Киши кургак жерде отурат. Архив

Күнүгө миңдеген киши өлөт. Окумуштуулар мээ кайнаткан ысык болорун эскертти

290
(жаңыланган 10:17 01.11.2021)
Илимпоздордун айтымында, абанын температурасы көтөрүлө берсе планетанын калкынын жарымы беш жылда бир апаатка дуушар болот.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Жакынкы келечекте глобалдуу жылуулуктун айынан температура жогорулап, Жерде жашоого мүмкүн болбой калат. Бул тууралуу Phys.org француз окумуштууларына шилтеме берип жазды.

Адистер планетанын айрым жерлеринде өтө жогорку температура байкалып жатканын белгилеген. Ушул жайда Өлүм өрөөнүндө (Калифорния, АКШ) ысык 54,4 градус Цельсийге жеткен. Бул рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

Окумуштуулар буга чара көрбөй коюу кургакчылыкка, токойдогу өрттөргө, бороон-чапкынга жана суу ташкындарына алып келерин айткан.

"Бул күн сайын миңдеген адам ысыктан көз жумат дегенди билдирет. Мындай кырсыктардын саны өсөт", — деген Пьер-Симон Лаплас институтунун директору Робер Вотар.

Окумуштуулардын айтымында, абанын температурасы эки градуска көтөрүлө турган болсо планетанын калкынын жарымы беш жылда бир апаатка дуушар болот.

290
Белгилер:
окумуштуулар, ысык, температура, өлүм
Тема боюнча
Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып кетиши мүмкүн деген алты мамлекет. Тизме

Антарктидада Күн тутулуп, айлананы караңгылык каптаган видео

74
(жаңыланган 13:27 06.12.2021)
Түштүк уюлдун бардык аймагы Күн тутулганда эки мүнөт караңгылыкта калды. Астрономиялык сейрек көрүнүштү "Юнион Глейшер" илимий станциясы Эллсворттон видеого тартып алган.

Күн тутулган процессти толугу менен Антарктидадан гана көрүүгө болот. Ай континенттин үстүнөн жергиликтүү убакыт боюнча Күнгө саат 04:00дө кирип, толугу менен аны 04:33тө жаап калган.

Эске салсак, кыргызстандыктар өзгөчө астрономиялык кубулушка күбө болуп, Күндүн тутулушун көрүү мүмкүнчүлүгүнө 2020-жылы жай айында күбө болгон.

74
Белгилер:
Антарктида, күндүн тутулушу, видео
Тема боюнча
NASA 2017-жылдын эң популярдуу ирмемдерин жарыялады
Спирттик ичимдик кармаган киши. Архивдик сүрөт

Кайсы өлкөнүн эли спирт ичимдигине өтө эле жакын? Изилдөө

269
(жаңыланган 13:47 06.12.2021)
Бардык мамлекеттерде тең эркектерге караганда аялдар ичкенден кийин бармак тиштеп калары айтылды.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Австралиялыктар дүйнөдө спирт ичимдигин эң көп ичкен улутка кирет. Бул тууралуу ичимдик жана баңгизат боюнча глобалдык изилдөөнүн жыйынтыгына таянып, РИА Новости жазды.

Докладда айтылгандай, Австралия тургундары башка мамлекеттердин жарандарына салыштырмалуу ичимдикке жакын келет. Алардын катарында Дания менен Финляндия эли да бар. Изилдөөгө алынган мамлекеттердин баарында аялдарга караганда эркектер көп мас болору айтылган.

"Австралиялыктар жумасына эки ирет ичет. Бул жылына 106 күн болуп эсептелет. Мындай көрсөткүч боюнча Франция алдыда. Аларда жылына 132 жолу ичимдик ичилсе, экинчи жана үчүнчү орунда Жаңы Зеландия жана Нидерланддар турат", — деп жазылат маалыматта.

Мас болуп соолуккандан кийин көп учурда ирландиялыктар, поляктар жана жаңы зеландиялыктар өкүнүп калары айтылды. Ошондой эле бардык мамлекеттерде тең эркектерге караганда аялдар ичкен соң бармак тиштеп калары маалым болду.

269
Белгилер:
ичимдик, изилдөө, Европа, аял, эркек, салыштыруу
Тема боюнча
Айдаралиев: алты жылда спирт ичимдиктерин өндүрүү алты эсе кыскарган
1-июлдан тарта спирт ичимдиги менен чылым милдеттүү түрдө маркаланат
Кишилер майрам учурунда. Архив

Бишкек мэриясы жаңы жылдык кечеден баш тартып, акчасын кайрымдуулукка жумшайт

8
(жаңыланган 17:40 06.12.2021)
Мэрия Бишкектеги башка эмгек жамааттарын бул демилгени колдоп, муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүүгө чакырат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы жаңы жылдык кечеден баш тартып, ага кетчү каражатты кайрымдуулукка жумшамай болду. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, мындай чечимди шаар жетекчилигине тиешелүү бардык мекемелер колдоду.

"Азыркыдай эпидемиологиялык жана экономикалык оор кырдаалда COVID-19 сыяктуу негизги көйгөйлөрдү унутпашыбыз керек. Андыктан аны менен күрөшүүдө калктын аялуу катмарына жардам беребиз. Бул максатта мэрия кызматкерлери жаңы жылдык көңүл ачуу кечесинен баш тартып, ага кеткен каражатка социалдык мекемелерге керектүү буюм-тайымдарды жана тиричилик техникаларын сатып берет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан ташкары, мэрия Бишкектеги башка эмгек жамааттарын бул демилгени колдоп, муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүүгө чакырат.

Кайрымдуулук акциясын колдогон жамааттарга муниципалитет жардамга муктаж мекемелердин тизмесин бермекчи.

8
Белгилер:
Бишкек мэриясы, Жаңы жыл, кече, кайрымдуулук
Тема боюнча
Мэрия: быйыл Жаңы жылдын түнүндө салют атылбайт
2022-жылы кандай окуялар болот? Ванга менен Нострадамустун айткандары