Беларусь менен Польшанын чек арасындагы мигранттар

Каатчылыктан качып кутулбас. Качкындар боюнча кыйын кырдаалга кептелген Европа

131
(жаңыланган 22:23 14.11.2021)
Польшанын чек арасы Жакынкы Чыгыштан агылган он миңдеген мигранттарга толуп турат. Алар аталган мамлекет аркылуу социалдык жөлөк пул жана жеңилдиктер берилген Батыш Европага өтүүгө умтулушат.

Анткен менен ал жакта деле мигранттарды кучак жайып күткөндөр жок. Тескерисинче, миграциялык мыйзамдарды катаалдатышууда. Бакубат жашоонун ордуна жаңы көчүп келгендер депортацияга же Африкадагы утурумдук лагерлерге кабылышы ыктымал. Ушул жагдайга баам салган Дмитрий Ермаковдун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Жеңилдик дегеле каралбайт

Беларусь чек арасында качкындардын саны күн өткөн сайын артууда. Алар Европага жетип алуу үчүн жол көрсөткүчтөргө бир нече миң доллардан карматкан. Бирок пландары кыйрады: Польша чек арага аскердик күчтөрүн тизип, тикенектүү зым менен курчады.

Жоокерлер көздөн жаш чыгаруучу газ колдонуп, өтүүгө аракет кылган бир нече кишини сабашты. Адамдар токойдо түнөп, от жагып жылынууда. Булардын баары май айында, Минск Багдад жана Стамбулдан түз каттамдардын санын кескин көбөйткөндөн кийин башталган. Европа биримдиги каршы чыкккан, бирок Беларуска кулак салган эмес.

Учактын ичиндегилер түрк жарандары эмес эле: "Ататүрк" аэропорту Жакынкы Чыгыштагы эң ири транзиттик хаб болгондуктан учак Ирак, Сирия, Афганистандан качып бараткандарга жык толгон. Чек ара ачылган күндө да Польшада кармала тургандары аз. Католик Варшава мусулман меймандардын келишине анчалык кубана беришпейт.

Айрыкча бийликке консервативдик "Укук жана адилеттүүлүк" партиясы келген 2015-жылдан тарта ушундай маанай түзүлгөн. Анын лидери Ярослав Качиньский мигранттарды жайгаштырууга эч кандай квота берилбей турганын бир нече ирет кайталаган.

Польшанын өзү деле чек арада акмалагандарга кызык эмес, алар маалымат каражаттарына берген маектеринде Германия же Францияга кетүүнү самаганын билдирип, аталган өлкөлөрдө (турмуш – ред.) жакшы экенин айтышат. Ошону менен бирге эле бул мамлекеттерде Жакынкы Чыгыштан жана Африкадан баргандар эбак орун алып, жайгашып калышкан эмеспи.

Мигранттар немец жана француздардын сабырдуулугуна бекер ынанып турушат. Эң либерал мамлекеттер да ушул тапта мыйзамдарын катаалдатып жатат.

Эки ача көз караштагы Европа

Бир нече жыл мурда эле Батыш Европанын иммиграция боюнча пикири бирдей болчу. Бирок акырындап ушул маселедеги көз караштарда ажырым пайда болду.

2013-жылы кабыл алынган Дублин регламентинде качкын же жаңы келгендер Евробиримдиктин чек арасын кайсы өлкөдөн кесип өтүшсө, дал ошол өлкөдөн башпаанек сурайт деп жазылган. Башкалардын аларды кабыл алышы милдеттүү эмес. Бул эреже Жер ортолук деңиздин Европа тарабындагы мамлекеттерге жакпайт. Ушул жакка Магрибден качкан мигранттардын басымдуу бөлүгү агылат.

Порттук калааларда геттолор (ири шаарларда этникалык азчылыктар жайгашкан райондор) жайылып барат. Ушундай көрүнүштөн жадаган Италия, Мальта, Греция жана Кипр Дублин макулдашуусун жоюуну өтүнгөн. 2020-жылы аларды Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен да колдогон. Бирок Европа биримдигинин кеңеши азырынча андайга макул эмес. Кантсе да Дублин регламенти — мыйзам эмес, кеңеш берүүчү документ. Иш жүзүндө ар бир өкмөт өзү билип аракет кылат. Ошол себептен Брюссель миграциялык көйгөйдү чечүүнүн кыйла ачык жана майнаптуу ыкмаларын издөөдө.

Негизги демилге — жаңы келгендерди квоталар боюнча бөлүштүрүү. Буга альтернатива — Азия жана Африка өлкөлөрүнө качкындардын агымын ооздуктоо шарты менен каржылык көмөк көрсөтүү. Бирок бул эки вариант боюнча деле бирдиктүү пикир жок. Ошентип өлкөлөр оңго карай ички мыйзамдарын өзгөртүүгө киришип отурат. Франция быйыл республикалык принциптерин бекемдөө жөнүндөгү мыйзамды кабыл алды. Эми өлкөдө жашаган бардык балдар мектепте сөзсүз окутулат.

Менчик, анын ичинде жайнаган мусулман окуу жайларын да мамлекеттик көзөмөлгө алышты. Булардан тышкары, диний коомдорго чет өлкөдөн келген колдоолор бийлик тарабынан текшерилет: каражатты алуучулар он миң евродон ашкан акча которуулар жөнүндө отчет берүүгө милдеттендирилди.

Даниянын бул багытта арышы катуу кетти: бир райондо жашаган мигранттардын саны 30 пайыздан ашпоого тийиш. Дания Королдугунда тынч жашоону кыялданган качкындардын убактылуу жайгашкан лагерлери Европанын сыртына, анын ичинде Борбордук Африкага чыгарылды.

"Аутсорсинг" демилгеси жаңы ачылыш эмес. Жемишин да бербей койбостур. Бул жаатта Австралиянын ийгиликтүү тажрыйбасы бар эмеспи. 2014-жылга дейре бул жакка Индонезиядан көптөгөн адамдар сүзүп келишкен. Алардын саны жогорку чектен (бийликтин пикиринде) ашып баратканда качкындарды Тынч океан аралдарына карай жөнөтүшкөн. Ошондон соң Жашыл континенттен бактысын табууга ашыккандар азайган.

Германия ЕБде азырынча мигранттарга бир топ меймандос өлкөлөрдөн. 2015-жылы Ангела Меркель парламентти да, Дублин регламентин да буйтап, кайсы өлкөлөр аркылуу өткөндөрүнө карабастан сириялык качкындардын баарына эшик ачкан.

The Guardian басылмасы алардын жарымынын көбү андан бери жумушка орношуп, салык төлөй баштаганын жазган. Анткен менен польшалык-беларустук кырдаал Берлинди да тынчсыздандырып турат. Германиянын ички иштер министри Хорст Зеехофер Польша менен чек арасында жүздөгөн немец полиция кызматкери турганын, мекеме дагы жөнөтөрүн маалымдады. Ошол эле багытка улутчулдар да бет алууга камынып турат: элүү чакты киши мигранттардын жолун тороону пландашкан. Бирок ашкере оңчул топтун мүчөлөрү кармалганы кабарланды.

Польша коридору

Көпчүлүк европалыктар польшалык-беларустук кризис боюнча ар бөлөк пикирде. Айрымдары гуманизм баалуулуктарына чакырып, он-жыйырма жыл илгери эле поляктар өздөрү батыш өлкөлөрүнө иштегени барып жатканын социалдык медиада жазып чыгышты. Экинчи дүйнөлүк согуш убагында көптөгөн поляктар Жакынкы Чыгышка өтө качканын да эстегендер чыкты.

Айрымдар чет өлкөлүктөрдөн чочулап, алар өз мыйзамдары менен жашап, тил билишпей, ал түгүл аралашууга да аракет кылышпаганын белгилейт. Ал эми миграциялык программалар салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржыланат. Польшанын саясатын британиялыктар кызуу колдошот: Бириккен королдук Европа биримдигинен кол үзсө да, күрддөр дал ошол жакка, өз диаспорасына умтулат. Көпчүлүк англиялыктардын пикирин Дарем шаарынын тургуну Рэй Стивенсон Facebook социалдык тармагында мындайча билдирген: "Мигранттар Польшага мыйзамсыз кирүүгө тырышууда. Аларды токтотууга бийликтин акысы бар. Улуу Британия да өз жарандарына азап чектиргенден көрө ушундай кадамга барса жакшы болмок. Мигранттарга жардам берген кайрымдуулук уюмдар алардын ар бирине төлөөгө аргасыз".

Поляктардын маанайы деле ушундай. "Биздин өлкө жөн гана чек араларын коргоодо. Алар өтүп кете алышпайт", — деп жазат Польшанын бир жараны Facebook социалдык тармагына. Бирок мигранттар да аталган мамлекеттин экономикасына абдан маанилүү. RT Гданьск политехникалык институтунун изилдөөсүнө таянуу менен Польша былтыр 400 миң чет өлкөлүккө иштөөгө уруксат бергенин, алардын 295 миңи украиналыктарга тийгенин маалымдайт. Ошондой эле бул өлкөгө Беларусь, Молдова жана постсоветтик Борбор Азиядан жумуш издеп келишери айтылган. Негизи ирактыктар да ушул тизмеге кире алышмак, бирок саясат таануучулардын баамында ошол эле украиналык жана беларустардан айырмаланып, Жакынкы Чыгыштан келгендер европалык коомчулукка аралашууга анчалык даяр боло беришпейт.

"Кырк миллиондук поляктарга салыштырмалуу он миң качкын экономикалык да, демографиялык планда да өтө чоң көрсөткүч эмес. Бирок аларды өлкөгө киргизишсе начар көрүнүшкө жол ачылат: анда мигранттардын аягы тыйылбай калат", — деп боолголойт Россия Илимдер академиясынын Славян институтунун улук илимий кызматкери Вадим Волобуев. Анткен менен бул болжолдуу гана сценарий, өз чечимин өзгөртүүгө Варшаванын себеби деле жок.

Айрымдары ачкадан кезерип, кай бирин үшүк алат

СОНАР-2050 аналитикалык бюросунун жетекчиси Иван Лизан чек ара маселелери боюнча көптөгөн саясат таануучулардын пикирлерине кошулат. Анын айтымында да мунун аркасында Минск жана Варшаванын ортосундагы гана күрөш турат.

"Поляктар өздөрүнүкүн туура көрөт, айткандарынан кайтпай тургандары анык. Тилекке каршы, мындай оюн тирешти ырбаткандан башка пайда алып келбейт. Ал эми ортодо бейкүнөө адамдар жабыр тартат", — дейт ал. Анын көз карашында мигранттар Прибалтикага Беларустан өтүшпөйт: жайында аракет кылып көрүшкөн, бирок майнапсыз экенин түшүнүштү. Украина менен гана вариант калат, бирок Киев эч кимди киргизбейт. Ал жактын ички иштер министри Денис Монастырский украиналык тартип сакчылар катуу чара көрөрүн эскерткен. Натыйжада качкындар өз өлкөлөрүндөгү элчиликтердин ортомчулугу менен үйлөрүнө жеткирилиши мүмкүн. Анткен менен бул деле дароо ишке ашып кетчүдөй эмес.

"Алар азырынча чек арада, кээ бирөө тоңуп, айрымдары ач калат. Беларустун күч органдары менен кагылышууларга чейин жетиши мүмкүн", — деп кошумчалайт Лизан.

Москвага Минск менен Варшаванын ортосундагы жаңжал таптакыр кереги жок. "Эгер Лукашенко чочулаткандай беларустар Польша аркылуу газ жана жүк транзитин токтотушса, андай жагдайдын Россияга жагары арсар. Бул жөн гана риторика, Беларусь Европадан тыш калууну каалабайт деп ишенем", — деп ой толгойт эксперт.

Миграциялык каатчылык ал ортодо Россия менен Европа биримдигинин ортосундагы автомобилдик жүк ташууларды токтотту. Үч күндүк үзгүлтүк учурлары апталарга созулушу ыктымал.

Европадан Борбордук федералдык округга товарлардын 80-90 пайызы, ошондой эле Казакстан жана Борбор Азияга транзит Беларусь аркылуу өтөт. Бир жүк ташуучу унаанын чек арадагы ар бир күнү компанияларды 500 еврого чыгым кылат.

131
Белгилер:
Евробиримдик, Польша, Беларусь, Россия, Украина, качкындар, кризис
Тема боюнча
Батыш түндүккө умтулат, бирок орун эбак ээленген
Стамбул шаарында бороон-чапкын болгон убакта бараткан адамдар

Түркияда катуу бороон-чапкындан улам алты киши мерт болду. Видео

82
(жаңыланган 16:53 30.11.2021)
Шамалдын ылдамдыгы саатына 130 чакырымга жеткен. Анын айынан чатырлар урап, алдында калган 38 киши түрдүү жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында жана бир катар аймактарында бороон-чапкындын кесепетинен каза болгондордун саны алтыга жетти. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке таянып РИА Новости жазды.

Буга чейин Стамбулда ылдамдыгы саатына 130 чакырымга жеткен катуу бороон болгону кабарланган. Катуу шамалдан улам чатырлар урап, алдында калган 38 киши түрдүү жаракаттарды алган. Дагы төрт киши каза болгону айтылган. 

Ал эми Кожаэли провинциясынын администрациясынын маалыматы боюнча, урандылардын астында калган бир адам каза болуп, сегизи жаракат алган.

Зонгулдак облусунда дагы бир адам мерт болгону айтылды.

82
Белгилер:
Түркия, Стамбул, бороон, шамал, адам, өлүм, кырсык
Тема боюнча
Журналист өмүрүн тобокелге салып репортаж жасаган видео
Пассажиры на одной из станций Московского метрополитена.

Москва метросунун жүргүнчүлөрү Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнө көп чалышат

134
Россиянын борбор калаасындагы метро жүргүнчүлөрү КМШ өлкөлөрүнө чалганда 35 секунддун тегерегинде гана сүйлөшөрү аныкталган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Москва метросунун жүргүнчүлөрү көбүнчө Өзбекстан, Армения, Кыргызстан, Беларусь жана Словенияга телефон чалышат. Бул тууралуу МТС компаниясынын иликтөөсүнүн жыйынтыгына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, роуминг аркылуу эл аралык чалуулардын 90 пайзы дал ушул мамлекеттерге туура келет.

"МТС компаниясынын уюлдук байланыш боюнча кызматын пайдалангандар метродо жүргөндө көбүнесе Өзбекстан, Армения, Кыргызстан, Беларусь жана Словенияга чалышат. Алыскы чет өлкөлөр тууралуу айта турган болсок, метродо жүргөндөр Болгария, Греция, Италия, Түркия, Кипр сыяктуу өлкөлөрдөгү жакындары менен байланышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Метро жүргүнчүлөрү Россиянын ичинен кимдир бирөө менен байланышса, сөз орто эсеп менен 1,5 мүнөткө созулат. Ал эми КМШ өлкөлөрүнө чалгандар 35 секунддун тегерегинде гана сүйлөшөт.

134
Белгилер:
Россия, Москва, Кыргызстан, телефон, чалуу
Тема боюнча
Москвада мигранттардын санын дагы кыскартуу пландалып жатат
Бишкектин Биринчи май районуна караштуу Эне жана баланы коргоо боюнча бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова

Кыргызстандагы вакциналар "омикронго" каршы эффективдүүбү? Адистин жообу

6
(жаңыланган 18:58 30.11.2021)
Буга чейин Кыргызстандын министрлер кабинети COVID-19дун "омикрон" деген жаңы штаммы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен шашылыш консультациялык жолугушуу өткөргөн.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Коронавируска каршы вакциналар "омикрон" деп аталган жаңы штаммга каршы эффективдүү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Дүйнөгө коркунуч жараткан штамм-супермутанттан Кыргызстан кантип коргонот?" аталышындагы брифингдин катышуучулары билдирди.

Бишкектин Биринчи май районуна караштуу Эне жана баланы коргоо боюнча бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова Кыргызстанда коронавируска каршы бир нече вакцина бар экенин эске салды.

"Бул препараттардын бардыгы коронавируска каршы эффективдүү жана оорунун оор өтүшүн алдын алат. Бул боюнча көптөгөн маалымат булактары дагы жазып чыкты. Биздин инфекциялык ооруканага вакцина албагандар же препараттын бир эле дозасы менен эмделгендер оор абалда түшүп жатат. "Омикрон" — вирустун жаңы тиби. Бирок биз маалымат булактардан карасак, вакцина алгандар аны менен оорубай турганы боюнча жазылыптыр. Вирус мутация болгон күндө дагы ага каршы иммунитет бар. Профилактика үчүн эмдөөдөн өтүү керек", — деди Искакова.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Акбар Эсенгулов бул вирустун жаңы варианты иммундук жооптон "кача алат" деген божомолдор болгону менен вакцинациялоо темпин күчөтүү керек деген ДССУнун сунушун эске салды.

Сотрудник офиса Всемирной организации здравоохранения по чрезвычайным ситуациям в Кыргызстане Акбар Эсенгулов на брифинге в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Акбар Эсенгулов

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Исмаилова дагы жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Ал ооруну алдын алуунун эң эффективдүү жолу вакцина экенин белгиледи.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын министрлер кабинети COVID-19дун "омикрон" деп аталган жаңы штаммы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен шашылыш консультациялык жолугушуу өткөргөн. Вирус ДССУнун коркунуч жараткан тизмесине кирет. Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрликтерине вирустун жаңы мутациясынын Кыргызстандын аймагында жайылып кетпеши үчүн чара көрүү тапшырмасы берилген.

6
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, 'омикрон' штаммы, вирус, жаңы штамм, мутация
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү "омикрон" штаммы тууралуу эмне белгилүү экенин айтты
Казакстан өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырып, чектөө киргизет