Газ оту. Архив

Европанын энергетикалык каатчылыгына чындап ким күнөөлүү? Сереп

103
(жаңыланган 14:16 10.10.2021)
Европанын фьючерстик рыногундагы дүрбөлөң бир айдан ашуун убакытка созулду. Августтун башында эле газдын миң куб метри TTF европалык хабынын индекси боюнча 515 доллардын деңгээлинде болсо, андан бир ай өтпөй 614 долларга чыккан.

Дүйнөлүк рынокто көгүлтүр оттун сунушун көбөйтүү демилгесин Путин эмне үчүн колдогонун, Европа биримдигинде энергетикалык кыйсыпырга эмне түшүрүп жатканын серепчи Игорь Юшков талдап берди.

Фьючерстер кымбаттап отуруп, рекордун жаңыртты. 6-октябрда көгүлтүр оттун миң куб метри 1937 долларга чыгып, тарыхый рекорд койду. Андан соң табигый газ рыногунда баа кандай ыкчам көтөрүлсө, дал ошондой тездик менен түшө баштады. 7-октябрда 1000 доллардан төмөн болду. Буга эмне себеп, бааны арзандатууда Россиянын ролу туурасында РФтин Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун улук талдоочусу Игорь Юшков "Sputnik на русском" каналыбызга учкай маек курду.

Жаңылыктарга жараша

Фьючерстик рынокко ага түз байланышы жок эле ар кыл окуялар таасир этерин белгилеген Игорь Юшков энергетикалык рыноктун тарыхына кирген 6-октябрдагы тооруктун кабарларынан фьючерстер көз каранды экенин айтат.

Ведущий эксперт Фонда национальной энергетической безопасности, преподаватель Финансового университета при Правительстве РФ Игорь Юшков во время мультимедийной пресс-конференции по итогам исследования Россияне – о ценах на бензин и мерах Правительства по их регулированию, проведенного холдингом Ромир, в Международном мультимедийном пресс-центре МИА Россия сегодня.
© Sputnik / Нина Зотина
Россиянын ролу туурасында РФтин Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун улук талдоочусу Игорь Юшков
"Бир күн ичинде эле баа 1900 доллардан ашып, кайра 600 долларга түшкөнүнө күбө болдук. Анткен менен суроо-талап жана сунуштун тең салмактуулугунан алганда реалдуу газ рыногунда эч кандай өзгөрүү деле байкалбады. Европа канча газ колдонуп келген болсо азыр деле ошол көлөмдө пайдаланууда. Сырттан ташып келүү да токтоп калган жери жок, - дейт эксперт. – Бирок "Түндүк агым – 2ни" ишке киргизишчүдөй эмес" деген, ошол эле убакта көмүрдүн баасы да тарыхый рекордго чыкканы (Европада 6-октябрда энергетикалык көмүрдүн тоннасы 300 доллардан ашты – ред. тактоосу) тууралуу кабарлар тарады. Ошол күнкү окуя мына ушул маалыматтарга рыноктун реакциясы гана болду.

Көмүр кымбатташы болжонгон эле көрүнүш экенин кошумчалайт Юшков. Себеби газдын баасы асман чапчыганда компаниялар энергиянын башка булактарына өтүүгө умтулууда. Европа да ошондон улам көмүрдү көп жага баштады.

"Ал эми ашкере суроо-талап баанын кымбатташына алып келди", - дейт эксперт. Фьючерстерге маалыматтардын таасирине Владимир Путиндин 6-октябрдагы энергетиканы өнүктүрүү маселелери боюнча жыйынын да мисал келтирет Игорь Юшков.

"Бул жагымдуу жаңылык эле. Ал (РФ президенти – ред.) кошумча экспорт үчүн "Газпромдун" мүмкүнчүлүктөрү болсо, кыйын кырдаалда кол сунбай коюу болбостугун белгилөө менен жарлык чыгарганын эске салды Юшков. – Бул Европага газ ташуунун көлөмүн жогорулатылары катары кабылданды. Дал ушул белги көгүлтүр оттун арзандашына түрткү боло алмак".

Россияга мындан эмне пайда?

Европага газ ташууну жогорулатуу бааны чындап эле арзандатышы ыктымал, себеби атаандаштык шартында компаниялар бааны төмөндөтүшөт. Бирок Россия үчүн рынокту турукташтыруу маанилүү, анткени өтө кымбат баа суроо-талапты да кескин азайтарын боолголойт Игорь Юшков.

"Керектөөчү компаниялар анчалык кымбат газды сатып алууга чама-чаркы чак келбейт, - дейт ал. – Маселен, азот жер семирткичтерин өндүрүшчүлөр аны газдан алышат. Бир катар ишканалар заводдорунун ишин токтотту, себеби чыгым арткандыктан жаңырган баада жер семирткичтерди сатуу мүмкүн эмес. Же айыл чарба өндүрүмдөрүн чыгаруучулар күнөсканаларды газ менен жылытышчу, эми алар да ишине тыныгуу жарыялап туру".

Газдын миң куб метринин баасы 200-300 доллар болуп турса бир жөн эле. Андайда көгүлтүр от кайра калыбына келүүчү энергетикадан да кирешелүү болорун белгилейт серепчи.

"Газ миң долларга чыкканда кайра калыбына келүүчү энергетика атаандаштыкка кыйла жөндөмдүү, - дейт эксперт. – Бизге кымбат баа пайдалуу, бирок ашкере кымбаттын зарылдыгы жок".

Көгүлтүр от рыногунда баалардын өсүшүн трейдерлердин позициясы менен түшүндүрүүгө болорун белгилейт Юшков.

"Европада эмитен эле каатчылык байкалып жатса, жылуулук сезону башталганда кандай күн күтөт деп кооптонгон алар газга байланыштуу фьючерстик контракттарды жапырт сатып алууга киришсе керек. Ошентип газ келишимдеринин да баалары кескин түрдө өсүп кетти", - деп жоромолдойт ал.

6-октябрдагы окуядан соң Европа биримдигинин беш, атап айтканда Франция, Испания, Чехия, Румыния жана Грециянын экономика жана каржы министрлери биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Анда энергетикалык каатчылыктын себебин аныктоо үчүн иликтөө жүргүзүү сунушталган.

"Күнөөлүүлөрдү издөөнүн ордуна Европа өзү күзгүгө каранганы оң болмок, - дейт Игорь Юшков. – Каатчылык эмнеден улам каптады? Өз саясатына жана ишканаларын карасаңыздар! Европа мурунку жылуулук сезонунан бош газ сактагычтар менен чыкпады беле". Андагы газдын көлөмү былтыркы жылдын аба шарттарынан улам бөксөрө түшкөн.

"Кыш бир топ ызгардуу, ал эми жай аптаптуу болду. Абаны салкындатууга энергия көп сарпталды", - дейт ал. Анткен менен газ ишканалары баанын кымбаттыгынан улам корогон көлөмдү толуктоого ашыкпаганын айтат Юшков.

"Ар бир ишкана азырынча кымбатка сатып алуунун кажети жок, андан көрө кышында арзандайт, ошондо чыгымды жаап коем деген ойдо болду. Анан баа 500 долларга чыкты. Эң кымбаттаганы ушул, мындан ары арзандайт деп жоромолдошту. Анткендин ордуна 600, 700, 800 долларга көтөрүлүп отуруп октябрь айы келип калды", - дейт эксперт. Жергиликтүү ташуучулардын көйгөйлөрү да газ каатчылыгынын дагы бир себеби экенин белгилейт Игорь Юшков.

"Норвегия газ алуунун көлөмүн төрт жылдан бери азайтып, ал эми Алжирде ички керектөө өсүүдө. Ошондуктан ал мурдагыдан газды азыраак экспорттоп жатат. Себеби ушул", - дейт РФтин Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун улук талдоочусу Игорь Юшков.

Маекти толук вариантын YouTube каналыбыздан көрө аласыздар.

103
Белгилер:
газ, экономика, акча, импорт, Европа, каатчылык, Россия, баа
Тема боюнча
Кыш камылгасы Европаны кыйсыпыр түшүрүүдө. Көмүрдүн баасы асман чапчыды

Танк менен замбиректен чыккан октун жайлатып көрсөтүлүшү. Видео

23
Slow Mo Gyus аталышындагы YouTube-канал Экинчи дүйнөлүк согуш убагындагы танк жана замбиректер менен ар нерсени аткылап, жогорку ылдамдыктагы камерага тартты.

Американын "Шерман" танкынын жай ок чыгарганы советтик Д-20 гаубицасына салыштырылган. Видеодо снаряддын жылуу толкуну соккудан эмнеге алдыда экени көрсөтүлөт. Адистер техниканын жардамы менен танктын атуу ылдамдыгын кантип эсептеп чыгарын жана снаряд эмне үчүн өзүнүн учуу траекториясынан четтеп кетерин көрсөткөн.

Камералар снаряд замбиректен чыккандан кийин танктын көтөрүлө түшкөнүн тартып алууга жетишкен.

23
Белгилер:
танк, замбирек, ок атуу, видео
Тема боюнча
Алыстан эле жүрөктүн үшүн алып... Этнанын көккө атылып жаткан видеосу
Россия менен Беларустун биргелешкен машыгуусу. Асмандан тартылган видео
Кыргызстандыктар "Танк биатлонунда" Тажикстан аскерлерин утуп алды. Видео
Москвадагы Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунда КМШнын жаш журналисттери үчүн SputnikPro долбоору башталды

Москва: Sputnik радиосунда КМШ журналисттери билимин тереңдетүүдө. Сүрөттөр

17
SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Москвадагы Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунда КМШнын жаш журналисттери үчүн SputnikPro долбоору башталды.

  • В стенах Международного информационного агентства и радио Sputnik в Москве стартовала очная сессия просветительского проекта SputnikPro для молодых журналистов из стран СНГ
    Москвадагы Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунда КМШнын жаш журналисттери үчүн SputnikPro долбоору башталды
    © Sputnik
  • Заместитель главного редактора Sputnik Андрей Благодыренко (слева) во время очной сессии просветительского проекта SputnikPro для молодых журналистов из стран СНГ в Москве
    Катышуучулардын арасында PRIME (Молдавия), Жетинчи канал (Казакстан), Абхазия мамлекеттик телерадиокомпаниясы (Абхазия), Гомель радиосу (Беларусь), Caspian International Broadcasting Company (Азербайжан), kundemi.kg (Кыргызстан), halva.tj (Тажикстан), erit.am (Армения) ЖМКларынын өкүлдөрү бар
    © Sputnik
  • В стенах Международного информационного агентства и радио Sputnik в Москве стартовала очная сессия просветительского проекта SputnikPro для молодых журналистов из стран СНГ
    Sputnik мастер-класстары эки күн өткөрүлмөкчү
    © Sputnik
  • В стенах Международного информационного агентства и радио Sputnik в Москве стартовала очная сессия просветительского проекта SputnikPro для молодых журналистов из стран СНГ
    SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс
    © Sputnik
  • В стенах Международного информационного агентства и радио Sputnik в Москве стартовала очная сессия просветительского проекта SputnikPro для молодых журналистов из стран СНГ
    Анда Sputnik агенттигинин бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле белгилүү россиялык журналисттер менен эксперттер тажрыйбасы менен бөлүшөт
    © Sputnik
  • В стенах Международного информационного агентства и радио Sputnik в Москве стартовала очная сессия просветительского проекта SputnikPro для молодых журналистов из стран СНГ
    Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
    © Sputnik
1 / 6
© Sputnik
Москвадагы Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунда КМШнын жаш журналисттери үчүн SputnikPro долбоору башталды

Катышуучулардын арасында PRIME (Молдавия), Жетинчи канал (Казакстан), Абхазия мамлекеттик телерадиокомпаниясы (Абхазия), Гомель радиосу (Беларусь), Caspian International Broadcasting Company (Азербайжан), kundemi.kg (Кыргызстан), halva.tj (Тажикстан), erit.am (Армения) ЖМКларынын өкүлдөрү бар.

Sputnik мастер-класстары эки күн өткөрүлмөкчү.

"Акыркы учурда универсалдуу журналистика тууралуу көбүрөөк сөз боло баштады. Бир эле киши маек алганды, видео, сүрөт тартканды, түз эфирге чыгууну билиши замандын талабы. Биз өзүбүздүн SputnikPro долбоорубузда журналисттерди ар тараптуу кылганга аракет кылабыз", — деди Sputnik радиосунун башкы редакторунун орун басары Андрей Благодыренко.
Заместитель главного редактора Sputnik Андрей Благодыренко во время очной сессии просветительского проекта SputnikPro для молодых журналистов из стран СНГ в Москве
© Sputnik
Sputnik радиосунун башкы редакторунун орун басары Андрей Благодыренко

Ал эми erit.am порталынын журналисти Яна Шахраманян долбоор тууралуу төмөнкүдөй оюн билдирди.

"Азырынча бизде алгачкы гана лекциялар өтүп жатат. Бирок мен бул жерде өтө зарыл, заманбап нерселерди талкуулап жатканыбызды жакшы түшүндүм. Азыр биз журналист күн сайын башынан өткөрө турган нерселерди кеп кылуудабыз", — деди ал.

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Анда Sputnik агенттигинин бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле белгилүү россиялык журналисттер менен эксперттер тажрыйбасы менен бөлүшөт. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik — 32 тилде жарык көргөн мультимедиалык интернет-сайттардан турган эл аралык ири ЖМК. Ал өзүнө дүйнөнүн 90дон ашык шаарларында жана интернетте орус, англис, француз жана башка тилдерде сүйлөгөн радиолорду камтыйт.

Ал эми Sputnik жаңылыктар түрмөгү англис, араб, испан, кытай жана фарс тилдеринде окурмандарга күнү-түнү маалымат жеткирип турат. Sputnik маалымат ресурсунун окурмандарынын саны айына 60 миллиондон ашат. Sputnik China аккаунтунун Sina Weibo социалдык тармагындагы катталуучулардын саны 9 миллиондон ашты. Дүйнө жүзү боюнча Пекинден тарта Монтевидеого чейинки 22 редакциялык борбордо ондогон улуттагы миңден ашык адам эмгектенет. Sputnik "Россия сегодня" медиатобунун курамына кирет. Башкы кеңсеси Москва шаарында.

17
Белгилер:
Sputnik, 'Россия Сегодня' ЭМА, SputnikPro, долбоор
Тема боюнча
SputnikPro долбоору эл аралык IPRA Golden World Awards сыйлыгына татыды
SputnikPro долбоору: дүйнө жүзүндөгү журналисттерге мастер-класс өткөрүлдү
Сабак өтүп жаткан мугалим. Архив

Кыздар кара далы болбойбу? Жапаров мугалимдердин маянасы качан көбөйөрүн айтты

0
(жаңыланган 17:15 27.10.2021)
Жапаров буга чейин мугалимдердин маянасы тууралуу Финляндиядагы сурамжылоонун жыйынтыгын мисал келтиргенин айтты.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев министрлер кабинетинен мугалимдердин маянасы качан көбөйтүлөрүн сурады.

"Акылбек Үсөнбекович, өткөндө мугалимдердин айлыгын көтөрүп, кыздарды "мен мугалимге турмушка чыгам" дегендей кылып кызыктырарыңызды айткансыз. Эми алар кара далы болуп кетпеши үчүн 2022-жылы мугалимдердин маянасын эки эсе жогорулатканга мүмкүнчүлүк барбы?" — деп сурады.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров кийинки жылдын 1-апрелинен тарта мугалим, дарыгер жана маданий, илимий кызматкерлердин маянасы көтөрүлөрүн айтты. Биринчи кварталдагы кирешенин жыйынтыгына карап маяна 50 пайызга же 100 пайызга жогорулайт.

Жапаров буга чейин мугалимдердин маянасы тууралуу Финляндиянын мисалын келтиргенин кошумчалады.

"Ал жакта жыл сайын сурамжылоо жүргүзгөндө кыздар биринчи мугалимге, экинчи архитекторго турмушка чыгарын айтышкан. Бирок менин ошого жеткирүү үмүтүм бар. Балким, биз дагы кийин ушундай сурамжылоо жүргүзөбүз", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Белгилей кетсек, Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалып жатканда маянаны көтөрүп, "кимге турмушка чыгасың?" десе "мугалимге" деген деңгээлге чейин чыгаруу планы бар экенин билдирген.

0
Белгилер:
Акылбек Жапаров, мугалим, маяна
Тема боюнча
Жапаров Бажы кызматынын жаңы жетекчиси кандай милдет менен дайындалганын айтты
Жапаров: маянасын көбөйтүп, кыздарды мугалимге турмушка чыккыдай кылабыз