Катарда Талибан* кыймылы АКШ делегациясы менен жолукту. Каралган маселелер

© AP Photo / Bernat ArmangueКабул аэропортундагы Талибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив
Кабул аэропортундагы Талибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Жазылуу
Афганистандын ТИМ жетекчиси сүйлөшүүдө Афганистан АКШны аба мейкиндигин бузбай, аларды ички саясатына кийлигишпөөгө чакырганын белгилеген.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Афганистандын "Талибан"* кыймылы түзгөн жаңы өкмөт мүчөлөрүнөн турган делегация Катар шаарында АКШ өкүлдөрү менен жолугуп, Кабул менен Вашингтондун мамилесинде жаңы барак ачуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу РИА Новости Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Моттакинин айтымына таянып кабарлады.
Моттаки журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып сүйлөшүүдө Афганистан АКШны аба мейкиндигин бузбай, аларды ички саясатына кийлигишпөөгө чакырганын айткан. Бул — талибдердин бийлик басып алгандан кийинки расмий биринчи жолугушуусу. Ошондой эле Катарга болгон сапары убактылуу өкмөттүн чет жакка чыккан биринчи иш сапары болгону айтылды.
"Афганистан өкмөтүнүн делегациясы АКШ өкүлдөрү менен эки өлкө ортосундагы мамиледе жаңы барак ачуу, Афганистанга гуманитардык жардам көрсөтүү жана Дохада түзүлгөн тынчтык келишимин аткаруу маселелерин талкуулашты", — деди Моттаки.
Ал сүйлөшүү жекшемби күнү да уланарын кошумчалаган.
ТИМ жетекчисинин айтымында, афган тарап америкалыктардан аба мейкиндигин бузбай, ички иштерине кийлигишпөөнү талап кылган. Ошондой эле өлкөнүн тышкы активдерин тоңдуруп коюу тууралуу да сүйлөшкөн.
Өз кезегинде АКШнын делегациясы Афганистанга коронавируска каршы вакцина берерин убадалаган.
Америкалык аскер кызматкерлери Афганистанда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
АКШ: сенаторлор өз бийлигинин Афганистандагы катасын иликтөө демилгесин көтөрдү
АКШнын аскерлери Афганистанда 20 жыл тургандан кийин 2021-жылдын августунун соңунда толугу менен чыгып кетти. Август айынын башында "Талибан"* кыймылы Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. Анын эртеси эле согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасы америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кетишкен.
Сентябрь ичи талибдер убактылуу өкмөттүн курамын бекитип, чет мамлекеттерден расмий өкүлдөрдү кабыл алып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.
Жаңылыктар түрмөгү
0