Украинадагы АКШнын аскерлери. Архив

Дүйнөнү селт эттирип... Украина НАТОго кирсе эмне болот?

285
Вашингтон Украинанын Куралдуу күчтөрүн куралдандырууну улантат. Бул тууралуу Американын коргоо министри Ллойд Остин Киевге барганда билдирди.

Пентагон башчысынын айтымында, АКШ бийлиги Киевдин НАТОго умтулушун толук колдойт, буга бөгөт болууга эч кимдин акысы жок. Москвада муну кызыл чийин деп эсептешет. Украинанын Түндүк атлантикалык блокко кабыл алынышы Россия жана дүйнөгө кандай кооптуулук жаратарын Андрей Коц талдап, макала РИА Новости сайтына жарык көрдү.

Кызыл чийин

Остиндин Украинага сапары абдан шаан-шөкөт менен өттү. Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары кубангандарын жашырбай, өлкөнүн НАТОго кирүү маселеси дээрлик чечилди деп жатышты. Анткен менен Пентагон башчысы украиналыктарга так деле нерсе убада кылган жок. Суверенитетин жана евроатлантикалык умтулуусун колдой турганын, ошондой эле ачык каалгалар туурасында гана жалпы сөздөрдү айтты.

Кантсе да бул жөн гана сыпайы сапар болбоду. Остиндин учагы Киевге конор алдында Кара деңиздин россиялык Крым жээги тарабынан Кошмо Штаттардын Аскер-аба күчтөрүнүн эки B-1 бомбалоочу учагы өттү. "Силердин чек араңардын жанынан узакка орун алдык" дегенди кыйыткандай кадам болду.

Брюссель да, Вашингтон да Украинага НАТОго кабыл алууга эч кандай кепилдик бербесе да, Кремлдегилер буга абдан олуттуу карашат. Россиялык президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул жагдайды Россиянын улуттук кызыкчылыктарынын кызыл чийинин одоно бузуу деп баалады. Эгер украиналыктардын бул көздөгөнү жүзөгө ашып калса, Москва "өз коопсуздугун камсыздоо үчүн абдан активдүү чараларды көрүүгө" аргасыз болот.

Украина мындай билдирүүгө дароо жооп кайтарды. Аталган мамлекеттин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба текебердик менен Киев үчүн бул темада Москванын пикири баары бир экенин айтты.

Россиялык сенатор Алексей Пушков, тескерисинче, бул маселе АКШнын НАТО боюнча европалык союздаштарын өтө түйшөлтө турганын эске салды. Альянстын жаңы мүчөсү үчүн алар өзөктүк держава менен согушууга ниеттенбейт. Анан да бул Батышка көйгөйдөн бөлөк эч нерсе алып келбейт. Кудай жалгап континентте белгисиз бир нерсе үчүн өз жоокерлерин өлүмгө жиберүүнү каалагандар аз. Эксперттер жакынкы келечекте Украинаны Түндүк атлантикалык блокко кабыл алары арсар экендигин айтышат.

РФ Федералдык кеңешинин эл аралык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Жабаров Ллойд Остин альянска мүчө болууну долулана талап кылып жаткан киевдик бийликти жошутууга гана келгенин боолголойт.

Кандай болгон күндө да Украина, жакын арада болбосо да, качандыр бир НАТОнун катарында болору толук ыктымал. Америкалыктар бул республиканын Куралдуу күчтөрүн заманбапташтырууга көп каражат жумшады, ал эми алар эч качан пайда көрбөс ишке акча салбайт.

Донбасс маселеси

"Украина чындап эле Россия үчүн — баягы кызыл чийин, НАТОну андан эч убакта өткөрүүгө болбойт, — дейт аскердик илимдердин доктору Константин Сивков. — Себеби жөпжөнөкөй: украиналык калк этникалык жактан орустарга окшош. Маңызында аталган өлкөнүн НАТОго кириши толук кандуу жарандык согушка шарт түзөт. Бул АКШ үчүн абдан пайдалуу.

Пентагон Украинанын Куралдуу күчтөрүнөн кокус Түндүк атлантикалык альянс менен Россия жаңжалы тутанып кете турган болсо, алдыңкы катарда бара турган биринчи эшелонду түптөөдө".

Эксперттин баамында, Украина НАТОго киргенде анын чыгыш чек араларында заматта Батыштын Уралга чейин да аба жана жер бетиндеги абалга байкоо сала турган чалгындоо аппаратурасы пайда болот. Аркасынан америкалыктар Россиянын ири калааларына дейре тез жете турган Ракетага каршы коргонуу тутумдары, чакан жана орто аралыкка учуучу ракеталарды жайгаштырат.

"Донбасс көйгөйү жөнүндө да унуткарбоо зарыл, — деп кошумчалайт Сивков. — Украина НАТОго кирген соң таанылбаган республикалар менен батыш өлкөлөрүнүн жоокерлери согушушу мүмкүн. Анда Донбасс жана Луганск элдик республикалары толук кыйрайт же Россия аларга болушат. Ал эми мындай абал Батыш менен ачык тирешке кептейт".

Андай учурда козголоңчу республикалардын көз карандысыздыгын таанып, аларды Россиянын курамына алуу Кремлдин эң туура кадамы болот деген ойдо эксперт. Батыш дал ушундан чочулайт. Мындан сырткары Россияга батыш чек араларын дагы чыңдоого туура келет.

"Кандай болсо да НАТОдогу Украина — биз үчүн олуттуу коркунуч, ага көз жуумп коюуга болбойт", — деп белгилейт Сивков.

Эреже деген жок

Ушул тапта Украинанын альянска киришине негизги тоскоолдук — Донбасстагы согуш. Уюмдун уставына ылайык чечиле элек аймактык, этникалык же саясий жаңжалдары бар мамлекеттерди мүчөлүккө алышпайт.

Брюсселдегилер да океан ар жагынан берилген белги менен башкалардын согушуна аралашкыдай кемчонтойлор эмес. Алар да кайсы бир эрежелерди сактоо зарылдыгын түшүнүшөт. Бирок эрежелер тургай, эл аралык укуктар деле түндүк атлантикалык блокко мүчө өлкөлөргө Косовонун көз карандысыздыгын таанууга, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин уруксаты жок Иракты басып кирүүгө бөгөт боло алган эмес...

"НАТО шантажын улантууда, — дейт Аскердик илимдер академиясынын профессору Сергей Судаков. — Россиянын аталган альянс менен өз ара аракеттешүүсүн өбөлгөлөгөн дипломаттарды бардык түзүмдөрдөн кетирүү алардын акыркы кадамдарынан болду. Кансыз согуш жылдарындагы өз ара ымала түзүү принциптери эскирди. Бүгүнкү күндө билеги күчтүүнүн гана укугу баалуу. Анан, албетте, Украина күчтүүлөрдүн дүйнөсүнө баш багууга ашыгат".

Саясат таануучунун пикиринде, Россия кеминде эле өлкө үчүн эмне кооптуу жана кайсы жагдай коркунуч жаратпай турганын так ажырата турган улуттук коопсуздук концепциясын иштеп чыгууга тийиш. Ал Украина НАТОго кабыл алынгандан кийин Россия чек араларына америкалык "Томагавк" ракеталарын жайгаштырылса, бул согушка түз алып барчу жагдай экенин белгилейт.

"Анткени соңку ирмемге дейре аталган ракеталар кандай бөлүк менен жабдылганын тактай албайбыз, — деп түшүндүрөт Судаков. — Ал стандарттык, майдаланма-фугастык, балким, өзөктүк да болушу мүмкүн. Дүйнөдө абадан коргонуу тутумдарыбыз мыкты жана күчтүү болсо да, бир нече миң "Томагавктан" атылган залпты ооздуктоо өтө кыйын".

Кыязы, кырдаалдын олуттуулугун РФтин Коргоо министрлигиндегилер да баамдашкан көрүнөт, Батыш аскердик округунун күчтөрү батыштын кол салуусунан коргонуу деген уламыш менен командалык-штабдык машыгууларды байма-бай өткөрүүдө.

285
Белгилер:
Украина, НАТО, Россия, кызыкчылык, мамиле, БУУ, Донбасс, каршылык, коркунучтар
Тема боюнча
Россия — Беларусь. Союздук мамлекеттин түптөлүшү, максаты, келечеги
Россиянын полиция кызматкери. Архив

Москвада кыргызстандык таксистке ок атылды. Окуя видеого түшүп калган

301
(жаңыланган 00:07 04.12.2021)
Каргаша болгон жерден айдоочу из жашырып кеткени айтылууда. Алдын ала маалыматка караганда, ал травматикалык курал колдонгон.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Москванын чок ортосунда жолтандабастын айдоочусу кыргызстандык таксист менен жаңжалдаша кетип атып жиберди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Россиянын ЖМКлары окуя Чоң Грузин көчөсүндө болгонун жазууда. Алдын ала маалымат боюнча, таксист оң тарапта авариялык жарыкты жандырып турган. Ал жүргүнчүнү күтүп турушу мүмкүн экени айтылууда. Ал эми Cadillac Escalade унаасынын айдоочусу өтө албай калган. Мындан улам экөө айтыша кеткен. Натыйжада жолтандабастын айдоочусу тапанча менен таксистти көздөй бир нече ирет ок чыгарган. 

Окуя болгон жерден айдоочу из жашырып кеткени айтылууда. Алдын ала маалыматка караганда, ал травматикалык курал колдонгон.

Элчилик таксист Кыргызстандын 23 жаштагы Алманбет Абдрахманов аттуу жараны экенин билдирди.

“Мекендеш окуя болгондон кийин ооруканага жаткырылган. Аталган маселе элчиликтин көзөмөлүнө алынды. Кыргызстандын жаранына тиешелүү консулдук жардам берилет”, — деп жазылат релизде.

Шектүүгө карата курал колдонуу менен бейбаштык кылуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми РЕН ТВ телеканалы жолтандабастын айдоочусу Дмитрий Махалов экенин билдирди. Ал 2009-жылы уурулук ишине фигурант катары соттолгону белгиленет. Эки жыл мурун да жаңжалга аралашканы айтылат.

301
Белгилер:
Москва, таксист, Кыргызстан, элчилик, сатуу
Тема боюнча
Бишкек: ок чыгарган уландын ГБРде иштээри аныкталып, тапанчасын тапшырды
АКШда атылган кыргызстандык. Каргашага чейинки окуянын видеосу тарады
Афганистандык Шафажо-Мохаммад Рафи

Кабулдагы кыргыздардын абалы оор. Афганистандан келген Шафажонун маеги

447
(жаңыланган 20:45 03.12.2021)
Афганистандык Шафажо-Мохаммад Рафи 13 жылдан бери Кыргызстанда жашап, жогорку билим алып, бала-бакыралуу болуп, бир жыл мурун жарандык алган.

Ал бир айдай кичи мекенинде жүрүп Бишкекке кайтып келди. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аны менен Афганистандагы учурдагы абал боюнча маек курду.

— Балалыгыңыз Афганистанда өтүп, кийин Кыргызстанда жашап калган экенсиз. Бул жактын жарандыгын качан алдыңыз?

— Мен Кабул шаарындагы белгилүү Истиклол мектебин бүтүргөм. Атам дарыгер, апам банкта иштеген. Башында Кыргызстандын каякта жайгашканын билчү эмесмин. 2006-жылы жогорку окуу жайга тапшырып Бишкекте окуп калдым. Бул жактан "Ала-Тоо" эл аралык университетинде, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында билим алгам. 2013-жылы үйлөнүп, Эл аралык мамилелер багыты боюнча Борбор Азия университетин окуп жүргөм. Бирок талибдер* бийликке келгенден кийин окууну токтотууга мажбур болдум. Анткени шашылыш түрдө Афганистандагы апам, карындашым, туугандарыма барып, жардам беришим керек болчу. Кыргызстандын жарандыгын өткөн жылы алдым.

Афганец, работающий врачом в Бишкеке Мохаммад Рафи Шафажо
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы афганистандык Шафажо-Мохаммад Рафи менен Афганистандагы учурдагы абал боюнча маек курду

— Азыр кичи мекениңизге учактар каттабай, чек аралар жабык турат дешүүдө. Кабулга кантип жеттиңиз?

— Келинчегим менен убактылуу жашап жаткан Краснодардан Украинанын Житомир шаарына жетип Стамбулга учкам. Бирок ал жакта Кабулга түз аба каттамы жок болгондуктан кайра Краснодарга учуп келип бир айдай жүрдүм. Андан соң Өзбекстандын Бухарасына учуп барып автоунаа менен чек арага жетип, андан ары жөө кеттим. Азыр көпчүлүк афганистандыктар өлкөдөн чыгып кетүү аракетин көрүп жатат, аларды жолдон кезиктирдим. Андан ары Мазари-Шариф аркылуу эптеп Кабулга жеттим. Учурдан пайдаланып Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине, Россиянын Коргоо министрлигине ыраазычылык билдирем. Алардын аракети менен Афганистандан аман-эсен эвакуацияланып чыгып кете алдым. Анткени ал жакта абал оор. Жалгыз мен үчүн россиялык учкучтар Кыргызстанга конуп, көздөгөн жериме жеткиришти.

— Ал каттамда кыргызстандыктардан сиз жалгыз болгон экенсиз, эвакуациялоо иши алдын ала кабарланды беле?

— Ооба. Россиялык учак КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын алып чыгып кетет деген маалымат берилген. Мен тизмеге кошулуп кетүүгө колдон келишинче аракет кылдым. Каттамдын ичинде Кыргызстандан мен жалгыз болдум. Ичинде жүздөгөн жүргүнчүсү бар учак мен үчүн атайын Кантка конду. Учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирем.

— Учурда Афганистанда, Кабул шаарында абал кандай?

— Ушу тапта мамлекеттик органдар толук кандуу иштеген жок, натыйжада экономикалык көйгөйлөр көбөйүүдө. Азыр банкоматка кезекке турсаңыз, акчаны бир күндөн кийин ала аласыз. Анда дагы 25 миң сомдон көп акча берилбейт. Ишкерлердин көпчүлүгүнүн топтогон акчасы банкта сакталгандыктан көпчүлүгү ала албай жатат. Эл ачка, азык-түлүк жетишсиз болууда. Мындан улам жергиликтүү тургундар 100 доллар үчүн колуна курал алып согушууга даяр болуп калды. Иштегенге жумушу жок, тамак-аш тартыш. Жегенге жөнөкөй эле нан, күрүч жок. Элдин ачарчылыкта калуу коркунучу күч. Коопсуздук жагын айтсам, шаарда күнүгө терактылар катталууда. Мен жолуктурган талибдердин* сүйлөгөн сөзүнөн эле каяктан экенин байкап жүрдүм, көпчүлүгү пакистандык пуштулар экен. Көчөдө экиден болуп куралчан жүрүшөт. Кабулдун өзүндө абал тынч эмес. Бир нече күн мурун элчиликтин жанында жүргөндө теракт болду. 150 метр алыстыкта токтотулган автоунаа жарылып, катуу чыккан үнүнөн кулагым эки-үч күн ооруп жүрдү. Ага чейин базардагы жардырууга да күбө болгом. Экөөндө тең мени кудай чоң сактады.

Афганец, работающий врачом в Бишкеке Мохаммад Рафи Шафажо
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Шафажо-Мохаммад Рафи: көпчүлүгү тынчсыздангандыктан үй-жайын таштап чет өлкөгө кетип жатышат. Менин тааныштарымдын көбү сыртка чыгып кетишти

— Эл аралык басылмалар качкындар санынын көбөйгөндүгүн жазышууда, жергиликтүүлөр талибдерди* кандай кабыл алып жатат?

— Көпчүлүгү тынчсыздангандыктан үй-жайын таштап чет өлкөгө кетип жатышат. Менин тааныштарымдын көбү сыртка чыгып кетишти. Өлкөнүн ичинде качкындар көбөйдү. Бардыгы эле чет мамлекетке кеткиси келгендиктен кошумча көйгөй пайда болууда. Авиабилет, виза өтө кымбаттап кетти. Азыр коңшу Пакистанга 900, Иранга 600 доллар менен учууга болот. Сырткары чыкканга паспорт жасатууга кезек күткөндөрдүн саны арбып, анын акысы 700 долларга чейин жогорулап кетти. Эки жума мурун апама Түркияга виза алып, иним экөөнү Стамбулга учуруп жибердик. Билети эле 900 доллар болду. Карындашым үч кызы жана жолдошу менен Кабулда калды.

Талибдерге* эл ишенип жатат деп айта албайм, азыр кыздарды 6-класстан кийин окутпай жатышат. Ооруканада аялдар гинеколог, педиатр болуп гана иштей алат. Алар аябай сабатсыз экен, чек арадагы өткөрүү пунктунда отурган талибдер* жөнөкөй эле паспортко мөөр койгонду билбегенин көргөндө таң калдым. Кийин Кабулдун ортосунда жол тыгынын жаратып көчөнүн ортосунда аскердик унаа токтоп турганын көрүп калдым. Аны кайтарган талибдин* жанына барып "аскердик техника бул жакта эмнеге токтоп турат" десем, айдагандан, аны чукулагандан коркуп жатабыз дейт. "Туура эмес жерин басып алсак жарылып кетсе эмне кылабыз" деди.

— Мамлекеттик органдар, социалдык мекемелер иштеп жатабы?

— Мектеп, оорукана, мамлекеттик органдарда иштегендерге бир нече айдан бери айлык берилбегендиктен алар жумуштан кетти. Жалпылап айтканда, алар оңгулуктуу деле иштеген жок. Министрликке барсаң ичинде бир-эки киши эле отурган болот. Мурун иштегендерди талибдер жумушка чакырып көрүшүптүр, бирок ал кызматкерлер коркуп келбей коюшуптур. Кабулда бир айдай жүрүп келдим. Бир күндө жок дегенде бир теракт катталууда.

Афганец, работающий врачом в Бишкеке Мохаммад Рафи Шафажо
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулу
Шафажо-Мохаммад Рафи: мурун иштегендерди талибдер жумушка чакырып көрүшүптүр, бирок ал кызматкерлер коркуп келбей коюшуптур. Кабулда бир айдай жүрүп келдим. Бир күндө жок дегенде бир теракт катталууда

— Афганистандагы кыргыздардан кабарыңыз жокпу? Аларга Кабулдан кезиге алган жоксузбу?

— Кабулда жалданып жумушта иштеп курсагын тойгузууга аракет кылган кыргыздарга кезиктим. Алар менен сүйлөшсөм "курсакты тойгузсаң акысыз эле иштеп берем, акчаңдын деле кереги жок" дешти. Ал эми Памирде суук болгондуктан көбү ылдый түшкөн жок. Кээде мал сатканы жакага түшүп калышат экен. Мен Кабулдан бир-эки кыргызды көрүп калдым. Алар мал сатканы, дарыгерлерге көрүнгөнү, дары-дармек алганы келиптир. Бирок Афганистанда ак халатчандардын көбү качып кеткендиктен кимге кайрылууну билбей жатышат. Ошондуктан азыр Памирдеги кыргыздар оор абалда, жардамга муктаж болуп турган учуру. Тоолуу Бадахшанда дарыгер болуп иштеген таанышым "ооруган кыргыздар бизге келип жатышат" дейт. Эгер кызыкдар тарап болсо, Памирдеги кыргыздарга барып медициналык жардам бергим келет. Себеби ал аймакты, тилин жакшы билем, Алар азыр медициналык жардамга өтө муктаж болуп жатат.

— Кыргызстан сиздин экинчи мекениңиз болуп калган экен да.

— Кыргызстанда жакшы, көчөдө ээн-эркин, кооптонбой жүрө аласың. Россияда жүргөндө каяктансың деп сураганда Кыргызстандан деп жооп берем. Анткени Бишкекке 17 жашымда келип, 13 жылдан бери ушул жактамын. Үйлөнүп, эки кыз, үч уулдуу болдум. Афганистанга барганда өзүмдү мекенимде жүргөндөй сезбейм. Кыргызстанга келгенде өз жеримде жүргөндөй болом. Афганистанда кечки сегизден кийин көчөгө чыга албайсың. Кээде түнү бою атышуу болуп уктай албай чыгасың. Америкалыктар афганистандыктарды канча жыл талибдерге* каршы согуштуруп кетип калышты. Эми алардын саясатынын кесепетин эл тартып жатат.

* – Террордук иштери үчүн БУУнун санкциясына алынган уюм.

447
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, маек
Тема боюнча
Масадыковдун Афганистанга барганы боюнча президенттин аппараты түшүндүрмө берди
Антрополог Маршалл: Памирдеги кыргыз аялдардын жашоосу өзүнчө изилдөөгө татыйт
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

0
(жаңыланган 00:10 04.12.2021)
Телефон менен сүйлөшүүдө Путин Садыр Жапаровду келе жаткан туулган күнү менен да куттуктап кеткен.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 2022-жылы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке төрагалык кылат. Телефон аркылуу сүйлөшүүдө президенттер кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.

Сүйлөшүүдө Жапаров элдин эрки менен өткөн парламенттик шайлоо тууралуу айтып берип, Россияга шайлоолорго байкоочу катары активдүү катышып, мекендештердин добуш берүүсүн уюштуруудагы көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле "Спутник-лайт"  вакцинасынын кезектеги партиясын жеткиргендиги үчүн рахматын айткан.

Өз кезегинде Путин Жапаровду шайлоону ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктап, Кыргызстан элинин бакубаттуулугу үчүн өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн каалаган. Ошондой эле Жапаровду келе жаткан туулган күнү менен куттуктаган. Өлкө лидерлери тараптар ортосундагы активдүү диалогду союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде улантуу чечимин бекемдешти.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, Садыр Жапаров, Владимир Путин, сүйлөшүүлөр
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Садыр Жапаров: БШК бийлик кысым кылганын айтса, отставкага кетем
Бюллетендердин 99%ы кол менен саналып бүттү. Кайсы партиялар өттү