Газпром газ бөлүштүрүүчү станциясынын кызматкери. Архив

"Газпром" Молдованын өтүнүчүн аткарып карыз мөөнөтүн узартты

90
(жаңыланган 21:55 24.11.2021)
Молдованын өкмөтү "Газпромго" бүгүндөн тарта газ берүүнү токтотпоону суранып кайрылганы кабарланды.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. "Газпром" мунасага келип, Молдованын көгүлтүр отту бүгүндөн тарта токтотпоо боюнча суранычын аткарууга макул болду. Бул туурасында РИА Новости "Газпромдын" өкүлү Сергей Куприяновго шилтеме кылып билдирди.

"Молдованын өкмөтү "Газпромго" бүгүндөн тарта газ берүүнү токтотпоону суранып кайрылды. Муну менен бирге эле аталган тарап "Газпромдун" аракеттеринин мыйзамдуу экендигин мойнуна алып, быйылкы карыздарын 26-ноябрга чейин төлөп берүүгө милдеттенме алган. "Газпром" Молдова жарандары кыйын абалда каларын эске алып, кырдаалга түшүнүүчүлүк менен карап, узартууга макул болду", — деген Куприянов.

Ал "Газпром" Молдова тараптын келерки жылга каралган келишимдеги милдеттенмелерин аткарарына жана быйылкы карыздарын айтылган мезгилде төгөрүнө ишеним артканын айткан.

Молдова бийлиги 22-октябрь - 20-ноябрь арасында көгүлтүр отту берүү боюнча макулдашуу аягына чыккандыктан, энергетика жаатында өзгөчө абал жарыялаган. Аны узартуудагы көйгөй Кишиневдун аталган компанияга болгон карыздарынан улам жаралган. Анткен менен 29-октябрда беш жылдык жаңы келишимди "Молдовагаздын" карыздарына 2022-жылы аудит жүргүзүү шарты менен түзүшкөн. Ал туумдарды эске алганда беш жылда төлөнөрү пландалган.

Дүйшөмбү күнү "Газпром" эгерде 22-ноябрда газды колдонгону үчүн чогулган карыздарды 48 саатта төлөбөсө, Молдовага көгүлтүр от берүүнү токтоторун эскерткен. "Молдовагаздын" башчысы Вадим Чебан өкмөткө кайрылып карызды жабуу үчүн 74 миллион доллар каражат бөлүүнү сураганын кабарлаган.

Вице-премьер Андрей Спыну айтылган каражат бөлүнөрүн, бирок ал үчүн Кишиневго көбүрөөк убакыт зарылдыгын, себеби чечимди парламент колдоп бериши керектигин айткан.

Анткен менен кечээ Спыну абалды "Газпром" жетекчиси Алексей Миллер менен талкуулоого үмүт артып турганын билдирген.

Куприянов мурда белгилегендей, "Газпром" Молдова менен алардын бардык шарттарына карап, бирок өткөнкү карыздарды 100 пайыз айтылган убакта төлөөнү милдеттендирген келишим түзүлгөн.

90
Белгилер:
Россия, 'Газпромбанк' АК, Молдова, газ, карыз, өтүнүч
Тема боюнча
Кыргызстан россиялык "Газпромбанк" менен меморандумга кол койду
Баягы эле катасын кайталап... Газ жаатында Европа эмнеден адашты эле?
Путин Украина аркылуу өткөн газдын транзит милдеттенмелерин сактоого сөз берди
Кишилер Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарынын логотибинен жанында

АКШ бийлиги Кытайда өтө турган Олимпиада оюндарына бойкот жарыялады

17
(жаңыланган 11:45 07.12.2021)
Жо Байдендин администрациясы 2022-жылдагы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына дипломатиялык дагы, расмий дагы делегация жөнөтпөй турган болду.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. АКШ бийлиги 2022-жылы Кытайда өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына бойкот жарыялагандыктан, иш-чарага Американын бийлик өкүлдөрү катышпайт. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки брифинг учурунда билдирди.

"Кытайдагы адам укугунун бузулушу жана Синьцзяндагы геноцидди эске алуу менен Байдендин администрациясы 2022-жылдагы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына дипломатиялык дагы, расмий дагы делегация жөнөтпөйт", — деди ал брифингде.

Ошол эле учурда бул бойкоттун АКШлык спортчуларга тиешеси жок экени айтылды.

"Ал эми Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларыбызды 100 пайыз колдойбуз", — деди Псаки.

Эске салсак, Синьцзяндагы окуяларга байланыштуу АКШ, Улуу Британия жана Европа биримдиги Кытайга каршы санкция жарыялашкан. Алар Кытай бийлиги уйгурлар жана алар сыяктуу башка этникалык азчылыктардын укугун бузуп, эркине каршы эмгегин пайдаланып жатат деп айыптоодо. Пекин бул айыптоолордо айтылгандардын бардыгын төгүндөп келет. Кытай бийлиги Синьцзянга байланыштуу окуялар адам укугуна эмес, террорчулук жана сепаратизмге тиешелүү экенин билдирет.

17
Белгилер:
АКШ, Кытай, олимпиада, адам укугу, спорт, саясат, бойкот
Тема боюнча
Сүйүнүчтүү кабар! Лыжачы Максим Гордеев кышкы Олимпиадага катышууга лицензия алды
Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат
COVID-19га каршы вакцина менен иштеген лаборант. Архив

Вирусолог: "омикрон" COVID-19га каршы тирүүлөй вакцина болуп берет

57
(жаңыланган 10:30 07.12.2021)
Адис "омикрон" башка штаммдарды сүрүп чыгара алар-албасы азырынча белгисиз экенин айтып, ошол эле учурда адам баласы локдаундар тууралуу унутса болорун кошумчалады.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. "Омикрон" штаммы коронавируска каршы тирүүлөй вакцина болуп бериши мүмкүн. Мындай пикирин Россиянын илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, вирусолог, профессор Петр Чумаков маегинде айтканын URA.RU жазды.

"Жаратылыш коронавируска каршы тирүүлөй вакцина берди деген оптимисттик прогноздор болуп жатат. Тагыраак айтканда, бул штаммды жуктуруп, сакайган кишилер COVID-19дун башка штаммдарына туруштук берет", — деди адис.

Ошондой эле Чумаков "омикрон" башка штаммдарды сүрүп чыгара алар-албасы азырынча белгисиз экенин айтып, ошол эле учурда адам баласы локдаундар тууралуу унутса болорун кошумчалады.

Буга чейин ДССУ Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат. Ошол эле учурда россиялык окумуштуулар бул штамм башкаларынан алсыз экенин айтып, пандемияны жыйынтыктоочу варианты болуп каларын дагы божомолдоп жатат.

57
Белгилер:
'омикрон' штаммы, коронавирус, жаңы штамм, вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммы өлүмгө кептебейби? ДССУ маалымат берди
Коронавирус 63 кишиден табылып, эки бейтап каза тапты. Жаңы статистика

Бишкекте бир бөлмөлүү "элиткалар" 3 000 долларга арзандады. Батирлердин баасы

0
2021-жылдын ноябрь айында Бишкекте батирлердин дээрлик бардык категориясына болгон баа өстү. Бирок айрым түрлөрү, тескерисинче, арзандаган.
Бишкекте сатылган батирлердин баасы

Sputnik Кыргызстан ай сайын ачык маалымат булактар аркылуу Бишкектеги батирлердин баасына көз жүгүртүп, өткөн ай менен салыштырып турат.

Бул материалды даярдоо үчүн 1 207 жарыяга көз жүгүртүп, анализдеп чыктык.

Ноябрда ордо калаада өткөн айларга салыштырмалуу батирлердин дээрлик бардык түрү кымбаттаган. 106-сериядагы үч бөлмөлүү батирдин орточо баасы 1 700 долларга жогорулаган. Жеке типтеги үч бөлмөлүү батирлер, тескерисинче, 1 100 долларга арзандаганы маалым болду.

Жеке типтеги эки бөлмөлүү үйлөр 100 долларга көтөрүлүп, 41 600 доллардан сатылууда. Ал эми ичин өзү жасап ала турган бир бөлмөлүү "элиткалардын" баасы 3 000 долларга түшкөн.

Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) канчадан сатылып жатканын көрсөтүп бердик.

Ачык маалымат булактарына таянсак, ноябрь айында Бишкектеги бир бөлмөлүү батирлердин баасы төмөнкүдөй болду:

  • 104-серия — 31 700 доллар (26 500дөн 35 500гө чейин);
  • 105-серия — 29 500 (23 500дөн 36 500гө чейин);
  • 106-серия — 33 000 (25 900дөн 42 500гө чейин);
  • мейманкана тибиндегилер — 7 000 (6 000ден 9 000ге чейин).

Бир бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:

  • Жеке типтегилери (18ден 52 чарчы метрге чейин) — 29 400 (16 500дөн 43 000ге чейин);
  • Өзү жасап ала тургандары (32ден 65 чарчы метрге чейин) — 28 000 (19 000ден 42 400гө чейин).

Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 37 600 доллар (31 500дөн 48 800гө чейин);
  • 105-серия — 42 500 (28 500дөн 52 500гө чейин);
  • 106-серия — 46 100 (34 800дөн 58 500гө чейин);
  • мейманкана тибиндегилер — 33 500 (23 200дөн 44 000ге чейин).

Эки бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:

  • Жеке типтегилери (41ден 99 чарчы метрге чейин) — 41 600 (22 500дөн 68 300гө чейин);
  • Өзү жасап ала тургандары (49дан 94 чарчы метрге чейин) — 46 100 (25 000ден 85 000ге чейин).

Үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 45 000 доллар (33 500дөн 60 000ге чейин);
  • 105-серия — 53 100 (24 000ден 73 000ге чейин);
  • 106-серия — 59 700 (40 800дөн 89 000ге чейин);
  • мейманкана тибиндегилер — 40 900 (23 000ден 51 000ге чейин).

Үч бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:

  • Жеке типтегилери (46дан 160 чарчы метрге чейин) — 54 200 (29 000ден 126 000ге чейин);
  • Өзү жасап ала тургандары (75тен 125 чарчы метрге чейин) — 73 300 (42 500дөн 120 000ге чейин).
0
Белгилер:
Бишкек, батир, баа, анализ, элитка
Тема боюнча
Ижарага батир издеп жүрөсүзбү? Ноябрдагы баалар