Dior кытайлыктардан чуулгандуу сүрөт үчүн кечирим сурады. Чоо-жайы

© AFP / STEPHANE DE SAKUTINФранциялык Dior мода үйү. Архив
Франциялык Dior мода үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Буга чейин интернет колдонуучулар Dior мода үйүн азиат аялдын портрети үчүн сынга алган. Аны кытайлык сүрөтчү аял Чэнь Мэн тартып, эмгек Шанхайдагы көргөзмөгө коюлган.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Франциялык Dior мода үйү азиялык аялдын сүрөтү үчүн кечирим сурады, аны Кытайдагы социалдык тармактын колдонуучулары өзгөртүлгөн, жагымсыз кылып жасалган деп сындап, нааразы болгон. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.
​Маалыматта фотограф Чэнь Мань кечирим сурагандыгы да кабарланган.
"Dior дайымкысындай эле кытай элинин сезимине урматтоо менен мамиле жасайт, кытай мыйзамдарын катуу сактайт жана коомчулуктун алдына алып чыккан эмгектерди текшерип, макулдук берүүсү үчүн тиешелүү департаменттер кызматташат. Эгерде кандайдыр бир жаңылыштык кетип калса, аны угуп, өз учурунда оңдоого дайым даярбыз. Dior компаниясынын кытай коомчулугуна жана продукцияларыбызды пайдалануучуларга болгон ниети таза жана жаман ою жок", — деп айтылган билдирүүдө.
Фотограф өзү да кытайлык экендигин, мекенин сүйөрүн билдирген. Эмгектеринде Кытайдагы сулуулукту, маданиятты чагылдырууга кылган умтулуусу, анын берген ыкмасы анча өнүгө электигине жана жеткиликтүү берилбей калганына кечирим сураган.
Литвалык дизайнер Юозас Статквичюстун жаңы жаз-жай коллекциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Таң калычтуу кийимдер. Өзгөчө мода жумалыгынан 12 сүрөт
Коомчулуктун кыжырын келтирген эмгек Шанхай шаарындагы Lady Dior көргөзмөсүнө коюлган. Анда кытайдын улуттук кийимин кийген, бети сепкил, көзү бүтүйгөн, маңдай чачы эки бөлүнүп, калган бөлүгү аркасына түйүлгөн аял Lady Dior сумкасын кармап турат. Сол колунун эки манжасына учтуу кара тырмактар тагылган.
Жарнамалык кампаниянын айынан брендге аз жерден "бойкот" жарыяланып кете жаздады. Мисалы, Beijing Daily мамлекеттик гезитине "Dior мода үйүнүн баамында азиялык аял ушундайбы?" деген макала жарыяланды. Басылма франциялык фирмага каарын төгүп, сүрөт кытайлык керектөөчүлөрдү ыңгайсыз абалда калтырганын жазган.
Жаңылыктар түрмөгү
0