Талибдер кафе, ресторандарга катуу чектөө койду

© AFP / WAKIL KOHSARКабул шаарынын ресторандарынын бириндеги адамдар. Архив
Кабул шаарынын ресторандарынын бириндеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жазылуу
Афганистандын жаңы бийлиги өлкөнүн провинцияларында өздөрүнүн жаңы тартиптерин орнотууну улантууда.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. "Талибан"* Бадахшан провинциясындагы кафе-ресторандарга өздөрүнүн катаал талаптары менен чектөөлөрүн койду. Бул туурасында AVA Press басылмасына шилтеме берип Sputnik Тажикстан жазды.
Москвадагы талибдердин делегациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Москва талибдерден афган элине либералдуу мамиле күтөрүн айтты
Бул биринчи иретте ресторан менен кафеге келгендерге тиешелүү болуп чыкты. Эми мындан ары аялдар менен эркектер бир жерде отуруп тамактана алышпайт. Чылым чеккенге жана намаздын маалын өткөрүп жиберүүгө болбойт. Ал жерде музыка ойнолбошу керек.
"Бул жаңы афган бийлигинин биринчи салган тыюулары эмес. Буга чейин талибдер үйлөнүү тойдун эрежелерин бекиткен. Отель менен ресторандардын ээси конокторду "эркектер" жана "аялдар" тарап деп бөлүп отургузууга милдеттендирилген", — деп жазды басылма.
Салтанатка келгендер уюштурулган көңүл ачуучу ар кыл сынактарга катышпашы керек, ал эми дасторконго гормэ кошулган күрүч жана нан гана коюлушу керектиги айтылган. Үйлөнүү тойдо да музыкага тыюу салынган.
* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм
Жаңылыктар түрмөгү
0