Кафеде кардардын заказын күтүп тажаган курьер өзү тамак жасай калды. Видео

© Sputnik / Александр ШтольКафеде тамак жасоо. Архив
Кафеде тамак жасоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2021
Жазылуу
Курьер заказын алганы келип, бир дагы ашпозчунун колу бош эмес экенин көрөт. Ошол маалда кардарды көп күттүргүсү келбеген ал тамакты өзү даярдай калууну чечет.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Малайзияда бошобогон ашпозчуну күткөн курьер кардарынын тамагын өзү жасады. Бул тууралуу AsiaOne кабарлады.
Маалыматка караганда, курьер кардары сураган тамакты алганы барганда ашпозчулардын бардыгы бош эмес болуп чыккан. Ал күткөндөн тажап кетип, бир маалда тамакты өзү жасай баштаган.
Бул окуяны TikTok тармагынын @broarifffff аттуу колдонуучусу видеого тартып алган.
 
​Селангор штатында тартылган видеодон тез татым жайынын жанында мотоциклдер токтоп турганын көрүүгө болот. Кийин автор камераны эркек киши камыр жууруп жаткан тарапка которот.
Бул кадрлар интернетке тарап, колдонуучулар курьерди мактоого алууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0