Батыш түндүккө умтулат, бирок орун эбак ээленген

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүү"Ямал" атомдук муз жарчык кемеси. Архив
Ямал атомдук муз жарчык кемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Батыш басма сөзүндө Россия полярдык аймакты өздөштүрүүдө болуп көрбөгөндөй алдыга кеткени тууралуу байма-бай жазылууда.
Сергей Савчук
Макалалардын авторлору Россиянын өнүгүшүн АКШнын абалы менен салыштырып, Арктиканын муздак сууларында орустардын бекем жайгашуусуна жол бербөөнү ачык эле талап кылышууда.
Батыштын кеңири коомчулугуна эбак ишке ашырылган окуяларды кабарлашууда. Маселен, орустар суу түбүндөгү Мурманск — Владивосток трансарктикалык булалуу-оптикалык линиянын долбоорун ыкчам түрдө ишке ашырууда. Сергей Савчуктун ошол маанайдагы материалдарды талдаган макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
12,5 миң чакырымга созулган "Полярдык экспресс" жогорку ылдамдыктагы магистралы 2026-жылы Мурманск облусундагы Териберка кыштагы менен Ыраакы Чыгыштагы Владивосток портун байланыштырат.
Бул өзүнчө бир долбоор эмес, Түндүк деңиз жолун өнүктүрүү боюнча наркы 890 миллион доллар турган мамлекеттик программанын бир бөлүгү. Ашкере бай өлкөлөр үчүн да бул – кыйла чоң сумма.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Путин АКШ менен НАТОнун Кара деңиздеги аракеттерине тынчсызданып жатат
Россия өзүнүн көздөгөнүн жашырбайт. Бул мамлекеттин алдында Арктика аймагынын экономикалык өнүгүүсү жана перспективаларын кыйла арттыруу милдети турат. Океан ар жагында ачык жарыяланган ниеттер да катуу чочулатат.
Чет өлкөлүк талдоочулар жамааттык Батыш үчүн дагы бир жагымсыз фактыга көңүл бурушат. Россиялык арктикалык облустарда эки жарым миллиондон ашуун киши жашайт, ал эми бул – Арктиканын жалпы калкынын жарымы. Башкача айтканда, полярдык тегеректен тыш жашаган ар бир экинчи адам – орус улутунун өкүлү.
Россиянын өзүндө бул жерлерге элдин аз жайгашуусун цивилизациялык жана демографиялык ийгиликсиздик катары көрсөтүшөт. Терс тенденцияларды, маселен, климаты жеңил түштүк аймактарга жер которууларды тануу акылсыздыкка жатат. Анткен менен климаты катаал ошол эле Канаданын 90 пайызга жакын жарандары АКШга чектешкен түштүк райондорунда турары белгилүү.
Эгер тийиштүү картага үңүлсөк, түндүктө эң түпкү канадалык анклав — Альберт провинциясынын борбору. Картада андан ары ээн экенин көрөбүз. Баары салыштырууда такталат эмеспи.
Түндүк флоттун курамына К-329 "Белгород" суу түбүндөгү атомдук кайыгы кошулуп, россиялык моряктар "Посейдон" торпедасын Арктикада сынап жатат деп маалымдап, батыштын тургундарын ушундай ойго ишендирип, коркутуп жатышат. Бул менен эле токтоп калбастан, Мурманскта жаңы аскердик база курулуп, ФККнын Чек ара кызматынын деңиз бөлүгүнүн курамына жыл сайын жаңы күзөт кемелери кошулуп турарын да кабарлашат.
Батыш үчүн дагы бир баш оору – Россиянын кызуу өнүгүп келе жаткан муз жаргыч флоту. Кырктан ашуун кемеси ишке кирген, үчөө дал ушул тапта курулууда. Ал эми келерки он жыл ичинде Москва муз жаргычтардан кеминде эле дагы он бирдик курууну пландайт. Бул көрсөткүчтөр ого бетер кыжырдантып жатканы түшүнүктүү, себеби АКШнын ушул багыттагы Polar Star жана Healy аттуу кемелери гана бар. Биринчисине отуз жылдан ашты, өзүндөй Polar Sea кемесинен алынган тетиктердин эсебинен гана жарактан чыкпай турат. Маалыматтарга таянсак, жылына бир гана жолу деңизге чыгып, Антарктидадагы "Мак-Мердо" станциясына жабдуу жеткирет. Экинчисин дегеле муз жаргыч дешке болбойт, муз классындагы кемеде былтыр августта зымдар тийишип кетип, чоң өрт чыккан. Мындай тең салмаксыздык көпчүлүк үчүн жагымсыз, себеби көйгөйлөрдүн баары эле доллар станогун иштетип коюу менен чечилип калбайт.
Вашингтондогу Ак үйдүн алдында АКШнын желектери менен кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Россиянын изин издөө уланууда. Америкалык саясаттагы оюндарга сереп
Кезинде Дональд Трамп Polar Security Cutter программасынын алкагында бюджеттен жаңы муз жаргычтарды иштеп чыгып, курууга түшкө киргис сумманы – 1,2 триллион доллар бөлгөн. 2024-жылы америкалык жапжаңы муз жаргычтар деңизге сыноого чыгары күтүлгөн, бирок азыркы убакка дейре бул тема туурасында кандайдыр бир жаңылык табуу мүмкүн эмес. Бирок аларды катуу кооптондурган нерсе башка: Россия полярдык сууларда масштабдык геологиялык чалгындоо программасын баштап туру. Августтун аягында муз классындагы "Бавенит" (П-2790 долбоору) илим-изилдөө кемеси Лаптев деңизинин изилдене элек аймактарында чалгындоочу бургулоо иштерин жүргүздү. Өз классында бул техникалык жактан эң көп куралданган кемелерден.
Бир жарым чакырымдан ашуун терең суулардын түбүндө 300 метрге чейинки тереңдиктеги скважиналарда жер кыртышын геотехникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жөндөмдүү "Бавенит" бул ирет кең аймактарды изилдөөгө белсенди. Булар – Врангель аралы менен шарттуу бөлүнгөн Чыгыш Сибирь жана Чукотка деңиздериндеги эбегейсиз территориялардагы жана Лаптев, ошондой эле Карск деңиздериндеги тилкелер. Аны менен катар эле ушул маршрутка башка бир илимий кеме – "Академик Лазарев" да чыкты.
Кандай гана глобалдык процесс болбосун, эч качан бирин-экин окуяга карап баалоого болбойт. Бул кабыл алуу горизонтун тарытып, жагдайды толук көрүүгө, окуялардын динамикасын түшүнүүгө жолтоо болот.
Жакындагы эле климаттык саммитти утурлай Глазгодо европалык аткаминерлер Арктикада геологиялык чалгындоо жана кен казуу иштерине толук тыюу салган программаны жарыялашты. Мазмунуна караганда алдын ала даярдалганы анык. Литванын Европа комиссиясындагы өкүлү Виргиниюс Синкявичюс (Virginijus Sinkevičius) кайсы бир "Арктикалык стратегияны" тааныштырды. Ал Европанын Арктикадагы бардык климаттык процесстерине кескин түрдө кийлигишүүсүн, мындан аркы чалгындоо жана көмүр суутек алууга толук мораторийди ошондой эле арктикалык өлкөлөр тарабынан мунай жана газ таризиндеги шельфтердин бардык территориялык мелдештеринен баш тартууну туюндурат. Кызыгы Россия, Канада жана Дания да кирген тизмедеги мамлекеттердин арасында АКШнын жоктугу укмуштуудай кокустук. Бирок европалык экологиялык коргоочулардын кызыкчылыктарына мунай жана газ гана кирбейт. Биринчи баскычта Европа комиссиясы Гренландияда өз өкүлчүлүгүн ачууну самайт, кен, маселен, уранга абдан бай келет.
Киевдин негиздөөчүлөрүнүн эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2021
Украина Россиядан ыйык нерсесин тартып алгысы бар. Сереп
Европалык аткаминерлердин ушундай аргасыз аракеттеринен соң, "Бавенит" жана "Академик Лазарев" муздак суулардын акваториясында чалгындоо жүргүзүп жаткан маалда россиялык президенттин Глазгого барбаганына таңгалуунун кажети барбы? Бул Вашингтондун кыжырын катуу кайнатканы маалым эмеспи. Табиятты коргоонун кооз ураандары менен Москвага комплекстик капкан даярдашкандай. Ошол шарттарды кабыл алса Москва өзүнүн табигый байлыктарынан гана эмес, бюджетин толтуруу жана полярдык аймактарын өнүктүрүүдөн баш тартууга тийиш. Иш жүзүндө бул стратегия Россияны Арктикадан узап, ал жактагы социалдык, аскердик жана энергетикалык программаларын жыйыштырып кетүү талап кылынууда.
Күтүүсүз жерден түзүлгөн сценарийге Брюсселдин өзүнүн союздаштары да каршылыгын жашырышкан жок. "Арктикалык стратегияны" Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стере (Jonas Gahr Støre) кескин сынга алды. Саясатчы Норвегия Европаны газ менен жабдууда Россиядан кийинки орунда экенин, эгер мораторий жарыялана турган болсо, энергоресурс менен жабдууга кепилдик берүүдөн баш тартарын, ал тургай, ЕБ өлкөлөрүн көмүртексиз энергетикага өтүүдө көмөктөшпөй турганын билдирди.
Осло да жалпы активдери 1,4 триллион долларга бааланган Улуттук пенсиялык фондуна коркунуч келтирүүгө караманча каршы. Анткени ал дал ушул көгүлтүр от жана мунай өндүрүмдөрүн сатуудан түшкөн киреше менен толукталат. Кыязы, жаратылыш байлыктары үчүн чоң салгылаштар дагы алдыда, анан да алар Арктикада болору аныкталып калды окшойт. Ал жакта Россиянын ийгилиги арткан сайын андан аскердик базаларын жыйыштырып, илимий кемелерин портко кайтарып жана муз жаргычтарды курууну токтотууну ошончолук катуу талап кылышары талашсыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0