трамп башкарган Ак үйдөн эмнени көрдүм" деп аталган китебинде анын жана жубайынын иши тууралуу айтып берген.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын дүйнөлүк маанидеги лидерлер менен жолугушкан учурундагы орунсуз тамашалары туурасында анын мурдагы маалымат катчысы Стефани Гришэм айтып берген. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Автор түрк, америкалык лидерлердин саммитинде Трамптын такыр эле орунсуз суроосун эске салган. Ал "президент Режеп Тайип Эрдоганбы же Кытай башчысы Си Цзиньпин катаалбы?" деген собол узаткан.
"Жолугушуу учурунда мени карап токтой калып "Стефани, кимиси кыйын, Сиби же бул жигитпи?" деп сурады. Анан ал жылмайып турган Эрдоганды карады. Мен ылайыктуу сөз таба албай буйдалып калдым. "Билбейм, сэр, абдан эле мыкты көрүнөт" деп түрк президенти тарапка ээк кагып койдум", — деп эскерген Гришэм.
Анын айтымында, ошол саммиттеги кезектеги талкуулардын бир темасы күтүүсүз жерден эле 1978-жылы тартылган "Түн жарымындагы экспресс" деп аталган фильм болуп калган. Кинодо Түркиядан баңгизат алып чыгам деп Стамбулдун түрмөсүнө түшүп калган америкалык туурасында айтылган. Тасмада түркиялыктар жаман адам катары көрсөтүлгөн.
"Трамп Эрдоганды өзүнүн оюнуна тартайын дедиби же кинону эстеп кеттиби, билбейм. Бир учурда капыстан эле "Түн жарымындагы экспрессти" көргөндөр барбы? Балдар, силер үчүн ал кайгылуу фильм деп салбаспы", — деген мурдагы маалымат катчы.
Президент иш-чарадан кийин "кайсы президент катаал?" деген суроого "баары бир Кытай лидери кыйын" деп өзү жооп берген.
"Си негизи катаалыраак. Иш учурунда көргөм: ал салкын кандуу канкор (киши өлтүргүч) деп айтты", — деген Гришэм мурдагы жетекчисинин сөзүн эстеп.
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
"Путинди АКШ президенттигине көрсөтөлү!": Батыш РФ лидеринин маегин талкуулоодо
Пакистандын премьер-министри Имран Кхан менен кездешкен учурда ал Индия тууралуу кеп кылды эле Трамп Калифорниядагы үйсүздөрдү эстеп, андан соң жадап кеткенин ошол жерден ачык эле айтып салган.
"Ал колун булгалап, эки жагын карап, жини келгендей болуп отурду. "Азыр соода жөнүндө сүйлөшкөнгө болбойт. Тажатма, өтө эле тажатма", — деп Трамптын кобураганын жазган.
Египет президенти Абдель Фаттах ас-Сисини куралды АКШдан эмес, Россиядан сатып аласың деп демиткен. Ас-Сиси ага жооп кылып, ар бир өлкөнүн куралы ар кандай экенин айтып, ошол мамлекеттер менен жакшы ымалада экендигин кошумчалаган.
"Япония бизди бомбалоонун алдында эле бизди досубуз деп атаган", — деген Трамп анын ар бир сөзүнө жабышып алып.
Гришэмдин жазганына караганда, сөз Эфиопия куруп жаткан плотина туурасында жүрүп жаткан. АКШ башчысы эмне тууралуу кеп болуп жаткандыгын түшүнбөй калган. Кыязы, ага эфиопиялык олимпиадачылардын жөндөмү тууралуу сөз жүрүп жаткандай сезилген.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Трамп америкалык аскерлер Афганистанга кайра кайтышы мүмкүн экенин айтты
"Алтынды кантип эле утуп алат дейсиңер. Алар дарыядан өйдө-ылдый чуркай беришет да", — деген Трамп.
"Мен азыр суроолоруңарга жооп берем: Трамп башкарган Ак үйдөн эмнени көрдүм" деген китебинде экс-президент менен мурдагы биринчи айым Мелания Трамптын иши туурасында да баяндаган.
Гришэм 2015-жылы Трамптын шайлоо кампаниясында да маалымат катчынын кызматын аткарган. Андан кийин Ак үйгө да ушул орунга келген. Кийин аппаратты жетектеп жана Мелания Трамптын басма сөз боюнча өкүлүнүн ишин аркалаган болчу.
Трамптын өкүлү Лиз Харрингтон бир аз мурдараак аталган китептеги маалыматтарды "президенттин аркасы менен акчага туйтунуу жана Трамптын үй-бүлөсү жөнүндө калпты сатуу үчүн  жасалган кезектеги аракет" деп баалаган. Ал эми анын автору Гришэмди "нааразы болуп калган мурдагы кызматкер" деп атаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0