Сингапурлук окумуштуу коронавирустун жаңысы пайда болорун божомолдоду

© REUTERS / Ajeng Dinar UlfianaСитуация в Джакарте из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Джакарте из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Илимпоз азыркы коронавирус кайрадан жарганатка жугушу ыктымал экенин айтып, ал жаныбардын организминен вирус көбөйүп, мутация болорун белгилеген.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Sars-CoV-2 коронавирусу адамдан жаныбарга жугуп, бир нече жолу мутация болгондон кийин кайра жаңы Sars-CoV-3 коронавирусу пайда болуп, ал адамдарга илешип, жаңы пандемияны чакырышы ыктымал. Бул тууралуу Америка-Сингапур медициналык университетинин профессору Ван Линьфа билдиргенин РИА Новости жазды.
Sars-CoV-2 коронавирусу адамга жарганаттан жукканы айтылып келет. Профессор белгилегендей, жарганаттардын иммундук системасы уникалдуу. Бул жаныбардын организми вирустардын көбөйүп, мутация болушуна жол берет, бирок жарганаттын организминде оору өрчүй албайт.
"Коронавирус инфекциясынын адамдан жаныбарга өткөн учурлары катталган. Пандемия учурунда үй жаныбарлары коронавирусту кожоюндарынан жуктуруп алган учур бир нече ирет аныкталган. Sars-CoV-2 коронавирусу менен ооруп жаткан адам бир жерге жеп бүтпөй калган жемишин таштап коюп, аны жарганат жеп алса, вирус жаныбардын ичинен мутацияланып, ал башка жаныбарга жугуп, дагы өзгөрүшү ыктымал", — деген окумуштуу.
Мындай жол менен Sars-CoV-3 деген жаңы вирус жаралып, ал кайрадан адамдарга жугуп жаңы пандемияны чакырышы мүмкүн экени айтылды.
Илимпоз жаңы пандемияны алдын алуу үчүн жарганаттардын популяциясында пайда болгон жаңы вирустарды кылдаттык менен карап туруу керектигин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0