Кытайда энергетика кризиси жаралды! Товарлар азайып, баалардын өсүшү күтүлүүдө

© REUTERS / ANN WANGЗавод кызматкери иш учурунда. Архив
Завод кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Кытайдагы 20 провинцияда көмүрдүн жетишсиздигинен улам электр энергиясынын таңкыстыгы жаралды. Дагы 16 провинцияда электр кубатын колдонууга чектөө киргизилди.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кытайда электр энергия кризиси көптөгөн завод-фабрикалардын ишин үзгүлтүккө учуратып жатат. Мындан улам Кытайдан товар келбей, баалар өсүп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу The Times гезити жазды.
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Казакстандын айрым жерлеринде электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлө баштады
Өлкө бийлиги биринчи кезекте жумушу маанилүү деген ишканаларды жана кыш мезгилине байланыштуу турак жайларды электр энергиясы менен камсыздап жатат.
Гонконгдогу Robert Walters рекрутинг компаниясынын адиси Жон Мьюлэлинин басылмага билдиргенине караганда, учурда товар өндүрүүгө мурдагыга салыштырмалуу эки эсе көп убакыт кетип жатат.
"Электр энергиясынын жетпей жатканынын кесепетин Кытайдын түндүк тарабынан байкаса болот. Анда болот сыяктуу сырьёлор менен материалдарды чыгарган заводдор кыйынчылыкка кептелди. Мунун айынан аталган материалдарга муктаж болгон башка ишканалардын даяр товар өндүрүүсүнө тоскоолдуктар жаралып жатат", — деди ал.
ING серепчисинин айтымында, 2022-жылы товарларды жеткирүү үзгүлтүккө учурай турганына байланыштуу популярдуу товарлардын көбү кымбаттайт.
Пекинден оюнчук сатып алган The Entertainer компаниясынын жетекчиси Гэри Гранттын айтымында, мурдагы тартип боюнча алганда азыр өндүрүлө баштаган товар февраль айында сатыкка чыгып калса, эми каатчылыктан соң дагы 60-90 күнгө узарып, жай мезгилинде популярдуу товарлардын тартыштыгы жаралышы толук мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0