ДССУ башчысы ооздуктоого мүмкүн болбогон жаңы вирус тууралуу эскертти

© AFP / FABRICE COFFRINIДүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Жазылуу
Гебрейесус дүйнөлүк коомчулукка күчтөнгөн ДССУ керек экенин белгилеп, пандемиялар менен күрөштү камсыз кыла турган жаңы каржылык механизм зарыл экенин кошумчалаган.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус ооздуктоого мүмкүн болбой турган жаңы вирус чыгышы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биологиялык жактан алып караганда, качандыр бир мезгилде биздин алыбыз жетпеген дагы бир вирус пайда болот", — деди Гебрейесус.
Кош бойлуу айым. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Дарыгер COVID-19 аялдын балалуу болушуна таасир этерин айтты
Ал дүйнөлүк коомчулукка күчтөнгөн ДССУ керек экенин белгилеп, пандемиялар менен күрөштү камсыз кыла турган жаңы каржылык механизм зарыл экенин кошумчалаган.
Буга чейин ДССУ башчысы адамзаттын коронавирус пандемиясын жеңүүгө бардык мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, болгону дүйнө аны туура пайдаланбай жатканын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0