Иран Афганистан боюнча Москвада өтүүчү отурумга катышат

© REUTERS / JORGE SILVAТалибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив
Талибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Жазылуу
Ирандын тышкы ведомствосунун жетекчиси 27-октябрда Тегеранда өтө турган Афганистандын коңшу өлкөлөрүнүн ТИМ жетекчилеринин деңгээлиндеги жолугушуусу болорун айтты.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Иран Москва форматында Афганистан боюнча 20-октябрда өтө турган сүйлөшүүлөргө катышат. Бул туурасында Ирандын ТИМ жетекчиси Саид Хатибзадеге таянып RT кабарлады.
"Москвадагы отурум боюнча айтсак, ага биздин өкүл атайын барып, катышат ", — деген Хатибзаде.
Кабул шаарындагы Талибан кыймылынын мучөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2021
Күндүн жарыгын көрбөгөн кыз-келиндер... Талибдерди бийликке алып келген 7 учур
Мындан сырткары, Ирандын тышкы ведомствосунун жетекчи Хатибзаде 27-октябрда Тегеранда өтө турган Афганистандын коңшу өлкөлөрүнүн ТИМ жетекчилеринин деңгээлиндеги жолугушуусу туурасында да кулак кагыш кылган.
"Тегеранда Афганистандын коңшуларынын тышкы иштер министрлерин кабыл алабыз. Бул жолугушуу бетме-бет форматта өтөт", — деген Ирандын ТИМ жетекчиси.
Буга чейин радикалдык "Талибан"* кыймылы 20-октябрда Москвада Афганистан боюнча сүйлөшүүлөргө катышарын билдирген эле.
* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм
Жаңылыктар түрмөгү
0