Байден ыйгарым укуктарын убактылуу вице-президентке тапшырат. Себеби

© REUTERS / TOM BRENNERАКШ президенти Жо Байден. Архив
АКШ президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
АКШда аз болсо да алгачкы ирет аял киши мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын колуна алып жатканы айтылган.
БИШКЕК, 19-ноя.— Sputnik. АКШ президенти Жо Байден ооруканада анестезияда болуп турганга чейин ыйгарым укуктарын вице-президент Камале Харриске убактылуу тапшыра турат. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки кабарлаганын РИА Новости жазды.
"Вице-президентке кызматын убактылуу тапшыра туруу Байден бийликке келгенден бери алгачкы ирет катталып жатат. Ошондой эле АКШда аз болсо да алгачкы ирет аял киши мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын колуна алууда", — деп жазылат кабарда.
АКШнын президенти Жозеф Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Үргүлөп кеткен Байден. Глазгодогу саммиттен тартылган видео
Маалымат катчы Байден Уолтер Риддин медициналык борборуна кароодон өткөнү барганын айтып, ал жактан ага пландык колоноскопия жасала турганын белгилеген.
"2002-жылы жана 2007-жылы Жорж Буш да ушундай кылган. АКШнын конституциясына ылайык, Байден ыйгарым укугун кыска убакытка вице-президентке бере турат. Анткени өзү наркоздо болот", — деп жазылат Псакинин билдирмесинде.
Ал жуманын экинчи жарымында администрация президенттин ден соолугу тууралуу маалымат бериле турганын айтып, Байден дарыланып жатканда Харрис Ак үйдүн батыш тарабындагы өз иш бөлмөсүнөн анын кызматын аткарып турарын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0