Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко жана Россиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт

Артымда агам бар. Лукашенко Батыш менен мамиле бузулса Путинден колдоо күтөрүн айтты

436
(жаңыланган 23:22 13.11.2021)
Жайында Беларусь менен Польшанын, Литва менен Латвиянын чек ара тилкелеринде Батыш Европага өткүсү келген качкындардын саны көбөйгөн. Аталган өлкөлөр буга Беларусту айыптап жатат.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Беларустун президенти Александр Лукашенко Батыш менен мамиле бузулуп кетсе Россия Минск тарапты колдой турганын билүү маанилүү экенин билдиргенин РИА Новости жазды.

"Мен Путинге минтип айттым: "Эгер кыйын кырдаал жаралса артымда инисин кор кылбаган агам бар экенин билишим керек. Башка эч нерсенин кереги жок", — деп Лукашенко россиялык "Национальная оборона" журналындагы маегинде Россиянын колдоосу боюнча суроого жооп берип жатып билдирген.

Ал ошондой эле өлкөнүн даярдыктан өткөн армиясы жакшы куралданганын кошумчалаган.

"Биз бардык согушту изилдеп турабыз жана куралдуу күчтөрүбүздү төрт ирет жаңырттык", — деди Лукашенко.

Беларустун чек арасындагы кырдаал

Жайында Беларусь менен Польшанын, Литва менен Латвиянын чек ара тилкелеринде Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка мамлекеттеринен келип, Батыш Европага өткүсү келген качкындардын саны көбөйгөн. Кырдаал 8-ноябрда курчуп, тикенек зым тартылган жерге эки миңге чукул адам топтолгон. Польшанын күч органдары көздөн жаш агызуучу газ колдонуу менен качкындарды токтоткон. Беларустун Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, алар менен чектешкен аймактан октун үнү дагы угулган.

Мигранттар лагерь уюштуруп алышты. Алардын көбү балдары менен.

Варшава, Вильнюс жана Рига мындай көрүнүштүн жоопкерчилигин Беларуска илип жатат. Минск болсо четке кагууда. Президент Александр Лукашенко элдин агымын мындан ары кармап тура албастыгын айтууда.

436
Белгилер:
Беларусь, Батыш, Россия, Александр Лукашенко, Владимир Путин
Тема боюнча
Лукашенко президенттик тактыдан кандай шартта кете турганын айтты
Лукашенко Батыштагы каршылаштарына укуругу узун экенин көрсөттү
Стамбул шаарында бороон-чапкын болгон убакта бараткан адамдар

Түркияда катуу бороон-чапкындан улам алты киши мерт болду. Видео

19
(жаңыланган 16:53 30.11.2021)
Шамалдын ылдамдыгы саатына 130 чакырымга жеткен. Анын айынан чатырлар урап, алдында калган 38 киши түрдүү жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында жана бир катар аймактарында бороон-чапкындын кесепетинен каза болгондордун саны алтыга жетти. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке таянып РИА Новости жазды.

Буга чейин Стамбулда ылдамдыгы саатына 130 чакырымга жеткен катуу бороон болгону кабарланган. Катуу шамалдан улам чатырлар урап, алдында калган 38 киши түрдүү жаракаттарды алган. Дагы төрт киши каза болгону айтылган. 

Ал эми Кожаэли провинциясынын администрациясынын маалыматы боюнча, урандылардын астында калган бир адам каза болуп, сегизи жаракат алган.

Зонгулдак облусунда дагы бир адам мерт болгону айтылды.

19
Белгилер:
Түркия, Стамбул, бороон, шамал, адам, өлүм, кырсык
Тема боюнча
Журналист өмүрүн тобокелге салып репортаж жасаган видео
Пассажиры на одной из станций Московского метрополитена.

Москва метросунун жүргүнчүлөрү Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнө көп чалышат

105
Россиянын борбор калаасындагы метро жүргүнчүлөрү КМШ өлкөлөрүнө чалганда 35 секунддун тегерегинде гана сүйлөшөрү аныкталган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Москва метросунун жүргүнчүлөрү көбүнчө Өзбекстан, Армения, Кыргызстан, Беларусь жана Словенияга телефон чалышат. Бул тууралуу МТС компаниясынын иликтөөсүнүн жыйынтыгына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, роуминг аркылуу эл аралык чалуулардын 90 пайзы дал ушул мамлекеттерге туура келет.

"МТС компаниясынын уюлдук байланыш боюнча кызматын пайдалангандар метродо жүргөндө көбүнесе Өзбекстан, Армения, Кыргызстан, Беларусь жана Словенияга чалышат. Алыскы чет өлкөлөр тууралуу айта турган болсок, метродо жүргөндөр Болгария, Греция, Италия, Түркия, Кипр сыяктуу өлкөлөрдөгү жакындары менен байланышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Метро жүргүнчүлөрү Россиянын ичинен кимдир бирөө менен байланышса, сөз орто эсеп менен 1,5 мүнөткө созулат. Ал эми КМШ өлкөлөрүнө чалгандар 35 секунддун тегерегинде гана сүйлөшөт.

105
Белгилер:
Россия, Москва, Кыргызстан, телефон, чалуу
Тема боюнча
Москвада мигранттардын санын дагы кыскартуу пландалып жатат
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив

Эртең Жогорку Кеңеш үч депутаттын кол тийбестигин алуу маселесин карайт

0
(жаңыланган 17:19 30.11.2021)
27-ноябрда дагы эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алуу боюнча ЖКнын кезексиз жыйыны пландалып, кворум жоктугунан өтпөй калган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары эртең, шаршемби күнү, жыйынга чогулат. Бул тууралуу маалымат парламенттин сайтына жүктөлдү.

Жыйын саат 10:00дө башталат. Күн тартибине ЖК депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду, Бакыт Жетигеновду кол тийбестик укугунан ажыратуу маселеси киргизилген. Башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Анын сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлөт.

Мындан башка дагы 10го чукул мыйзам долбоорлору каралары күтүлүүдө.

Буга чейин 27-ноябрда дагы эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алуу боюнча ЖКнын кезексиз жыйыны пландалып, кворум жоктугунан өтпөй калган.

Белгилей кетсек, Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында. Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

0
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, жыйын, шайлоо, кол тийбестик
Тема боюнча
Атамды тынч койгула! Жапаров ага акаарат келтирген жарандарга жооп берди