Талибдер өкмөттүн жаңы курамына БУУнун санкциялык тизмесиндегилерди киргизди

© AFP / HECTOR RETAMALТалибандын өкүлү жана чалгын кызматынын расмий өкүлү Кабулда
Талибандын өкүлү жана чалгын кызматынын расмий өкүлү Кабулда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Талибдер Афганистандагы өкмөттүн жаңыланган курамындагы жетекчилик кызматка аялдардан кошкон эмес.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Талибдер Афганистандын өкмөтүнүн жаңыланган курамына БУУнун санкциясындагы адамдарды киргизген. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Мындан сырткары, кезектеги курамда бир да аял жок. Жаңы дайындоолор туурасында "Талибан"* кыймылынын расмий өкүлү Забиулла Муджахид кабарлаган.
Тагыраагы, тоо-кен жана нефть өнөр жайы боюнча министрдин милдетин аткаруучу Мавляви Шахабуддин Делавар жана анын орун басары Хаджи-Мулла Мохаммад Исса Ахунд БУУнун сакциясында турат. Ошондой эле ал тизмеге өзгөчө кырдаалдар менен күрөшүү министринин милдетин аткарып жаткан Мулла Мохаммад Аббас Ахунд менен Жогорку текшерүү органынын жетекчисинин милдетин аткарган Кудратулла Жамал туш болгон.
Ситуация в Афганистане после захвата власти талибами - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Алгачкы 100 күн: мындай Афганистандын бизге кереги жок
Август айынын башында "Талибан"* кыймылы Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. Анын эртеси эле согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасында америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кеткен.
Сентябрдын башында Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектеген. Ал талибдердин биринчи жолу бийликтеги учурунда тышкы иштер министри болуп иштеп, 2001-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун санкцияларында болчу.
* — Кыймылга террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУ тарабынан санкция салынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0