Кабул шаарындагы Талибан кыймылынын мүчөлөрү

G20 уюму: Афганистанга гуманитардык жардам берүүгө мажбур болуп турабыз

99
(жаңыланган 13:18 13.10.2021)
Чоң жыйырмалыкка кирген мамлекеттер Афганистандын гуманитардык кризиске жакын калганын эске салып, жардам берүүнү пландап жатат.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. G20 мамлекеттери мындан ары кааласа да, каалабаса да талибдер менен иштешип, атургай гуманитардык жардам берүүгө мажбур болууда. Бул тууралуу Италиянын демилгеси менен уюштурулган онлайн саммитте сөз болгонун ВВС жазды.

"Жыйында негизинен Афганистандагы кырдаал тууралуу сөз болууда. Өлкө гуманитардык кризиске чукулдап калгандыктан, G20 мамлекеттери Афганистандын жаңы бийлиги менен кызматташууга аргасыз. Германиянын канцлери Ангела Меркель Афганистанда хаос жаралышына эч убакта жол берилбеши керектигин айтып, бул өлкөнүн кыйроосу эч кимге пайда алып келбесин кошумчалады", — деп жазылат макалада.

Ал эми АКШ лидери Жо Байден Афганистанга финансылык жардам түз эле талибдердин колуна эмес, эл аралык уюмдар аркылуу берилиши керектигин айтты.

Саммиттин катышуучулары батыштын алдында өзгөчө оор тапшырма турганын белгилешти. Тагыраагы, алар көп өлкөлөрдө террордук деп эсептелген "Талибан"* уюмунан кыйгап өтүп, карапайым афган элине жардам берүү керек деп эсептейт.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен афган элине биринчилерден болуп Кыргызстан кол сунду. Сентябрь айынын соңунда КРдин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга барып, Талибан* өкмөтүнүн ТИМ башчысы Амир Хан Муттаки менен жолуккан. Президенттин маалымат кызматы Масадыков башында турган кыргыз делегациясы Кыргызстан элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткиргенин кабарлаган.

Афган бийлиги менен Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жарыялаган.

Ал эми октябрь айынын башында Россия талибдерди Афганистан тууралуу "Москва форматындагы" жолугушууга келип кетүүгө чакырды.

* — Кыргызстан жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм

99
Белгилер:
Афганистан, G20, гуманитардык жардам
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (257)
Тема боюнча
Азия өлкөлөрү Афганистанга биргеликте гуманитардык жардам берүүнү көздөөдө
АКШ Афганистанга гуманитардык жардам жеткирмей болду

Бетин катканына карабай ургулап. UFC турниринин эң кызыктуу учурлары видеодо

4
UFC Russia YouTube каналы уюмдун Лас-Вегаста өткөн соңку турниринин эң мыкты учурларын чыгарды. Мушкерлердин кечеси кечээ (Бишкек убактысы боюнча таңда) өттү.

Кеченин башкы беттешинде америкалык спортчу кыздар Аспен Лэдд менен бразилиялык Норма Дюмонт кезикти. Жыйынтыгында Дюмонт калыстардын чечими менен утту.

Кеченин дагы бир башкы беттешинде беларустук Андрей Орловский дагы бразилиялык Карлос Фелипти калыстардын чечими менен жеңди.

Ошондой эле башкы карддын алкагында Жим Миллер Эрик Гонсалести нокаутка кетирсе, Манон Фиоро Майру Буэно Сильваны калыстардын чечими менен, ал эми Нейт Ландвер Людовит Клейнаны колду кайруу ыкмасынын жардамы менен утту.

4
Белгилер:
Лас-Вегас, UFC, беттешүү, кармаш, турнир, видео
Тема боюнча
Валентина Шевченко Кыргызстандын туусун коюп пост жарыялады

SputnikPro долбоору: дүйнө жүзүндөгү журналисттерге мастер-класс өткөрүлдү

28
(жаңыланган 15:43 17.10.2021)
Москвада Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун долбоору — SputnikPro модулу бир нече өлкөнүн журналисттерине өткөрүлдү.

Анда Sputnik, @rt_russian, Ruptly жана башка ЖМКлардын алдыңкы журналисттери кесиптештерине тажрыйбалары менен бөлүштү.

Уюштуруучулардын айтымында, ТИМ тарабынан уюштурулган чет өлкөдөгү мекендештердин конгрессинин дээрлик ар бир катышуучусу өз өлкөсүндө ири аудитория менен ЖМК же жеке блогу аркылуу баарлашат. Спикерлер ушул багытта мындан да жакшы жана заманбап иш алып барууну айтып берди.

Алар сайтка жана социалдык тармакка жүктөлгөн маалыматтар, аны берүүнүн жолу, сүрөт жана видео тартуу жана алуунун ыкмасы тууралуу топтогон тажрыйбалары менен бөлүштү. Популярдуу болуп жаткан TikTok жана Instagram менен иштөөнү да үйрөтүшкөн.

28
Белгилер:
Sputnik, SputnikPro, долбоор, ЖМК, тажрыйба, иш-чара, журналист
Тема боюнча
Россиялык эксперт журналисттерге көздөгөнүнө жеткире турган 5 кеңеш айтты