"Дүйнөнүн эң сулуу келини" сынагын россиялык Ксения Давыдова утту. Сүрөт

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүСулуулук сынагынын катышуучулары. Архив
Сулуулук сынагынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Үч баланын энеси сынакта бир канча өлкөлөрдөн келген атаандаштарын ашып өттү. Калыстар анын чыгармачылык баскыч бөлүгүндө күйөөсү менен бийлеген бийине өзгөчө баа берди.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Россиялык Ксения Давыдова Mrs.Top Of The World 2021 аталыштагы эл аралык сулуулар конкурсунда жеңүүчү болуп, "Ааламдын эң сулуу келини" деген наамга татыды. Бул тууралуу "Телеканал 78" жазып чыкты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ксения Давыдова (@davydova_govorit)

Үч баланын энеси сынакта Улуу Британия, Латвия, Кипр, БАЭ, Индия жана Армения өлкөлөрүнөн келген атаандаштарын ашып өттү. Калыстар анын чыгармачылык баскыч бөлүгүндө күйөөсү экөөнүн бийине өзгөчө баа берди. Хореография "Маска" фильмине коюлган.
"Сынакта жеңгеним үчүн эл аралык деңгээлдеги экологиялык жана кайрымдуулук долбоорлоруна Россиянын атынан катыша алам. Бул менин негизги максатым болчу. Ошол эле учурда, мен өзүмдүн мисалым менен аялзаты жашоонун көптөгөн тармактарында көп кырдуу жана гармониялуу адам боло аларын көрсөткүм келет", — деген Давыдова россиялык телеканалга.
29 жаштагы Санкт-Петербургдун тургуну "коомчулук менен иштөө" адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон. Анын үч баласы: сегиз жаштагы кызы, төрт жана эки жаштагы эки уулу бар.
Ал ошондой эле коомдук жашоодо да активдүү иш жүргүзөт. Мисалы, оор турмуштук кырдаалга туш болгон балалуу үй-бүлөлөргө жардам берүү боюнча кайрымдуулук долбоорун уюштурган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ксения Давыдова (@davydova_govorit)

Мындан сырткары, Давыдова Санкт-Петербург шаарын жакшыртуу боюнча "Комфорттуу шаардык чөйрөнү калыптандыруу" федералдык долбоорунун амбассадору (элчиси) болуп саналат. Бош убактыларында саякаттоону жана тамак жасаганды жакшы көрөт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ксения Давыдова (@davydova_govorit)

Айым буга чейин Миланда модель болуп иштеген.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0