NASA: астероиддердин бири да жакынкы 100 жылда Жерге коркунуч жаратпайт

© NASAАстероид в космосе
Астероид в космосе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
NASA космостук кеме менен астереоидди атайын кагылыштырып, Жердин коргонуу технологиясын сынап көрүүнү пландап жатат. Бирок жакынкы жылдары объектилер коркунуч жаратпайт деген пикирди да айтышкан.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Учурда окумуштууларга белгилүү болгон астероиддердин бири да жакынкы жүз жылда Жер менен кагылышпайт. Бул тууралуу NASA агенттигинин жетекчисинин орун басары Томас Зурбухен билдиргенин РИА Новости жазды.
NASA шаршемби күнү DART космостук жабдыгын Диморф астероидине учурууну пландап жатат. Чакан космостук кеме астереоид менен атайын кагылыштыруу үчүн жиберилген, анын жыйынтыгы менен адистер Жердин коргонуу технологиясын сынап көрмөкчү.
"Кам санабагыла, бул астероид азыр жерге коркунуч жаратпайт. Бизге белгилүү болгон объектилердин бири дагы жакынкы жүз жылда кооптулук туудурбайт", — деген NASA өкүлү.
Ал илимпоздорго чоңдугу 140 метрлик объектилердин 40 пайызы гана белгилүү экенин, 60 пайызын табуу керектигин кошумчалаган.
DART миссиясын SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасында учуруу 24-ноябрда Москва убактысы боюнча саат 9:20га пландалган. Ал эми космостук аппаратты астероид менен кагылыштыруу келерки жылдын сентябрь-октябрь айларына мерчемделгени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0