Көмүр капчыктарды жылытабы? Россиялык отун Европага эмнеге кымбатка түшүүдө

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКөмүр кампасындагы жумушчулар. Архив
Көмүр кампасындагы жумушчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Жазылуу
Көгүлтүр оттун артынан эми көмүр да кымбаттоодо. Азыр тоннасы – 300 доллар, кара алтындын баасы мындай деңгээлге жыйырма жылдан бери чыга элек болчу.
Рынок дүрбөлөңгө түшүп, суроо-талап күч алды. Бул канчага созулуп, Россия мындан кандай пайда көрөрү Ирина Бадмаеванын РИА Новости сайтына жарыяланган макаласында.

Көмүрдүн "кайтышы"

CO2 чыгындыларын кыскартуу чакырыктарына карабастан көмүр көп сатылууда. Ал экологиялык аң-сезими бийик Европага да ташылууда: газдын ашкере кымбаттыгынан улам бул чөлкөм да отундун бул түрүнө өтүүгө мажбур.
Европа биримдигине көгүлтүр оттун миң куб метри 1400 доллар турат. Энергетикалык компаниялардын мындан аркы тагдыры арсар, ал тургай айрымдары эбак сызга отуруп калышты. Көмүр ушул тапта кармана турган жалгыз тал сымал.
Сентябрда Германия, Испания, Улуу Британия жана Франция катуу отун менен жети миллион мегаватт-саат иштеп чыкты. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 35 пайызга көп. Бирок Европада көмүр жетишсиз. Негизги жабдуучулар экспортту көбөйтүүгө үлгүрбөй жатышат. Континенттин түндүк-батышындагы көмүрдүн кору араң төрт миллион тоннадан бир аз ашат. Анан да азиялык сатып алуучулар менен атаандаштык жок эмес. Кытайда да таңсыктык бар. Ачык асман үчүн ал жакта да көмүр шахталарын жаап коюшкан.
"Бийликтин багытынын кескин бурулушу иш жүзүндө банктарды өндүрүштү жогорулатууга белсенген көмүр ишканаларын насыялап жана каржылоого аргасыз кылат. Кытай Эл Республикасы негизги өндүрүшчү гана эмес, башкы керектөөчү да эмеспи", — деп түшүндүрөт Финансы башкаруу жогорку мектебинин Аналитикалык изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Коган.
Кытайдын экономикасы тез калыптанууда. Ишканалар электр кубатын көбүрөөк өндүрүүгө тийиш. Өлкө көмүрдү кеңири пайдаланууну улантары айкын. Коммунисттик партия андан тез баш тартууга өтүп, көмүр менен жабдуучу өлкөлөр менен тирештер чыга баштаган эле.
Англиядагы Drax көмүр электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Кыш камылгасы Европаны кыйсыпыр түшүрүүдө. Көмүрдүн баасы асман чапчыды
"Пекин көмүрдүн дүйнөлүк көлөмүнүн сегиз чакты пайызы өндүрүлгөн Австралия менен мамилесин бузуп алган. Бул Кытай, Индия жана бир катар азиялык мамлекеттерди тейлеген Индонезиядан импорттун кыскарышы менен дал келген эле", — деп белгилейт Amarkets аналитикалык департаментинин жетекчиси Артем Деев. Натыйжада кытай провинцияларынын үчтөн экиси электр жарыгын үнөмдөө режимине өткөн. Үлкөн мунай-химия ишканаларынын иши токтогон. Күтүлгөндөй эле таңсыктык бааны асмандаткан. Кытайда эле эмес, Европада отундун катуу түрү болжол менен Азиядагыга караганда 14 пайызга кымбат.
"Суроо-талап өсүп жаткандыктан көмүр энергетикалык каатчылык коркунучу бар Батышта да, Чыгышта да жылуулук сезону аяктаганча кымбаттай берери түшүнүктүү болуп калды", — деп боолголойт Деев.

Кычыраган кыш, аптаптуу жай

Соңку жылдары дүйнөнүн көмүргө муктаждыгы азайып бараткан. Европа, Кытай жана АКШ андан таптакыр баш тартууга белсенишкен. Пандемияда таш көмүргө суроо-талаптын төмөндөшү таза энергияга өтүү деп мүнөздөлгөн. Бирок "жашылдандыруу" убакытты талап кылат. Анан да табияттын кубулуштары деген бар. Аяздуу чилде жана адаттан тыш саратандын айынан европалык жер алдындагы газ сактагычтар бошой түштү.
Көгүлтүр оттун баасы кымбаттагандан кымбаттап эле баратат. Мунай баалары да андан кем калышпайт.
Газпром ишкананын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Европа "сууктун экспорттолушуна" Россияны айыптоодо
Ошентип унуткубуз келген көмүрдү да кайра эстедик. Бирок сунуш суроо-талапты канааттандыра албай турат. Европалык электр кубатын өндүрүүчүлөр Россиядан көбүрөөк экспорттоону өтүнүп турган чагы. Муну, албетте, ачык айткылары жок. Алдыда климатты өзгөртүү жөнүндөгү кезектеги конференция өтөт. Күнөскана газдарынын чыгындыларынан кеп салышат. Аларды кымбат баалуу газды пайдаланып, көмүрдөн баш тартканда гана кыскартууга болот.
Жабдуучулардын башка бир тандоосу деле жок. Казып алынуучу отундун кору боюнча дүйнөдө – төртүнчү, казууда – алтынчы, ал эми экспорттоо боюнча үчүнчү орундагы Россияга үмүт артышат. Былтыр аталган мамлекеттен чет өлкөгө жалпы 200 миллион тоннага чукул өндүрүм жөнөткөн. Кытай дээрлик 29,5 миллион, Түштүк Корея — 23төн көп, Япония — 21,5 пайыз алган. Анткен менен казууну дагы жогорулатуу мүмкүн экени күмөн.
"Көмүр казуу өнөр жайы — бул өндүрүштүн узак цикли. Жаңы техникалык кубаттуулук, тийиштүү уруксат кагаздары, документтер керек. Жаңы кенди өздөштүрүү ниетинен иштетүүгө киришүүгө дейре кеминде эле эки жыл керек. Россия — ансыз да Европаны көмүр менен жабдуучулардын негизгиси, жылына 40 миллион тоннадан ашуун көлөмдө экспорттойт", — дейт Артем Деев.
Россияда жергиликтүү компаниялар кымбат сырьёдон пайда табары айдан ачык. Азиялык рыноктордо 2019-жылы көмүрдүн тоннасы орточо 90 доллар турган. Ушул тапта Европада — 300 доллар. Ошентсе да экспорттун бир топ жогорулап кетиши күтүлбөйт. Отундун бул түрү Россиянын ички рыногуна да зарыл. Синоптиктер кыш катуу болорун болжоп жатышпайбы.
Статистикага ылайык, Россиядагы айыл-кыштактагы үйлөрдүн үчтөн биринде отун же көмүр жагылып, меш менен жылытылат. Шаардык турак фондунда алардын саны жети пайызды түзөт.
Түндүк агым – 2 газ түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2021
Европа үчүн күрөштө АКШ Россиядан жеңилди
"Бүгүнкүдөй көлөмдөгү суроо-талап көпкө созулбайт. Дүйнөлүк аянтчаларда бааны алып сатарлар гана көтөрүшөт", — деп эсептейт Россия эл достугу университетинин Дүйнөлүк экономика жана бизнес институтунун "Эл аралык экономикалык коопсуздук" программасынын доценти Хажимурад Белхароев.
Ошентсе да "Түндүк агым – 2" долбоорунун ишке кирер мезгили алыс эмес. Рынок көгүлтүр оттун баасын турукташтыра турган узак мөөнөттүү газ келишимдеринин түзүлүшүн күтүүдө. Бүгүнкү дүрбөлөңгө карабастан дүйнө көмүрдөн баш тартып жатканын унуткарбайлы.
"Газ же көмүр жагылган өнөр жай казандарында иш спецификасы ар бөлөк.
Катуу отун пайдаланылганда негизинен от жаккычтардын эмгеги талап кылынат. Мындан улам айлык акы, медициналык тейлөө, кошумча тамак-аш боюнча чыгымдар артат.
Ал эми газ колдонулганда баары автоматтык түрдө жүрүп, иш бир кнопканы басуу менен чечилет", — деп тактайт Белхароев. Ошентсе да артыкчылыктары жок эмес: көмүр өзү тутанып кетпейт, ачык аянтчаларда сакталат. Тажрыйба көрсөткөндөй, эгер чилдеде энергиянын башка булактары үзгүлтүккө учураса, таш көмүр жылуулук тартуулайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0