Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып кетиши мүмкүн деген алты мамлекет. Тизме

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүТегеран шаары, Иран. Архив
Тегеран шаары, Иран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Макаланын автору Кайши Лэнгтондун айтымында, бүгүнкү мезгилде дүйнө глобалдык конфликтиден кооптонууда. Биринчи кезекте кеп АКШ менен Ирандын ортосундагы өзөктүк программадан улам тиреш тууралуу болуп жатат.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Британиянын Daily Express басылмасы үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып кетүү тобокелчилиги жогору аймактардын тизмесин түздү.
Макаланын автору Кайши Лэнгтондун айтымында, учурда дүйнө глобалдык конфликтиден кооптонууда. Биринчи кезекте кеп АКШ менен Ирандын ортосундагы өзөктүк программадан улам тиреш тууралуу болуп жатат.
"Кырдаал курчуй турган болсо Тегеран Ормуз кысыгын жабышы ыктымал. Ал жак аркылуу дүйнө жүзүнө мунайдын 30 пайызы экспорттолот. Бул Вашингтондун союздаштары менен мамилесин солгундатып, Сирия менен Йеменде жаңы согушту шартташы ыктымал", — деп жазылган макалада.
Кабул шаарындагы Талибан кыймылынын мучөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2021
Күндүн жарыгын көрбөгөн кыз-келиндер... Талибдерди бийликке алып келген 7 учур
Мындан сырткары, кара алтын үчүн Иран менен Израилдин көптөн берки тиреши ири жаңжалга айланып кетиши мүмкүн. Журналист белгилегендей, акыркы учурда АКШ менен Түркиянын ортосунда дагы мамиле солгундап, абал курчуп жатат. Эки мамлекеттин ортосундагы чыр күрддөрдүн айынан жаралган пикир келишпестиктен жана Эрдогандын пландарынан улам чыгышы мүмкүн.
Ленгтон Ак үй Кытай жана Түндүк Корея менен да согушушу ыктымал экенин белгилеген. Журналисттин айтымында, Пхеньян аскердик машыгууларды улантып, жакында эле АКШны кастык саясаты үчүн күнөөлөп, аларга эскертүү берген.
"Кытай боюнча ала турган болсок, соода согушунан сырткары, жаңжалга эки мамлекеттин эл аралык аренага таасиринин курчуп жатканы себеп болушу ыктымал", — деп жазылат макалада.
Журналист үчүнчү дүйнөлүк согуш Индия менен Пакистандын ортосундагы карама-каршылыктан улам да чыгып кетерин божомолдогон. Эки мамлекеттин ортосунда Кашмир боюнча маселе ачык бойдон турат. Анын айынан эки жакта тең бир нече теракт жана толкундоолор болгон.
Макаланын автору жакында эле бийликке талибдер келген Афганистандагы кырдаалды да эске салган.
Жаңылыктар түрмөгү
0