Окумуштуулар COVID-19дун жайылуусун токтотууга жөндөмдүү азыкты тапканын айтышты

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүКара мурч. Архив
Кара мурч. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Изилдөөнүн авторлорунун бири Ольга Остроумованын айтымында, оорунун жайылуу темпин азайтуу үчүн адамдын клеткасынын үстүн жапкан препарат жасоо керек. Анткени инфекцияны козгогон нерсе дал ошол жерге жабышып, дартты андан ары күчөтөт.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Россиянын илимпоздору мурчтун курамындагы пиперин коронавирустун жайылуусун токтотууга жөндөмдүү экенин аныкташты. Изилдөөнүн жыйынтыгы Biomedicines журналына жарыяланганын РИА Новости жазды.
Изилдөөнүн авторлорунун бири Ольга Остроумованын айтымында, оорунун жайылуу темпин азайтуу үчүн адамдын клеткасынын үстүн жапкан препарат жасоо керек. Анткени инфекцияны козгогон нерсе дал ошол жерге жабышып, дартты андан ары күчөтөт.
"Вирустун жайылуусун токтотуу үчүн өсүмдүк түрүндө алкалоиддер колдонулчу. Маселен, мурчтун курамындагы пиперин. Ал буга чейин медициналык максатта биологиялык активдүү кошулмаларда колдонулуп келген", — деген адис.
Илимпоздор пипериндин жардамы менен вирус клетканын ичине кире албайт, жыйынтыгында коронавирус да андан ары жайылбайт деген пикирге келишкен. Остроумова коронавирус пиперинде туруктуу боло албай турганын да белгилеген.
Институтта изилденген алкалоиддердин негизинде коронавирус инфекциясын дарылоо жана аны алдын алуу үчүн биологиялык активдүү кошулмалар даярдалары айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0