Дэниел Чжоу: Huawei Россия менен биргеликте жогорку технология түзүүгө даяр

© Фото / пресс-служба Huawei / Алексей ЕреминHuawei компаниясынын Евразиядагы президенти Дэниел Чжоу
Huawei компаниясынын Евразиядагы президенти Дэниел Чжоу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жазылуу
Huawei компаниясы жаңычылыктарды алдыга сүрөп жана Россиянын маалыматтык-коммуникациялык технология индустриясын туруктуу өнүктүрүүнү колдоо үчүн кызматташууну улантат.
Андан сырткары, өлкөдөгү жогорку тажрыйбалуу IТ-адистерди даярдоого көмөктөшөрүн Huawei компаниясынын Евразиядагы президенти Дэниел Чжоу билдирген.
Ал онлайн-режимде өткөн "Санариптешкен коомчулук 2021" (Huawei Digital Community Conference, HDCC) конференциясына катышып, пленардык жыйында сүйлөгөн. Huawei Digital Community Conference - маалыматтык-коммуникациялык технология тармагындагы ири тармактык конференция. Анда бизнесмендер, эксперттер, саясатчылар санарип жаңычылдыктарынын азыр өтө белгилүү болуп жаткан учурларын талкуулады.

Өзгөрүүгө карай

2020-жылдын март айында Huawei компаниясы Илим изилдөө жана конструктордук тажрыйба сыноочу иштерге керектүү 1,1 миллиард доллар коротуп, россиялык маалыматтык-технологиялык тармак үчүн 15200 адис даярдаган. Алардын ичинен 1,5 миң эксперт 5G, ал эми беш миңге чукулу IP/IT жаатында.
"Huawei дүйнөдөгү мыктылардын мыктысы болгон 5G тармагын түзүү боюнча глобалдуу операторлор менен тыгыз кызматташып келет. 700дөн ашуун шаарларда 267 компания дүйнө боюнча 5G экосистемасын акырындап түзүп келе жаткан санариптик трансформация боюнча Huawei компаниясын өнөктөш катары тандады", — деди ал.
Евразия аймагы боюнча президент мындай багыт тездик менен өнүгүп бара жаткандыгын, маселен, Huawei Cloud Кытайда экинчи, ал эми дүйнөдө бешинчи орунга чыккандыгын айтты.
"Жылдын биринчи жарымында компаниянын өсүшү өзүнүн туруктуулугун сактап калды: түшкөн пайда 49,6 млрд. доллар, ал эми таза пайда 9,8 пайыз болду", — деген Чжоу.
Ал 2020-жылдын мартында Huawei "Бирдиктүү санарип келечегинин коомчулугу" деп аталган стратегияны сунуштагандыгын эске салып, аны ишке ашыруу россиялык өнөктөштөрдүн да компаниясынын бирдиктүү санарип коомчулугун түзүүгө жардам берерин айткан. Анын максаты "россиялык ИКТ-индустриясынын гүлдөшү жана тармактын санарип трансформациясы менен санарип экономикасынын өнүгүшүнө көмөктөшүү" болгон.
© Фото / пресс-служба Huawei / Алексей ЕреминHuawei компаниясынын Евразиядагы президенти Дэниел Чжоу
Конференция Huawei Цифровое сообщество 2021 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Huawei компаниясынын Евразиядагы президенти Дэниел Чжоу
"Аталган стратегияны COVID-19 пандемиясынын шартында ишке ашыргандан бир жарым жылдан кийин Huawei жана анын россиялык өнөктөштөрү мыкты жыйынтыкка жетти. "Система" АФКсынын бөлүгү болгон Sitronics Group менен биргеликте Huawei технологиясынын базасында биринчи ирет россиялык биринчи серверди түздүк. Баш-аягы айына 1500 бирдик көлөмүндөгү модель иштелип чыккан", — деди Чжоу.
Мындан сырткары, Huawei менен "Сбер" биргелешип кеңседеги иштерди жана аны башкаруунун майнаптуулугун арттыруу максатындагы "акылдуу кампус" боюнча комплекстүү чечим иштеп чыккан.
Санарип коомчулук 2021 конференциясын банери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Huawei компаниясынын конференциясында санариптик тренддер талкууланат
"Сбер Салют" боюнча үн жардамчыны мисалга келтире кетейин: алар геолокация, музыка, социалдык тармактар, электрондук төлөмдөр боюнча тагылган Huawei акылдуу экран же акылдуу саат", – деген Чжоу.
Директор 5G боюнча лицензиялоо, бешинчи муундун тармагын куруу процесси жакындап келе жатышы менен 5G системасын сыноо үчүн индустрия, операторлор полигон муктаждыгына тушугарын айткан. Ал бизнес жана колдонуучулар үчүн даярдалган келечектеги сценарийлерди тестирлөөдө бизнес-инкубатор катары кызмат кыларын түшүндүргөн.
"Бул лаборатория операторлор, инновацияларды киргизүү үчүн керек болгон тармактык интеграцияларды, тиркемелерди иштеп чыга турган өнөктөштөрдүн иши үчүн кызмат кылышы керек. Ага кошумча тестирлөө, 5G кызматын текшерүү, андан сырткары кирешелүү жаңы моделдерди окуп-үйрөнүү иштери жасалат", — деген Чжоу.

Үч триллиондун рыногу

Конференцияда SberData компаниясынын башкаруучу директору Борис Рабинович Huawei менен кызматташуу "Сбердин" өзүнө жана кардарларына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берерин айткан.
"Биз маалыматтарды сактоонун наркын төрт эсе кыскартууну, колдонуучулардын арбышын каалайбыз. Бул өтө дымактуу максаттар. Huawei менен кызматташуунун негизинде SberCloud платформасын, сервистик инфраструктураны түзүп, жумасына жети сутка күнү-түнү колдоого алып турууну уюштурдук. Россияда мындай деңгээлдеги колдоо менен камсыз кылууга жеткендердин биринчиси болдук. Биз азырынча бардык сервисти колдоно элекпиз. Бул башталышы гана. Баш-аягы элүүгө чукул сервис болот", — деген Рабинович.
"Система" акционердик финансылык компаниясынын аткаруучу директору Илья Этко софт өндүрүшчүлөрдүн (россиялык) эл аралык компаниялары менен кызматташуусунун пайдалуу жактарын белгиледи.
© Фото / пресс-служба Huawei / Алексей Еремин"Система" акционердик финансылык компаниясынын аткаруучу директору Илья Этко
Конференция Huawei Цифровое сообщество 2021 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
"Система" акционердик финансылык компаниясынын аткаруучу директору Илья Этко
"Жакынкы он жылдыкта жаңы кызматтар арбыйт. Аны бир гана компаниянын күчү менен даярдап чыгууга мүмкүн эмес. Андыктан кардарларга ар кыл кызматтарды сунуштоо үчүн аймактык жана эл аралык өнөктөштөрдүн ролу абдан керек болот. Рынокто атаандаштык абдан көп жана өтө ал өтө татаал. Бирок ошого татыйт. Он жылдан кийин аны дээрлик 3 триллион долларга баалап калышат. Рынокто атаандаштык артыкчылыгын түзүп алган компаниялар гүлдөп, иши өргө кетет", — деди Этко.
"Ростелеком" ишканасынын стратегия жана өнүктүрүү боюнча директору Олеся Мамчур санариптешүү бизнес үчүн эле эмес, мамлекет, анын ичинен медицина жана саламаттыкты сактоо тармагы үчүн өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.
© Фото / пресс-служба Huawei / Алексей Еремин"Ростелеком" ишканасынын стратегия жана өнүктүрүү боюнча директору Олеся Мамчур
Конференция Huawei Цифровое сообщество 2021 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
"Ростелеком" ишканасынын стратегия жана өнүктүрүү боюнча директору Олеся Мамчур
"Санариптештирүүнү идеалдуу жолу саламаттыкты сактоодогу, билим берүүдөгү жана бөлөк тармактардагы сапаттуу мамлекеттик кызмат. Ал дарыгердин, бейтаптын, мугалимдин суроо-талаптарына жооп бергидей болушу шарт. Мыкты деген вариант жарандардын маалыматтардын бир серверде сакталышы, аларды Россиянын кайсы гана жеринде болбосун кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. Дал ушул жерден биз жооп бере турчу суроолор жатат", — деген Мамчур.
Дэниел Чжоунун айтымында, аны талкууга чакырган Россиядагы маселе - аралык, алыстык. Эгерде Москва же Санкт-Петербургда жарандардын 20 пайызы жашап, санариптешүү деңгээли жогору болсо, Ыраакы Чыгышка же Түндүккө көп кызматтар али жете элек.
"Бул жерде биз Ростелеком, МТС менен Россиянын бардык аймагын камтыш үчүн иштешибиз керек. Эмгектенип, аракеттенип Россия, анын чоң аймагы үчүн ылайык келип, ыңгайлуу болгон тармакты майнаптуу кылып түзүү боюнча чечимдерди табабыз", — деди ал.

Жаңы технологиянын старт алышы

Пленардык жыйындын алкагында Россиядагы Nof+ технологиясы иштеп баштады деп өзүнүн жөрөлгөсүн жасашты. Huawei компаниясынын Маркетинг жана маалыматтарды берген системаларды сатуу боюнча департаментинин вице-президенти Лю Чжаньминь Nof+ сакталган маалыматтар системасынын маселелерин тармактык деңгээлде чече турган түзүлүш экенин айтты.
© Фото / пресс-служба Huawei / Алексей ЕреминHuawei компаниясынын Маркетинг жана маалыматтарды берген системаларды сатуу боюнча департаментинин вице-президенти Лю Чжаньминь
Конференция Huawei Цифровое сообщество 2021 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Huawei компаниясынын Маркетинг жана маалыматтарды берген системаларды сатуу боюнча департаментинин вице-президенти Лю Чжаньминь
"Бүгүнкү күндө тиркеме тармакта системаны иштетип, эбегейсиз маалыматтарды түзөт. Акыркы 5 жыл ичинде платформа абдан өсүп, сакталган маалыматтардын көлөмү арбыды. Флеш-топтогучтар кадимки дискилерди сүрүп чыгарды. Маалыматтарды сактоо системасы жаңылангандан кийин буюртма берген көп кардарлар тармакта ресурстун жетишсиздигине кабылды", — деди Чжаньминь.
Анын айтымында, Nof+ арбын маалыматтарды эле сактабастан, жөнөкөй тармакка караганда иштешинин тездиги менен айырмаланат. Бирок сапаты, мүмкүнчүлүгү жагынан артта калбайт. Маалыматтардын көбү Ethernet тармагынын ичинде көйгөй жаратпай эле сатылып кете берет.
Ал эми Merlion компаниясынын техникалык директору Мигель Антонов өзүнүн пикирин билдирди.
Ал учурда Nof+ рыноктогу эң жаңы технология экендигин жана аны биринчилерден болуп сатып алгандыктарын айтты.

Эл аралык деңгээлге кантип кадам таштоо керек

HDCC көргөзмөсүнүн негизинде эксперттер, аткаминерлер жана софт өндүрүүчүлөрү талашып-тартышып, пикир алмашуучу аянтчада тармак, ИКТ-индустриясынын келечеги, андан ары өнүгүшү туурасында кеп кылды.
Мурдараак премьер Михаил Мишустин россиялык радиоэлектрондук продукцияга болгон суроо-талапты түзүү боюнча августтагы кеңешмеде сүйлөп, жыл аягына чейин ондон ашык платформалык кросс-тармактык долбоорлор иштеп баштарын айткан. Алар электрондук өнөр жайды өнүктүрүү жана аны турмушка ашыруу үчүн экономиканын бардык секторунда жергиликтүү чечимдерди кабыл алуу жаатында болгон.
Huawei компаниянын Евразия региону боюнча президенти Дэниел Чжоу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Huawei компаниясы Россиянын илим тармагына инвестиция салууга кызыкдар
Жогорку сапаттагы продукцияны тез өндүрүү жаатындагы чечимдердин Sitronics Group компаниясы сунуштады.
"Биз өндүрүшчүлөрдүн көз карашынан алып караганда али жаш компаниябыз. Бизде илимий жактан ойлоп табуу боюнча сапаттуу борбор куруп жана атаандаштык продукцияларын түзүүгө убактыбыз болгон жок. Андыктан Huawei менен өнөктөш болдук. Эми бизде интеллектуалдык менчикке ресурстарыбызды топтоп, рынокко тез арада кирүүгө мүмкүнчүлүк жаралды. Азыр ар бири эле ошол эле россиялык процессорлорго баарын жумшай албайт, андыктан убакыт бар, жетиштүү, ошону менен бирге эле буюртмаларды алыш үчүн акчаны "тоңдуруп" кармап турганга туура келет", — деди Sitronics Group компаниясынын маалыматтык-коммуникациялык жана аппараттык чечимдер боюнча вице-президенти Александр Трохин.
Жаңылыктар түрмөгү
0