Сыпайылыктын кереги жок. Байдендин Путин боюнча айтканына пикир

© AFP / PAUL ELLISАКШ президенти Жозеф Байден Глазго шаарында өткөн климаттын өзгөрүшү боюнча саммитте
АКШ президенти Жозеф Байден Глазго шаарында өткөн климаттын өзгөрүшү боюнча саммитте  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Жазылуу
Эксперт АКШ президенти кечээки сөзү менен Россия жана Кытай лидерлеринин беделин батыш коомчулугунун алдында түшүрүүнү каалаган деген тыянак жасады.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден Глазго шаарында өткөн климаттын өзгөрүшү боюнча саммитте "ири жыйырмалыктын" Римдеги жолугушуусуна Россия жана Кытай президенттери келбей коюп катачылык кетирди деп сындады. Бул боюнча Sputnik радиосунун эфиринде саясий илимдердин кандидаты Александр Шатилов пикирин билдирди.
Байдендин айтымында, Владимир Путиндин климаттык көйгөйлөрдү чечүү үчүн эмне кыла тургандыгы боюнча эч кандай маалымат жок, ал эми Кытай мындай форумдарга такыр эле катышпайт, бирок дүйнө лидерлигинин ролуна умтулуп келет.
"Россиядагы Путин боюнча ошондой эле нерсе. Анын тундрасы өрттөнүүдө. Кадимкидей эле күйүп жатат. Климат боюнча өтө олуттуу көйгөйлөрү бар. Бирок эч нерсе жасабай, унчукпай отурат", — деп Байдендин айткандарын РИА Новости жазган.
Кечээ Россия лидери Владимир Путин БУУнун климаттык саммитинин катышуучуларына видео кайрылуу жасап, Россияда токойлорду коргоо боюнча кандай иштер жасалып жаткандыгын айтып берген.
Sputnik радиосунун эфиринде РФ өкмөтүнүн алдындагы Финансы университетинин социалдык илимдер жана массалык байланыш боюнча факультетинин деканы, саясий илимдердин кандидаты Александр Шатилов Байдендин билдирүүсүнүн артында саясий негиз болгондугуна токтолду.
Россия лидери Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Россия токойду сактоодо чечкиндүү чараларды кабыл алууда. Путиндин кайрылуусу
"Айтайын деген нерсеси стандартуу болуп турбайбы: Россия менен Кытайды климат боюнча маселелерге көңүл бурбай койду деген шылоо менен зекип, батыш коомчулугунда алардын беделин түшүрүүнү каалаган. Батышта азыр экология, жашыл энергетика маселеси курч көтөрүлүп жатпайбы. Чынын айтсак, Глазгодогу саммиттин күн тартиби биздин карай турган күн тартибибиз эмес. Азыр бизде бир градуска ысып же муздап кеткенден башка олуттуу көйгөйлөр турат. Мындан сырткары, саммитте Россияны энергетикалык кубаттуу держава катары катуу сынга алуу мелженген. Батыш жашыл энергетикага өтүү программасын алып бара албай калды, энергетикалык рынокко алып чыгуу жана анын баасы боюнча көйгөй жаралды. Бул эми биздин маселе эмес. Андыктан Россия катуу геосаясий басымдын алдында АКШга каршылык кылууда сыпайылыкты сактабай деле койсо болот", — деген Шатилов.
Эскерте кетсек, Россия БУУнун Глазго шаарындагы климаттык саммиттин алкагында иштелип чыккан Токойлор боюнча кабыл алынган биргелешкен декларациянын долбоорун бекитүүнү колдой турганын билдирген. Бул туурасында Путин саммиттин алкагында өткөн токой чарбасын өнүктүрүү жана жерди пайдалануу боюнча отурумдун катышуучуларына кайрылып жатып баса белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0