Белгилүү блогер Москвада автокырсыктан каза тапты. Окуянын видеосу

© Фото / АГН "Москва" / Мобильный репортерГибель в ДТП блогера Саида Губденского в Москве
Гибель в ДТП блогера Саида Губденского в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Жазылуу
Белгилүү автоблогер Instagram аккаунтуна темир тулпарын катуу айдап кетип бара жаткан видеосун кырсыктан 1,5 саат мурда киргизген.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Москва шаарында автокырсык белгилүү блогер Саид Губденскийдин өмүрүн алып кеткенин РИА Новости жазды.
Окуя Кутузов проспектинде болгон. Эки темир тулпар бетме-бет кагышып, алардын бири жолдун башка тилкесинде келе жаткан автоунаага барып урунган. BMW автокөлүгүн автоблогер Губденский айдап бара жатканы айтылды. Ал ошол жерден мүрт кетип, анын жанындагы жүргүнчүсү ооруканадан көз жумган.
Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, кырсыкка BMW күнөөлүү. Ал каршы тилкеге чыгып кеткен.
Mash Telegram каналы кырсыктын кандай болгонун жарыялады.
Москва прокуратурасы Губденскийди жол эрежесин бузганы үчүн бир нече ирет айдоочулук укуктан ажыратышканын билдирди. Маалыматта маркум каза болор алдында социалдык тармакка жол эрежесин орой бузган видеосун койгон. Аны менен катар эле номер тагылбаган автоунаа айдап жүргөнүн жазышты.
Первый снег в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Унаалар бир мүнөткө токтоп... Чүйдө жол кырсыктан көз жумгандарды эскерген видео
Автоблогердин Instagram аккаунтуна жарыялаган өмүрүнүн акырындагы видеосун 3 миллион ирет көрүшүп, 13 миң комментарий калтырышкан. Анын 600 миң катталуучусу болгон.
Видеодон Губденский Москвада спорттук автокөлүктө досу менен кетип бара жатып, жол эрежесин бир нече ирет бузгандыгын көрүүгө болот. Анын ичинде өзү кырсыкка кабылган жерден 500 метр аралыкта болгону да тартылып калган.
РИА Новости блогердин кыймыл күчөгөн Кутузов проспектинде эки катар чийимден кайрылгандыгын жазган.
Андан сырткары, ал кырсыкка кабылардан 1,5 саат мурда BMW автоунаасын айдап, досу менен катуу ылдамдыкта кетип бара жаткан видеосун киргизген.
Жаңылыктар түрмөгү
0