Академик "вирустардын доору" башталып жатканын эскертти

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкерлери иш учурунда. Архив
Лаборатория кызматкерлери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Жазылуу
Окумуштуу вирустардын доору дагы өсүп, ушул нукта уланарын, анын мындан аркы прогресси кандай болору азырынча белгисиз экендигин айткан.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Клиникалык практикада жаңы антибиотиктерди колдонуунун натыйжасы баш оорутуп, түйшөлтө баштады. Ал бир тарабынан оору жуктургуч бактерияларды жок кылат, бирок ошол эле учурда жаңы вирустар да тез жайыла баштады. Мунун кесепетинен "вирустук доор" кирип келди. Бул тууралуу россиялык алдыңкы иммунологдордун бири, Россия илимдер академиясынын Уралдагы бөлүмүнүн Иммунология жана физиология институтунун илимий жетекчиси, академик Валерий Черешнев билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, адамдын организминдеги бактерия вирустарга таасир этүүчү жана өрчүшүн токтотуучу молекула-ферменттеринин спектрин иштеп чыгат. Бирок ондогон жылдар бою клиникада колдонулуп келген антибиотиктер бактерияга багытталгандыктан, вирустарга үстөмдүк кыла албай, тагыраагы, алсыз калды деген оюн билдирген.
"Ошондуктан биз 40 жылдан бери вирустардын доору келди деп айтып жатабыз. Вирустардын доору дагы өсөт, ушул нукта улана берет, мындан аркы прогресси кандай болору азырынча белгисиз. Бул эң маанилүү көйгөйлөрдүн бири", — деди Черешнев.
Буга байланыштуу академик ооруларды бактерияга негиздеп дарылоонун парадигмасын өзгөртүү керектигин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0