Патрушев: кырдаал жөнгө салынбаса Афганистан бүлгүнгө учурайт

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүРоссиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев
Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
Афганистан кайрадан сырткы оюнчулардын ойлонулбаган кадамы ташталган полигон болуп калышы мүмкүндүгү, ага жол бербөө өзгөчө маанилүү экени белгиленди.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Эгерде Кабулда жаңы бийлик абалды жөнгө сала албай, ал эми эл аралык коомчулук афган элине колдоо көрсөтпөсө кырдаал абдан кыйындап, өлкө бүлгүнгө учурайт. Мындай пикирин Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусунда айтканын РИА Новости билдирди.
"Эгерде Кабулдун жаңы бийлиги абалды жөнгө сала албай, ал эми эл аралык коомчулук афган элине колдоо көрсөтпөсө кырдаал кыйындап, алар бүлгүнгө учурайт. Жарандык согуш отунун тутанышынан эл жакырланып, ачарчылыкка кептелгенге чейин барат", — деп Патрушевдин айтканын РФтин Коопсуздук кеңешинин маалымат кызматы кабарлаган.
Патрушев мунун аймак, КМШ өлкөлөрү, жалпы дүйнө коомчулугу үчүн кесепети кандай болорун божомолдоо кыйынчылыкка турарын, бирок ал терс көрүнүшкө алып келери турган нерсе экенин айткан.
Афган тематикасы быйыл талибдердин ("Талибан"*) бийликке келиши менен өтө актуалдуу боло баштады. Патрушев бул АКШ жана анын союздаштарынын 20 жыл боюнча жүргүзгөн жоопкерчиликсиз саясатынын жыйынтыгы болгонун белгиледи. Анын айтымында, бүгүн Афганистанда аскердик-саясий жактан да, социалдык-экономикалык жактан да өтө кыйын абал түзүлүүдө.
Ал бүгүнкү күндө афган багытында мурда болуп көрбөгөндөй, ийиндеше биригип жөнгө салынган конструктивдүү иш алып баруу зарылдыгын айткан.
Афганистандагы курал менен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Афганистанда 20дан ашуун террордук топ бар экени айтылды
"Афганистандын кайрадан геосаясий авантюрист сырткы оюнчулардын ойлонулбаган кадамы ташталган полигон болуп калышына жол бербеш керек, бул өтө маанилүү. Мында АКШ жана анын союздаштарынын абал начарлап бара жатат деген шылтоо менен бул өлкөдөн, анын ичинде КМШ мейкиндигинен орун-очок алып калуу аракетин айтып жатам", — деген Патрушев.
Ал мындай демилгени жогорку деңгээлде кабыл алынган чечимдер менен кескин түрдө четке кагуу керектигин белгиледи.
* Кыймылга террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУ тарабынан санкция салынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0