Биткоин чыры. АКШ соту криптовалютаны ким ойлоп тапканын аныктоого киришти

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүБиткоиндин сувенирдик тыйыны. Архив
Биткоиндин сувенирдик тыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Биткоинди ойлоп тапкан киши криптовалюта дүйнөсүндө өтө кадыр-барктуу фигура. Азыр аны Сатоши Накамото деген ат менен таанышат.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Флорида штатында (АКШ) өтүп жаткан сот процесси биткоинди ойлоп таап, иштеп чыккан Сатоши Накамото каймана аты менен таанымал адамдын чыныгы ысымын ачыкка чыгарганы турат. Бул тууралуу The Wall Street Journal кабарлады.
Криптовалюталарды ойлоп тапкан деп божомолдонуп келген австралиялык программист Крейг Райт менен анын мурдагы өнөктөшү маркум Дейв Клеймандын үй-бүлөсүнүн ортосунда бир нече жылдан бери талаш-тартыш болуп келет.
Актер Киану Ривз  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Шылуундар "Матрица" жылдызы Киану Ривздин атын колдонуп аялдардан акча алууда
Райт Сатоши Накамото деген менмин деп келсе, Клеймандын үй-бүлөсү криптовалюталарды экөөлөп иштеп чыккан деп, ушул убакка чейин чогулган миллион биткоиндин тең жарымын (баасы 64 миллиард доллар) талап кылууда.
ЖМКлардын жазганына караганда, Сатоши Накамото ким экенин бир гана жол менен аныктоого болот. Ал кишиде буга чейин чогулуп калган 1 миллион биткоинге жетүү үчүн ачкыч болушу керек. Ошол биткоиндердин жок дегенде бир бөлүгүн чыгарып кете алган адам аларды ойлоп табууга тиешеси бар деп таанылмакчы.
10-ноябрь күнү токендин баасы 69 миң долларга жетип, рекордду жаңылады.
Жаңылыктар түрмөгү
0