Эрдоганга Россиянын аймагы кирген "түрк дүйнөсүнүн" картасы тартууланды. Сүрөт

© AP Photo / Turkish Presidency Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив
 Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Жазылуу
Бахчелинин версиясы боюнча, "түрк дүйнөсүнө" Россиянын түштүгүндөгү жана Чыгыш Сибирдеги бөлүгү кирет.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Түркиянын Улуттук кыймыл партиясынын башчысы Давлет Бахчели президент Режеп Тайип Эрдоганга Россиянын региондору кошулуп калган "түрк дүйнөсүнүн" картасын белек кылды. Бул тууралуу РИА Новости Telegram-каналына жазды.
Агенттик билдиргендей, Бахчели картаны Эрдоган менен жолугушуу учурунда тартуулаган. Бул сүрөт партиянын Twitter баракчасына жарыяланган. Тагыраак айтканда, Бахчелинин версиясы боюнча, "түрк дүйнөсүнө" Россиянын түштүгүндөгү жана Чыгыш Сибирдеги бөлүгү, ошондой эле бир нече өлкөлөр жана региондор кирет.
Белгилей кетсек, жакында эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңеши Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0