ЖМК: Apple учкучсуз автоунаа чыгарып, Tesla компаниясына атаандаш болмокчу

© REUTERS / GONZALO FUENTESApple компаниясынын логотиби. Архив
Apple компаниясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Apple Tesla компаниясына технология жаатында жаңы атаандаштык жаратып жатканы айтылат. Жада калса Илон Масктын колунда иштеп кеткен кызматкерлерди өзүнө чакырган.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Американын Apple корпорациясы учкучсуз автоунаа чыгаруу үчүн Tesla компаниясынын мурдагы кызматкерлерин жалдады. Бул тууралуу Bloomberg сайтына таянуу менен РИА Новости жазды.
Ушул тапта Apple компаниясына инженер-иштеп чыгуучу Кристофер Мур өткөн, ал унаалардын программалык камсыздоосун иштеп чыгуу менен алектенет. Мур Tesla компаниясынын дагы бир мурдагы кызматкери, Илон Масктын компаниясынын учкучсуз учактар бөлүмүн жетектеген Стюарт Бауэрстин командасына кошулат.
"Бул кадам Apple Tesla компаниясына технология жаатында жаңы атаандаштык жаратып жатканын туйдурат", — деп жазган агенттик.
Ошол эле учурда компания пландары тууралуу коомчулукка кенен айта электиги белгиленди.
Apple 1976-жылы негизделген. Ал компьютер, планшет, аудиоплеер, смартфон, "акылдуу сааттарды" жана программалык камсыздоолорду чыгарып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0