Окумуштуулар COVID-19ду эки секундада жок кыла турган ыкма ойлоп табышты

© REUTERS / Alissa Eckert, MS; Dan Higgins, MAM/CDC/HandoutРаспространение коронавируса нового типа в мире
Распространение коронавируса нового типа в мире - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Маалыматка караганда, сөз болуп жаткан ыкма медицинада буга чейин деле колдонулуп келген. Дарыгерлер аны рак клеткаларына каршы күрөшүүдө пайдаланышат.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Израилдик окумуштуулар радиотолкундар менен COVID-19ду эки секундда жок кыла турган ыкма тапканын айтып чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип "Известия" жазды.
Маалыматка караганда, сөз болуп жаткан толкун медицинада буга чейин деле колдонулуп келген. Дарыгерлер аны рак клеткаларына каршы күрөшүүдө пайдаланышат.
"Ариэль университетинин адистери радиотолкундар коронавируска кандай таасир этерин иликтеп көрүштү. Жыйынтыгында 10 миллиметрлик толкундар COVID-19ду эки секунд ичинде жок кылары белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Лаборатория кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
ДССУ коронавирустун жаңы штаммынан улам дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды
Бирок окумуштуулар радиотолкундар вирусту бөлмөнүн ичинде, буюм-тайымдын үстүндө жок кылуу үчүн гана колдонууну көздөп жатышат. Анткени бул толкундар адамдын организмине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Адистер азыр имараттын ичинде вирустарды жок кылуу үчүн ультракызгылт көк нурлары колдонулуп келгенин айтышты. Анткен менен лампалар бир нече мүнөт, айрым учурда бир саатка чейин иштеп турушу керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0