COVID-19 вирусу мээнин клеткаларын жабыркатпайт. Жаңы иликтөө

© Фото / Pexels / Anna ShvetsИсследование болезней мозга
Исследование болезней мозга - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
Окумуштуулар коронавирустун эң негизги симптомдорунун бири жытты сезбей калуунун мээ менен байланышын изилдешкен.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. COVID-19 оорусун чакырган SARS-CoV-2 вирусу адамдын мээсинин клеткаларын жабыркатпайт. Окумуштуулардын изилдөөсү Cell журналына жарыяланганын РИА Новости жазды.
Германия менен Бельгиянын илимпоздору коронавирус инфекциясынын эң негизги симптомдорунун бири аносмияны, тагыраагы, жытты сезбей калууну изилдешкен.
Эксперттер 85 адамга байкоо жүргүзгөн, арасында оорудан каза тапкандар болгон. Натыйжада адамдын жыт сезүүнү жоготушуна мээнин клеткалары жооптуу эмес экенин аныкташкан.
"Биз инфекция жыт сезүү үчүн жооптуу нейрондорду жабыркатат деген далилди тапкан жокпуз. Баш сөөктүн ичинде ал ткандар дагы таза бойдон экен. Эгер коронавирус жыт сезүү нейрондорун жабыркатса, мээге дагы зыянын тийгизмек. Адам жытты башка эле клеткалардын жабыркашынан сезбей калат", — деген адистер.
Guardian гезити бул изилдөө вирус жыт сезүү былжыр челиндеги нейрондордун ишин үзгүлтүккө учуратат деген божомолдорду жокко чыгарарын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0