Ыргытмак болуп... Англияда аял үйүнөн 2,7 млн. долларлык бриллиант таап алды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүБриллиант. Архив
Бриллиант. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Жазылуу
Үй ээси шыпырындынын арасынан бир фунттук монетанын өлчөмүндөй жаркылдаган тегерек ташка көзү түшкөн. Аны бижутерия деп ойлогон.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Англиянын түндүк-чыгышындагы Нортумберленд округунун тургуну үйүн тазалап жатып, наркы 2,7 миллион доллар турган бриллиант таап алды. Бул тууралуу ВВС маалымат кызматы жазды.
Үй ээси шыпырындынын арасынан бир фунттук монетанын өлчөмүндөй жаркылдаган тегерек ташка көзү түшкөн. Аны бижутерия деп ойлоп, таштандыга салмакчы болгон. Бирок кошунасынын кеңеши менен мурда катылган башка зер буюмдарын да алып зергерге барган.
"Бизге бир капка зер буюм салган аял келди. Шаарга жумуштап келип, биздин кеңсеге баш баккан экен", — деп эскерет Featonby's Auctioneers аукциондук үйүнүн кызматкери Марк Лейн.
Табылга бир фунттук монетанын өлчөмүндөй болгон.
Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2021
Тоюнда 60 кг алтын тагынган келин баса албай... Кытайда тартылган видео
"Чоң таш болчу. Адегенде бул цирконий, синтетикалык алмаздын бир түрү деп ойлогом. Мен бриллиантты текшере турган аспап алганча ал таш менин столумда эки күн жатты. Кийин аны биз Лондондогу өнөктөштөргө жибердик. Антверпендик эксперттер ал таш 34 караттык бриллиант экенин тастыкташты", — деп эскерген адис.
Карат менен өлчөө алмаздын салмагына байланыштуу болот. Асыл таш канчалык оор болсо, ошончолук жогору бааланат.
Аукциончу Марк Лейн асыл таштын баасын укканда эсинен тана түшкөн. Кийин бул колу менен кармап көргөн эң кымбат алмаз экенин белгиледи.
"Өңү, тунуктугу, өлчөмү... 34 караттык бриллиантты табуу акылга сыйбаган көрүнүш", — деп кошумчалады ал.
Анын айтымында, ээси асыл ташты каяктан, кантип алып калганын эстей албайт.
"Көбүнчө жайма базарларга барып, ар кандай эски буюмдарды сатып алчу экен. Алмаз таап алам деп эч качан ойлобосо керек", — деген Лейн.
Кымбат баалуу таш 30-ноябрда Лондондо аукционго коюлат.
Жаңылыктар түрмөгү
0