Instagram "шектүү" колдонуучунун өздүгүн аныктоо үчүн видеоселфи сурайт

© AP Photo / Damian DovarganesdInstagram тиркемеси. Архив
Instagram тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Жазылуу
Instagram бул сервисти сыноодон былтыр эле өткөрүп баштаган. Видеону социалдык тармактын кызматкерлери карап чыгып, 30 күндүн ичинде өчүрөт.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Instagram социалдык тармагы "шектүү" колдонуучулардын өздүгүн аныктоо үчүн видеоселфи сурайт. Бул тууралуу социомедиалар боюнча британиялык адис жана консультант Мэтт Наваррага шилтеме берип "Известия" жазды.
Өзүңдүн ким экениңди көрсөтүү үчүн жүзүңдү ар кайсы жагынан көрсөтүп берүү керек. Камера тартып жатканда көз тике карап турушу зарыл экени айтылат.
Instagram бул сервисти сыноодон былтыр эле өткөрүп баштаган, бирок техникалык көйгөйлөргө байланыштуу токтоп турган болчу.
Приложение WhatsApp  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Айрымдардан "жашынууга" болот. WhatsApp жаңы кызмат киргизди
Instagram соцтармагы айрым аккаунттардын шек жараткан активдүүлүгүнөн улам видеоселфи талап кылынарын айткан. Мисалы, баракча кыска убакытта көптөгөн аккаунттарга катталып же бир секундда эле "жакты" белгисин коюп чыгышы мүмкүн. Жүздү таануу технологиясы айрым учурда баракчаны бот эмес чыныгы адам иштетерин аныктоо үчүн колдонулат.
Видеону социалдык тармактын кызматкерлери карап чыгып, 30 күндүн ичинде өчүрөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0