WhatsApp телефонго байланбай эле компьютерде иштөөнүн жолун сунуштайт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүWhatsApp тиркемеси. Архив
WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Жазылуу
Эми WhatsApp тиркемеси бир эле учурда төрт шериктеш түзмөктө колдонулушу мүмкүн, бирок бир аккаунтка бир гана телефон туташтырылат.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. WhatsApp өзүнүн колдонуучуларына мессенжердин мобилдик версиясы менен синхрондоштурбастан эле компьютерде колдонууга мүмкүнчүлүк берген тиркемени сунуштады. Бул тууралуу WABetaInfo порталы билдирет.
Көптөн күткөн функция WhatsApp жана WhatsApp Business тиркемесинин Android жана iOS системаларында жаңы бета версиясында иштеп баштаганы айтылат. Бул функция тиркеме WhatsApp каражатынын жумушчу (десктопная) версиясы менен синхрондоштурулгандан кийин ишке киришет. Колдонуучу жаңы функцияны иштеткенден кийин анын смартфону бузулуп калса да WhatsApp тиркемесине кирүү үчүн кайра авторизациядан өтүп отурбайт.
Ноутбук жана смартфон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Адис смартфонду хакерлер талкалап киргенин кантип билсе болорун айтты
Бир аккаунтту төрт түзмөктө иштетсе болот. Бул опцияны ишке ашыруу WhatsApp тиркемесинин коопсуздук системаларын толук оңдоону талап кылган. Белгиленгендей, бета тест этабында белгилүү бир чектөөлөр колдонулат. Тактап айтканда, программанын акыркы версиясын көчүрө электерге  үн жана видео билдирүүлөрдү жөнөтүү мүмкүн болбой калат.
Жаңылыктар түрмөгү
0