Кыйнап өлтүрүлгөн Каддафинин уулу Ливиядагы президенттик шайлоого катышууга камынды

© AP Photo / Dario Lopez-MillsМуамар Каддафинин уулу Сейф аль-Ислам Каддафи. Архив
Муамар Каддафинин уулу Сейф аль-Ислам Каддафи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Жазылуу
Ливияда президенттик шайлоо 24-декабрга белгиленген. Учурда 49 жаштагы Сейф аль-Ислам АКШнын саясий баскынчылыгынан улам атасы Муамар Каддафи жана эки бир тууганынан ажыраган.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. 10 жыл мурда согушкерлер тарабынан өлтүрүлгөн Ливиянын президенти Муамар Каддафинин уулу Сейф аль-Ислам Каддафи президенттик шайлоого катышып, саясатка аралашууга ниет кылып жатат. Бул тууралуу РИА Новости al-Marsad гезитине таянып кабарлады.
"Сейф аль-Ислам Каддафи президенттик шайлоодо ат салышуу үчүн документтерин Жогорку шайлоо комиссиясынын Сабха шаарындагы бөлүмүндө каттатты", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Ливияда президенттик шайлоо 24-декабрга белгиленген. Ага чейин өлкөнү өткөөл мезгилдеги аткаруу бийлиги башкарып турмакчы.

Ливиядагы кырдаал

2011-жылы АКШ менен НАТО башында турган эл аралык коалиция Ливияда операция жүргүзгөн. Тирешүү бир топ убакытка созулган. Аны кесепетинен бир кезде гүлдөп турган Ливия мамлекети бүтүндүгүнөн ажыраган. Ал жакта дале согуш оту өчө элек.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2020
Лавров: Ливиянын мамлекеттүүлүгүн НАТО жок кылды
Муамар Каддафи жана анын уулу Муатасем өлтүрүлүп, 40 жылдан бери өкүм сүрүп келе жаткан режим кулаган. Хамис аттуу уулу Триполидеги бомбалоодон каза болсо, дагы бир уулу Сейф аль-Ислам туткунга алынган. Ал 2017-жылга чейин Ливиянын түрмөсүндө жатып чыккан.
Ошентип, учурда 49 жаштагы Сейф аль-Ислам АКШнын саясий баскынчылыгынан улам атасы Муамар Каддафи жана эки бир тууганынан ажыраган.
2011-жылы Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин өлкөдө кризис башталган. Чыгышта жайгашкан Тобрук шаарында эл шайлаган парламент жыйын өткөрөт. Аны Хафтар башында турган улуттук армия колдоп келет. Ал эми батыш тарабындагы Триполи шаарында БУУ жана Евробиримдиктин колдоосу менен түзүлгөн өкмөт иштейт. Аны Файез Саррадж башкарат.
2019-жылдын 4-апрелинде Хафтар "террорчулардан бошотуу" үчүн Триполиге чабуул жасаган. Ал эми өкмөткө караштуу куралдуу түзүлүштөр жооп кайтарышкан. Натыйжада бир нече ай ичинде жүздөгөн киши көз жумуп, миңдеген адам жарадар болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0