Балдар көчөдө өлүп жатат. Кышында Афганистанда ачарчылык болору божомолдонууда

© AP Photo / Felipe DanaАфган балдары Кабулдун жакыр районунда ойноп жатышат. Архив
Афган балдары Кабулдун жакыр районунда ойноп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
Бириккен Улуттар Уюму Афганистанда азыртадан эле 22,8 миллион киши тамак-ашка жетпей жатканын айтууда.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Чукул аракеттер көрүлбөсө, келе жаткан кышта миллиондогон афган эли ачарчылыкка кептелет. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу боюнча программасынын божомолуна таянып ВВС жазды.
"Ушул тапта Афганистан ири гуманитардык кризиске учурады. БУУнун эсеби боюнча азыртадан эле 22,8 миллион киши тамак-ашка жетпей, беш жашка чейинки курактагы 3,2 миллион бала ачка калууда", — деди аталган программанын директору Дэвид Бизли.
Ситуация у аэропорта Кабула - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Россия: Афганистандын жаңы бийлиги элдин жашоосун жакшыртууга аракет кылууда
Ал эми ВВС жергиликтүү ЖМКларга таянып, Афганистанда эмитен эле балдар ачкачылыктан каза болуп жатканын жазды. Тагыраагы, "Хашт-е-Собх" гезити ата-энесиз калган үчтөн 11 жашка чейинки сегиз бала Кабулдагы райондордун биринде көчөдө көз жумганын кабарлаган.
Эске салсак, август айында америкалыктар аскерлерин өлкөдөн чыгарууну айткандан кийин "Талибан"* кыймылы активдешип, кийин өлкөнү каратып алган. Бул нерсе Афганистанда гуманитардык, экономикалык жана саясий кризисти жаратты.
* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм
Жаңылыктар түрмөгү
0