Адис: COVID-19дун жаңы штаммы СПИД болгон адамда пайда болушу мүмкүн

© REUTERS / MOLLY DARLINGTONCOVID-19 тест лабораториясынын кызматкери. Архив
COVID-19 тест лабораториясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2021
Жазылуу
Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталып, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жума күнү чукул жыйын өткөргөн.
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Азырынча аталышы жок, бирок B.1.1.529 деп белгиленип жаткан коронавирустун жаңы түрү алгач СПИД менен ооруган адамдын организминде пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу россиялык иммунолог Николай Крючков "Ридус" басылмасына билдирди.
Эске салсак, Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталгандыгына байланыштуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жума күнү чукул жыйын өткөргөн.
Коронавирустун жаңы түрү аныкталганына байланыштуу Улуу Британия менен Израилде Түштүк Африкага каттамдар токтотулган.
"Жаңы вариант тууралуу азырынча көп нерсе белгисиз. Бирок окумуштуулар бул мутация ВИЧ-инфекциясын жуктурган адамдын организминде болгон деп божомолдоп жатышат. Болгондо дагы оорусу күчөп кеткен адамда. Жаңы штамм пайда болгон Түштүк Африкада СПИД илдетине чалдыккан адамдар көп болгондуктан, бул туура божомол деп ишенип жатабыз", — деди дарыгер.
Pfizer вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2021
Кыргызстанда өспүрүмдөр Pfizer вакцинасын сайдырат. Кимдер алышы керек
Адис вирус өтө жугуштуу экенин айтып, ал вакцинага дагы туруштук бериши мүмкүн деп божомолдоодо.
"Бул вирус 32 жолу мутация болгон. Демек, өтө жугуштуу. Штаммдын бир бөлүгү "дельта", дагы бир бөлүгү "беттадан" турат. Курамында жаңы бөлүкчөлөр дагы бар", — деди Крючков.
Адис бул штамм дагы дүйнөгө тарап кетиши толук мүмкүн экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0