АКШда өспүрүм кыз TikTok тиркемесиндеги белгинин жардамы менен куткарылды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүTikTok тиркемеси. Архив
TikTok тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2021
Жазылуу
Сөз болуп жаткан белги бир кол менен жардамга чакырууну туюнтат. Анда алакан жайылып, баш бармак алаканга карай бүгүлүп, анан калган манжалар муштумга түйүлөт.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. АКШнын Түндүк Каролина аймагында дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз TikTok тиркемесиндеги жардамга чакырган белгинин арты менен куткарылды. Бул тууралуу CNN маалымат агенттиги жазып чыкты.
Анда айтылгандай, өткөн шейшембиде, 16 жаштагы кыздын жоголгонун айтып ата-энеси полицияга кайрылган. Бейшемби күнү Кентукки штатындагы айдоочу 911 кызматына чалып, автоунаадан жардам сураган кызды көргөнүн билдирген.
"Айдоочу унаа башкарып бара жатып, колу менен үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту билдирип, жардам сураган белгини көрсөткөн жүргүнчү кызды байкаганын айткан. Бул жаңсоо жана анын мааниси TikTok платформасынан алынган", — деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.
Сөз болуп жаткан белги бир кол менен жардамга чакырууну туюнтат. Ал COVID-19 пандемиясынын тушунда Canadian's Women Foundation тарабынан аялдарга үй-бүлөлүк зомбулуктан кутулууга жардам берүү үчүн ойлоп табылган. Анда алакан жайылып, баш бармак алаканга карай бүгүлүп, анан калган манжалар муштумга түйүлөт.
​Полиция өспүрүм кыз мындай белгини TikTok аркылуу үйрөнгөнүн журналисттерге билдирген. CNN агенттигинин маалыматына ылайык, 911 кызматына чалган айдоочу ал кыз бараткан унааны дээрлик 11 чакырымдан ашык аралыкка чейин аңдып барган. Полиция шектүү унааны токтотуп, өспүрүмдү куткарып калган.
Маалыматка ылайык, полиция кызды алып кетип бара жаткан автоунаанын айдоочусун камакка алган. Ал адамды мыйзамсыз кармоого жана жашы жете электер катышкан сексуалдык мүнөздөгү материалдарды сактоого шектелүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0