АКШнын президенти Жозеф Байден. Архивдик сүрөт

ЖМК: Байден экинчи ирет президент болууга ниеттенип жатат

119
(жаңыланган 15:07 21.11.2021)
USA Today басылмасы менен Саффолк университетинин ноябрдагы сурамжылоосу азыркы мамлекет башчынын ишмердүүлүгүн шайлоочулардын 38 пайызы гана колдой тургандыгын көрсөткөн.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден экинчи ирет президент болуу ниетин билдирип, 2024-жылдагы шайлоого катышууну көздөп жатат. Бул туурасында Washington Post жазган.

USA Today басылмасы менен Саффолк университетинин ноябрдагы сурамжылоосу азыркы мамлекет башчынын ишмердүүлүгүн шайлоочулардын 38 пайызы гана колдой тургандыгын көрсөткөн. Ал эми көпчүлүк азыркы президенттин мындай кадамына каршы экендигин билдирген.

Байден 82 жашында 2024-жылы өтө турган АКШ президентинин шайлоосуна катышуу ниетинде. Анткен менен демократтар (ал учурда 57 жашка чыга турган) Камала Харриске басым жасап жатышат.

Газета акыркы күндөрү президенттин тегерегиндегилер анын кайрадан шайланууга даяр экендигин билдиргенин кабарлады. Ошол эле учурда партия Байдендин жаш курагын, Ак үйдүн колдоосу төмөндөгөнүн жана пандемия менен инфляция боюнча электораттын түйшөлгөнүн эске алып, бул чечимден күмөн санап жатканы жазылган.

"Андан бир эле нерсени, кайрадан шайлоого катышууну пландап жатканын уктум", — деген президенттин досу, мурдагы сенатор Крис Додд.

Анткен менен Демокарттар партиясынын 28 стратеги жана аткаминерлеринин маегинин жыйынтыгында, Байдендин жана анын командасынын айткандары беркилерди ынандыра алган эмес.

Басылма эгерде Байден чын эле шайлоого катышам деп чечсе, демократтардын расмий адамдары алгачкы этапта колдой турганын жазган. Муну менен катар эле айтылган пландарынан баш тартса праймериз алдында партия лидерсиз калат. Газета вице-президент Камала Харрис көпчүлүктүн колдоосуна ээ боло албайт деген пикирди да жазган. Транспорт министри Пит Буттижич бул өнөктүктөгү мүмкүнчүлүгү жакшы талапкер катары каралган. Маалыматта расмий жарыя Конгресстеги кезектеги шайлоолор бүтмөйүн жасалбастыгы жазылган.

119
Белгилер:
АКШ, Жо Байден, президенттик шайлоо, Камала Харрис, саясий партиялар
Тема боюнча
Үргүлөп кеткен Байден. Глазгодогу саммиттен тартылган видео
Байдендин дарыгери президенттин жөтөлү күчөп, басканы начарлаганын айтты
Байден ыйгарым укуктарын убактылуу вице-президентке тапшырат. Себеби
Франциялык ПСЖ футбол клубу жана Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси жетинчи ирет Алтын топ сыйлыгын алды

Рекорд! Лионель Месси жетинчи ирет "Алтын топ" сыйлыгына татыды

6
(жаңыланган 10:08 30.11.2021)
Акыркы 10 жылда футболдо Мессиге негизги атаандаш катары саналып келген Криштиану Роналду бул ирет алдыңкы бештикке да кирген эмес.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Франциялык ПСЖ футбол клубу жана Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси жетинчи ирет "Алтын топ" сыйлыгын алды.

Бул - футбол тарыхындагы рекорддук көрсөткүч. Буга чейин бир да оюнчу футболдогу эң престиждүү сыйлыкка жети жолу татыган эмес.

Европадагы эң мыкты футболчуга берилүүчү "Алтын топту" тапшыруу аземи Париждеги "Шатле" театрында өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен экинчи орунду "Бавария" клубунун польшалык оюнчусу Роберт Левандовский ээледи. "Челси" жана Италия курама командасынын футболчусу Жоржиньо үчүнчүгө илинди.

Акыркы 10 жылда Мессиге негизги атаандаш катары саналып келген Криштиану Роналду бул ирет алдыңкы бештикке да кирген эмес.

Месси акыркы сезондо Испаниянын "Барселона" командасынын сабында жана Аргентина курамасы менен 47 оюнга чыгып, 38 гол киргизген. Июль айында Америка кубогу мелдешинде чемпион болгон. Бул анын улуттук команда менен уткан экинчи ири мелдеши. 2008-жылы футболчу олимпиада чемпиону болгон.

Жайында Месси каталондук клубдан кетип, франциялык ПСЖ командасынын сабына кошулган.

Аргентиналык оюнчу "Алтын топ" сыйлыгын буга чейин 2009, 2010, 2011, 2012, 2015, 2019-жылдары алган. 2020-жылы пандемияга байланыштуу айрым өлкөлөрдө чемпионаттар аягына чейин ойнолбогондуктан бул абройлуу сыйлык берилбей калган эле.

Месси бул жарышта сыйлыкка төрт ирет удаасы менен татыган, эң көп: алты жана жети жолу уткан уникалдуу рекорддору менен өзгөчөлөнөт.

"Алтын топ" сыйлыгы 1956-жылы France Football журналы тарабынан Европанын эң мыкты футболчусуна берилүүчү сыйлык катары негизделген (спорттук журналисттердин пикиринин негизинде).

2010-жылы ФИФА менен France Football "Алтын топ" жана "ФИФАнын жылдын мыкты оюнчусу" сыйлыктары бириктирилип бериле баштаган. Мында жеңүүчү клубдардын капитандары жана улуттук командалардын машыктыруучуларынын добуш берүүсү менен аныкталган.

2016-жылдын сентябрь айында France Football аталган сыйлыкты өз алдынча бере баштаганын жар салган болчу.

6
Белгилер:
Лионель Месси, Алтын топ, сыйлык, футбол
Тема боюнча
Месси Пеледен ашып өтүп Түштүк Америка континентинин бомбардири болду
Мессинин буту сынып кала жаздады... Оюндагы опурталдуу учурдун видеосу

Чеберчиликтин туу чокусу! Табияттын таң калтырган 12 керемети

313
  • Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Шиванг Мехтанын Сейилдөөгө чыккан кабылан деген эмгеги финалга чыкты
  • Анага Мохананын Көңүл борборунда сүрөтү Жаш фотосүрөтчү номинациясында жеңүүчү деп табылды
  • Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында Бөлүнгөн жер сүрөтү финалист болду
  • Жаныбарлардын портрети категориясында Мохаммад Мураддын Шаардын жарыгы сүрөтү жеңишке жетти
  • Пратхамеш Гадекар Түндүк жарыгы сүрөтү менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү категориясында алдыңкы орунга чыкты
  • Панос Ласкаракис Падышанын майрамы эмгеги менен Жаныбарлардын портрети категориясында финалист болду
  • Шувам Садхухан Мурундан куйрукка чейинки диета кадры менен Жаныбарлардын кылык-жоругу категориясында финалга чыкты
  • Магнус Лундгрен Иллюзионист аталышындагы эмгеги менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү номинациясында финалист болду
  • Приянка Рахут Митра Жаныбарлардын кылык-жоругу номинациясында Тег, бул сенби! аталыштагы сүрөтү менен жеңүүчү болду
  • Лакшита Карунаратна Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Монарх эс алууда чыгармасы менен алдыңкы орунга чыкты
  • Анируд Камакери Уктаган жөргөмүш эмгеги менен Жаш фотосүрөтчү категориясынын финалисти болду
  • Махисин Хандын Куугунтукталган аталышындагы сүрөтү Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында жеңишке жетти
Бүгүнкү сүрөт түрмөктө жыл сайын өтүүчү Nature in Focus Photography сынагынын жеңүүчүлөрү менен финалисттеринин эмгектери камтылган. Алардын керемет сүрөттөрүн көрүп, ырахат алыңыз.

Бул масштабдуу сүрөт сынагы дүйнөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүнө арналган. Быйыл конкурска 40 өлкөнүн эки миң сүрөтчүсүнөн 18 миңдей эмгек сунушталды. Жеңүүчүлөр "Жаныбарлардын портрети", "Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө", "Чыгармачыл табияттын сүрөтү", "Жаш фотосүрөтчү", "Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр" жана "Жаныбарлардын кылык-жоругу" сыяктуу бир нече категория боюнча тандалды.

Сынактын тарыхында алгачкы жолу жалпы жеңүүчүнү тандоо мүмкүн болгон жок. Калыстар тобунун айтымында, эң мыкты сүрөттү тандоо кыйынга турган.

Сынактагы сүрөттөрдү толугу менен көрүүгө болот.

313
  • Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Шиванг Мехтанын Сейилдөөгө чыккан кабылан деген эмгеги финалга чыкты

    "Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө" категориясында Шиванг Мехтанын "Сейилдөөгө чыккан кабылан" деген эмгеги финалга чыкты

  • Анага Мохананын Көңүл борборунда сүрөтү Жаш фотосүрөтчү номинациясында жеңүүчү деп табылды

    Анага Мохананын "Көңүл борборунда" сүрөтү "Жаш фотосүрөтчү" номинациясында жеңүүчү деп табылды

  • Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында Бөлүнгөн жер сүрөтү финалист болду

    "Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр" номинациясында "Бөлүнгөн жер" сүрөтү финалист болду

  • Жаныбарлардын портрети категориясында Мохаммад Мураддын Шаардын жарыгы сүрөтү жеңишке жетти

    "Жаныбарлардын портрети" категориясында Мохаммад Мураддын "Шаардын жарыгы" сүрөтү жеңишке жетти

  • Пратхамеш Гадекар Түндүк жарыгы сүрөтү менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү категориясында алдыңкы орунга чыкты

    Пратхамеш Гадекар "Түндүк жарыгы" сүрөтү менен "Чыгармачыл табияттын сүрөтү" категориясында алдыңкы орунга чыкты

  • Панос Ласкаракис Падышанын майрамы эмгеги менен Жаныбарлардын портрети категориясында финалист болду
    © Photo / Panos Laskarakis / Nature inFocus 2021

    Панос Ласкаракис "Падышанын майрамы" эмгеги менен "Жаныбарлардын портрети" категориясында финалист болду

  • Шувам Садхухан Мурундан куйрукка чейинки диета кадры менен Жаныбарлардын кылык-жоругу категориясында финалга чыкты
    © Photo / Shuvam Sadhukhan / Nature inFocus 2021

    Шувам Садхухан "Мурундан куйрукка чейинки диета" кадры менен "Жаныбарлардын кылык-жоругу" категориясында финалга чыкты

  • Магнус Лундгрен Иллюзионист аталышындагы эмгеги менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү номинациясында финалист болду
    © Photo / Magnus Lundgren / Nature inFocus 2021

    Магнус Лундгрен "Иллюзионист" аталышындагы эмгеги менен "Чыгармачыл табияттын сүрөтү" номинациясында финалист болду

  • Приянка Рахут Митра Жаныбарлардын кылык-жоругу номинациясында Тег, бул сенби! аталыштагы сүрөтү менен жеңүүчү болду
    © Photo / Priyanka Rahut Mitra / Nature inFocus 2021

    Приянка Рахут Митра "Жаныбарлардын кылык-жоругу" номинациясында "Тег, бул сенби!" аталыштагы сүрөтү менен жеңүүчү болду

  • Лакшита Карунаратна Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Монарх эс алууда чыгармасы менен алдыңкы орунга чыкты

    Лакшита Карунаратна "Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө" категориясында "Монарх эс алууда" чыгармасы менен алдыңкы орунга чыкты

  • Анируд Камакери Уктаган жөргөмүш эмгеги менен Жаш фотосүрөтчү категориясынын финалисти болду

    Анируд Камакери "Уктаган жөргөмүш" эмгеги менен "Жаш фотосүрөтчү" категориясынын финалисти болду

  • Махисин Хандын Куугунтукталган аталышындагы сүрөтү Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында жеңишке жетти

    Махисин Хандын "Куугунтукталган" аталышындагы сүрөтү "Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр" номинациясында жеңишке жетти

Белгилер:
конкурс, табият, фото, сүрөт, дүйнө
Тема боюнча
Күн чачыраган тоолор... Түндүк — Түштүк жолундагы керемет табияттын видеосу
Кыргызстандын керемет табияты италиялык фотографтын көзү менен. Сүрөт, видео