АКШ: коронавирус инфекциясы эми чөөлөрдөн да аныкталууда

© AFP / JOHN THYSЧөөлөр. Архив
Чөөлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Колорадодогу зоопарк бул дүйнөдө чөө ооруган биринчи учур деп боолголоп жатат. Жаныбарлардын анализдери эки лабораториядан тең таза чыккан эмес.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Американын Колорадо штатындагы зоопарктан эки чөөдөн коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Зоопарк дүйнөдө биринчи жолу чөөлөрдүн арасында COVID-19 чыгып жатканын боолголоп жатат.
Оорукананын терезесинде дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
ДССУ: Европада февралда COVID-19дан жарым миллион киши өлүшү мүмкүн
Нгози жана Кибо аттуу 22-23 жаштагы чөөнүн анализдери Колорадо штатындагы университеттин жана АКШнын Айыл чарба министрлигинин ветеринардык лабораториясына жөнөтүлүп, тесттери оң жыйынтык берген.
Зоопарк кызматкеринин айтымында, азыр жаныбарлардын да адамдардай эле алы кетип, жөтөлүп, мурду куюлуп жатат.
Буга чейин АКШда коронавирус менен 11 арстан ооруганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0