Байдендин дарыгери президенттин жөтөлү күчөп, басканы начарлаганын айтты

© AP Photo / Evan VucciАКШ президенти Жо Байден
АКШ президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Жазылуу
Бүгүн, 20-ноябрда, Жо Байден 79 жашка чыкты. Ал АКШнын тарыхындагы эң улгайган президент. Дарыгери ажонун ден соолугу жалпысынан жакшы экенин, иштей аларын айткан.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байдендин жөтөлү күчөп, басканы начарлап, аритмиядан дарыланып жатат. Бул тууралуу өлкө башчынын дарыгери Кевин О'Коннор билдиргенин РИА Новости жазды.
Ак үй жума күнү О'Коннордун меморандумун тараткан. Анда дарыгер медициналык кароодон кийин Байденди "78 жаштагы активдүү адам" деп айткан.
"Өз милдетин аткаруу үчүн президенттин ден соолугу жакшы. Соңку учурда тамагын көп тазалачу болду. Бул белгини көптөн бери байкап жүргөм, анысы бат-баттан кайталанып жатат. Белги тыкыр иликтөөнү талап кылат. Былтыркы жылга салыштырмалуу өлкө башчынын басканы да өзгөргөн", — деген ал.
Дарыгер президент былтыр ортопедиялык жаракат алганын айтып, бир жыл мурда бутун кокустатып алганын белгилеген. Байденге гастроскопия жана колоноскопия жасалган.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Путин АКШ менен НАТОнун Кара деңиздеги аракеттерине тынчсызданып жатат
"Өлкө башчы аритмиядан, гиперлипидемиядан (канда майдын көбөйүп кетиши), сезондук аллергиядан дарыланып жатат. Бутун да дарылатууда. Ошондой эле жоон ичеги жана тери рагына текшерүүдөн өтүп, дарыгерлер анын тиштери менен көзүн текшеришти", — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн Жо Байден 79 жашка чыкты. Ал АКШнын тарыхында эң улгайган президент.
Жаңылыктар түрмөгү
0