“Кальмар оюну” сериалынын экинчи сезону тартылары айтылды

© AFP / YOUNGKYU PARK / NETFLIX“Кальмар оюну” сериалынан кадр. Архив
“Кальмар оюну” сериалынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2021
Жазылуу
Режиссёр сериалдын уландысы кандай болорун айткан жок. Бирок башкы каарман Ки Хун кийинки серияларында дагы болорун тастыктады.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Дүйнөгө белгилүү болгон “Кальмар оюну” сериалынын режиссёру Хван Дон Хек Associated Press агенттигине фильмдин экинчи сезону болорун айтты.
Анын видео маеги Twitter тармагына жарыяланды.
"Экинчи сезон тууралуу... Ушунчалык көп каалоочулар, күткөндөр, жаман көргөндөр болду. Экинчи сезонун тартпай коё албайбыз. Азыр мен пландап жатам”, — деди ал.
Интервью учурунда анын жанында актёр Ли Чон Жэ турганын көрүүгө болот. Режиссёр башкы каарман Сон Ки Хун кайтып келип “бул дүйнө үчүн өз салымын кошорун” кошумчалады.
"Кальмар оюндары" деп аталган түштүк кореялык фильм 17-сентябрда чыгып, Netflix сервисинде азыр 90 өлкөнүн жашоочулары көп көргөн сериалдардын топ башында турат. Сюжетте карызы көп болуп кетип, жанды аман алып калуу үчүн оюнга катышууга макул болгон адамдар туурасында баяндалат. Алгач бул катышкан кишилерге баланын оюнундай көрүнөт. Жеңүүчү аягында 45,6 миллиард вон (болжол менен 38,5 миллион доллар) алары айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0