Талибдерди Афганистан тууралуу сүйлөшүү үчүн Москвага чакырышты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүВторое заседание московского формата консультаций по Афганистану
Второе заседание московского формата   консультаций по Афганистану - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Россия бийлиги "Талибан"* кыймылынын өкүлдөрүн Афганистан тууралуу "Москва форматындагы" жолугушууга чакырды. Иш-чара 20-октябрга белгиленген.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Россия талибдерди Афганистан тууралуу "Москва форматындагы" жолугушууга келип кетүүгө чакырды. Иш-чара 20-октябрга белгиленгенин РФ президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Замир Кабуловдун сөзүнө таянып РИА Новости жазды.
Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып талибдердин чакырылганын тастыктады. Бирок Афганистандын жаңы бийлигинин делегациясын ким жетектеп келерин айткан жок.
Афганистандын мурдагы президенти Ашраф Гани. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Гани Афганистандан 169 млн. доллар чыгарып кеткенби? АКШ изилдөөдө
Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен афган элине биринчилерден болуп Кыргызстан кол сунду. Атап айтканда, сентябрь айынын соңунда КРдин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга барып Талибан* өкмөтүнүн ТИМ башчысы Амир Хан Муттаки менен жолуккан. Президенттин маалымат кызматы Масадыков башында турган кыргыз делегациясы Кыргызстан элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткиргенин кабарлаган.
Андан тышкары, афган бийлиги менен Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жарыялаган.
* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм
Жаңылыктар түрмөгү
0