Байдендин ичегисинен ракка алып келет делген өсүндүнү алып салышты

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүСаммит G20 в Риме
Саммит G20 в Риме - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Операция жана андан кийинки калыбына келүү учурунда Байден өлкө башчылык милдетин вице-президент Камала Харриске өткөрүп берди.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байденге операция жасалып, медиктер анын организминен залалсыз түтүктүү аденома өсүндүсүн кесип алып салышты. Адистер өсүндү өзү зыянсыз болгону менен келечекте рак клеткаларын пайда кылышы мүмкүн экенин болжолдоп жатышкан. Бул тууралуу Ак үйдүн дарыгери Кевин О'Коннорго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Президент Байдендин ичегисинен үч миллиметрлик өсүндүнү алып салдык. Дал ушундай операция ага 2008-жылы дагы жасалыптыр. Негизи бул өсүндү залалсыз. Бирок медицинада ал келечекте рак клеткаларын пайда кылышы мүмкүн экени айтылат. Азыр ага эч бир кошумча операциянын кереги жок", — деди О'Коннор.
Белгилей кетсек, АКШ лидери өткөн аптада 79 жашка чыкты.
Операция жана андан кийинки калыбына келүү учурунда Байден өлкө башчылык милдетин вице-президент Камала Харриске өткөрүп берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0